Sign In
Жогорку Евразия экономикалык кеңеши ЕЭКке бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндө жаңы ыйгарым укуктарды берди

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши ЕЭКке бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндө жаңы ыйгарым укуктарды берди

14.04.17

14-апрелде Бишкекте (Кыргыз Республикасы) Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин катышуусу менен Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) отуруму болуп өттү. ЖЕЭК отурумунда Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон катышты.

ЕАЭБтин бирдиктүү бажы аймагында бажылык жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, олуттуу өнөктөштөр менен тышкы экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, 2017- жана 2018-жылдарга Биримдик өлкөлөрүнүн макроэкономикалык багыттары боюнча маселелер талкууланды, кадрдык чечимдер кабыл алынды.

Отурумду ачып жатып, ЖЕЭК Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев билдиргендей, 2017-жылы ЕАЭБтин ишинин негизги артыкчылыктарынын бири бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болушу керек.

Мүчө мамлекеттердин башчылары Молдова Республикасынын ЕАЭБте байкоочу статусун алууга ниетин колдошту. 

Ошол эле учурда Евразия экономикалык комиссиясына Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги отурумуна карата байкоочу-мамлекеттин статусу жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана сунуштоо тапшырмасы берилди.  Бул ЕАЭБ менен соода-экономикалык кызматташтыкка умтулган мамлекеттерге техникалык регламенттердин, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдүн ченемдеринин үстүндө иш жөнүндө кенен маалымат алууга, документтер иштелип жаткан баскычта эле ЕАЭБ талаптарына көнүүгө мүмкүндүк берет.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун өзөктүү темаларынын бири үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык мамилелер болду. Тигран Саркисян ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин башчыларына Комиссиянын 2015-2016-жылдары өлкөлөр, аймактык жана эл аралык бирикмелер менен тышкы экономикалык байланыштарды өнүктүрүү боюнча иштери туурасында баяндаманы сунуштады.  ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы белгилегендей, эл аралык күн тартипти жүзөгө ашырууда Комиссия негизги өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү Биримдик өлкөлөрүнүн бизнесинин кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүүдө. 

2017-жылы ЕЭК жети-сегиз өлкө, анын ичинде Кытай, Сингапур, Индия, Израиль, Египет жана Иран менен макулдашууларды ишке ашырууга көңүл бурууну пландаштырат. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча жеңилдетилген соода режимдеринин ар кандай форматтарын, анын ичинде эркин соодалашуу аймактарын түзүү каралган макулдашуулар түзүлөт. 

Мүчө мамлекеттердин башчылары ЕАЭБтин Бажы кодекси тезирээк күчүнө кирүүсүнүн маанилүүлүгүн жана өз ара соодада тоскоолдуктарды алып салуунун зарылдыгын тастыкташты.

Президенттер Комиссиянын Кеңешин жана ЕЭК Коллегиясын Биримдиктин бирдиктүү бажы аймагында бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндө бир катар жаңы ыйгарым укуктарды берди. Евразия экономикалык комиссиясы 279 маселелер боюнча чечим кабыл алат, алардын ченемдери кабыл алынган Бажы кодексинде көрсөтүлгөн.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен ЕЭК Коллегиясынын эки мүчөсүнүн - Тимур Сулейменовдун жана Нурлан Алдабергеновдун ыйгарым токтотулду, алар Коллегиянын ишине  Казакстан Республикасынын атынан катышышкан жана эми башка кызматтарга которулган.

ЕЭК Коллегиясынын Казакстан Республикасынын атынан жаңы мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр дайындалды: 
- Тимур Жаксылыков, анын компетенциясына экономика жана каржы саясатынын маселелери кирет; 
- Марат Кусаинов, ал атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу маселелери менен алектенет.