Sign In
ЕЭК коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Биримдиктин үчүнчү өлкөлөр менен экономикалык байланышын өнүктүрүү маселесин талкуулашкан

ЕЭК коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Биримдиктин үчүнчү өлкөлөр менен экономикалык байланышын өнүктүрүү маселесин талкуулашкан

14.03.17

ЕЭК коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен РФ тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушуусу болуп өттү. Тараптар Евразия экономикалык биримдигин өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелерди, ошондой эле ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөр жана интеграциялык бирикмелер менен мамилелерин өркүндөтүү келечегин талкуулашкан.

Тигран Саркисян тышкы катышуучулар Биримдик менен кызматташууга кызыгуусун арттырып жаткандыгын белгилеп кеткен. «ЕАЭБдин тышкы соода иши күч алууда. Биримдикке кызыгуу артууда, бизге соода-экономикалык мамилелерди түзүү боюнча билдирмелер келип түшүүдө, эң оболу эркин соода аймагы жөнүндө келишимди түзүүгө кызыгуу бар , – деп ЕЭК коллегиясынын төрагасы Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуушусунда белгилеген. Тигран Саркисяндын айтымында Биримдиктин тышкы экономикалык иштеги артыкчылыктарын аныктоо алгачкы милдеттерден болуп саналат.  

Сергей Лавров өлкө башчылары, тышкы иштер министрлери тарабынан бул теманы эл аралык уюмдарда жигердүү илгерилетүүгө жана ЕАЭБдин эл аралык аброюн чыңдоого багытталган бир катар чечимдер кабыл алынгандыгын белгилеп кеткен.  «Бул иш абдан маанилүү деп эсептейбиз , – деди  РФ тышкы иштер министри. –  Дүйнө жүзүндө интеграциялык процесстер күч алууда, айрыкча регионалдык интеграциялоо жагында. Бирдиктүү глобалдык системаны, анын ичинде Бүткүл дүйнөлүк соода алкагында аталган системаны сактап туруу маанилүү дегенден улам, биз алардын өнүгүүсү үчүн салым кошобуз