Sign In
ЕЭКте техникалык жөнгө салуу боюнча министр жана өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министр дайындалды

ЕЭКте техникалык жөнгө салуу боюнча министр жана өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министр дайындалды

13.09.18
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин башчыларынын чечими менен Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын жаңы мүчөлөрү дайындалды: Виктор Владимирович Назаренко – ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри, Александр Михайлович Субботин – ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри болду.
ЕЭК министри Виктор Назаренко 12-сентябрдан баштап, ЕЭК министри Александр Субботин – 13-сентябрдан тарта өз милдеттерин аткарууга киришишти. Коллегиянын эки мүчөсү тең ЕЭКтеги Беларусь Республикасынын өкүлдөрү.
Эскерте кетсек, Комиссиянын Коллегиясы он кишиден турат. Бирликтин ар бир өлкөсүнөн ЕЭК Коллегиясынын эки мүчөсү болот. ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары тууралуу толугураак маалымат.
Виктор Назаренко техникалык жөнгө салуу, сертификаттоо, метрология, сапатты  башкаруу (менеджменттөө), илимий жана окутуучулук иш, ошондой эле мамлекеттик кызмат жаатында чоң иш тажрыйбага ээ. «Гомсельмаш» өндүрүштүк бирикмесинде мастерликтен тартып, Беларусь Республикасынын Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагалыгына чейинки эмгек жолун басып өткөн, анда 2012-жылдан тартып жетекчилик кылган. Стандартташтыруу, шайкештикти баалоо жана энергиянын натыйжалуулугу маселелери боюнча бир катар илимий иштердин автору, ошондой эле техникалык продукциянын шайкештигин баалоо жана сапат менеджменти тутумун сертификаттоо жаатында эксперт-аудитор.
Александр Субботин Беларусь Республикасынын Президентинин жардамчысы – Витебск областы боюнча инспектор, Беларустун айыл чарба жана азык-түлүк министринин орун басары болуп иштеген. Андан тышкары, анын Витебск мамлекеттик ветеринардык медицина академиясында алган көп жылдык илимий стажы бар. Биология илимдеринин доктору, профессор, биология, паразитология, экология маселелери боюнча бир катар илимий иштердин автору.