Sign In
Геомаалыматтык кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы евразия тобу орбитага чыгууда

Геомаалыматтык кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы евразия тобу орбитага чыгууда

13.07.20

13-июлда ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн Жерди алыстан байкоо (ЖАБ) маалыматтарынын негизинде космостук жана геомаалыматтык кызматтарды көрсөтүү жаатындагы алгачкы глобалдык кооперациялык долбоорун – Бирликтин мүчө мамлекеттери үчүн пилоттук болуп саналган мамлекеттер аралык программаны жактырды. Эми аны баштоо үчүн акыркы кадам калды – Өкмөттөр аралык кеңеш тарабынан бекитүү, ал ушул жылдын 17-июлунда күтүлүүдө.

"Бирликтин өлкөлөрүнүн президенттеринин тапшырмасынан кийин космостук ведомстволордун жана алдыңкы космостук техника өндүрүүчүлөрүнүн өкүлдөрү бул мамлекеттер аралык программаны иштеп чыгуунун үстүнөн биргеликте эмгектеништи. Натыйжада чындыгында сапаттуу жана аягына чыгара иштелип чыккан перспективалуу документ даяр болду", – деди Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян.

Жерди космостон алыстан байкоо технологиялары планетабызды изилдөөнүн өтө так жана ыкчам аспабы болуп саналат жана анын ресурстарын натыйжалуу башкарууга жардам берет. Бүгүнкү технологиялар пайдалуу кендерди чалгындоо жана казып алуунун, айыл чарбага жаңы иш-тажрыйбаларды киргизүүнүн, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюунун, айлана-чөйрөнү коргоонун жана климаттын өзгөрүшүн контролдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн уникалдуу чечимдерди сунуш кылат. Аба ырайы ага негизделип түзүлүүчү маалыматтын дээрлик 80% космостон алынат.

Жердин орбитасында баары болуп алыстан байкоо менен алектенген 500 чамасындай спутниктер бар. Ал эми жакынкы келечекте аларга евразия тобу кошулушу мүмкүн.

Аталган мамлекеттер аралык программаны 2021-2025-жылдар аралыгында ишке ашыруу каралган. Бул үчүн Бирликтин өлкөлөрү жана Комиссия биргеликте үч баскычтан өтүшү зарыл. Биринчи баскычта – Бирликтин өлкөлөрүнүн спутниктеринин учурдагы жана перспективадагы топторун бириктирүү. Натыйжада көзөмөлдөнүп жаткан аймактын аянтын каптоо олуттуу түрдө чоңоёт, байкоонун мезгилдүүлүгү жана керектөөчүлөргө керектүү маалыматтарды берүүнүн ыкчамдуулугу жогорулайт. Бириккен спутник ресурстарынын дүйнөлүк космостук рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулайт.

Экинчи баскычта ЕАЭБ өлкөлөрү бирдиктүү маалымат порталын – бириккен космостук сүрөткө тартуу материалдары боюнча маалыматтар банкын түзүшөт, маалыматтарды кабыл алуу жана иштетүүнүн жердеги улуттук комплекстерин модернизациялашат. Бул Бирликтин мамлекеттеринин экономикасынын ар түрдүү секторлорундагы керектөөчүлөргө көрсөтүлүп жаткан геомаалыматтык кызматтардын сапатын олуттуу түрдө жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Мамлекеттер аралык программанын аяккы баскычы орто жана жогорку уруксаттагы космостук аппараттардын негизинде Бирликтин өлкөлөрүнүн биргелешкен ЖАБ космостук тутумун түзүү болмокчу. Аларды иштеп чыгуу жана өндүрүү мүчө мамлекеттердин ишканаларынын кооперациясында ишке ашырылмакчы. Биргелешип өндүрүлгөн перспективдүү космостук аппараттардын мүнөздөмөлөрү эң мыкты дүйнөлүк үлгүлөргө шайкеш келмекчи, ал эми айрым параметрлер боюнча алардан да ашып түшмөкчү.

Мамлекеттер аралык программа бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин артыкчылыктарын натыйжалуу колдонууга, Бирликтин өлкөлөрүнүн өнөр жайлык, илимий-техникалык жана маркетингдик мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүүгө, Бирликтин бардык мамлекеттерин, анын ичинде космостук аппараттары жок Арменияны жана Кыргызстанды долбоордун үстүнөн ишке катышууга тартууга жана натыйжада Мамлекеттер аралык программанын бардык катышуучулары үчүн жеткиликтүү болгон бир кыйла чоңураак жалпы натыйжаны алууга мүмкүндүк берет.​