Sign In
COVID-19 пандемиясына байланыштуу Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөлөрүнүн биргелешкен билдирүүсү

COVID-19 пандемиясына байланыштуу Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөлөрүнүн биргелешкен билдирүүсү

14.04.20

Биз, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөлөрү,

биздин өлкөлөрдүн ортосундагы саясий, экономикалык, социалдык жана тарыхый тыгыз байланыштарды эске алуу менен,

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде бекитилген максаттарды жана принциптерди жактоочулукту тастыктоо менен,

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан пандемия деп жарыяланган жана коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал катары мүнөздөлгөн COVID-19 коронавирустук инфекциясы калктын мобилдүүлүгүнүн олуттуу төмөндөшүнө алып келип жаткандыгын, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен соода жүргүзүүнү татаалдантып, глобалдык каржы жана чийки зат рынокторунда өзгөрмөлүүлүктү пайда кылып, дүйнөлүк жана регионалдык экономикалар үчүн дезинтеграциялануу тобокелдиктерин жаратып жаткандыгын эске алуу менен,

COVID-19 пандемиясынын шарттарында мамлекеттерибизди колдоонун жана дүйнөлүк коомдоштуктун адамдардын саламаттыгын жана бакубатчылыгын камсыз кылуу боюнча жамааттык иш-аракеттеринин маанилүүлүгүн баса белгилөө менен,

бул жалпы коркунучка биргелешип туруштук берүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө чечкиндүүлүгүбүздү билдирүү менен,

төмөнкү тууралуу билдиребиз:

COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жоюу, интеграциялык кызматташтыктын жетишилген деңгээлин сактоо жана Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин андан аркы экономикалык өнүгүүсүн сактоо, өлкөлөрүбүздө социалдык жана макроэкономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылуу, ишкердик жана инвестициялык активдүүлүктү сактоо үчүн ынтымактуу ишти улантууга даярдыгыбызды тастыктайбыз.

COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү жолго коюлган кооперациялык байланыштардын үзүлүшүнө, эл аралык сооданын токтошуна, инвестициялык ишмердиктин токтошуна алып келбеши керек деп бекем ишенебиз.

Бардык мамлекеттерди эл аралык кызматташтыкты колдоого, ишенимди бекемдөөгө, куралдуу чыр-чатактарды, соода согуштарын, бир тараптуу каржылык жана экономикалык санкцияларды токтотууга жана эл аралык укук нормаларын милдеттүү түрдө сактоого чакырабыз.

Эл аралык коомдоштуктун биримдигин жана дүйнөлүк экономиканын стабилдүүлүгүн, товарларды, анын ичинде социалдык маанилүү товарларды, азык-түлүк, медициналык жабдууларды жана препараттарды, медициналык жеке коргонуу каражаттарын эркин өткөрүү принцибинин сакталышын колдойбуз. Биздин мамлекеттер тарабынан кабыл алынып жаткан ыкчам жана тутумдук мүнөздөгү чаралар COVID-19 пандемиясынын биздин өлкөлөрдүн экономикаларына таасирин жумшартууга жана бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин ишин камсыз кылууга багытталган. COVID-19 пандемиясынан улам бүткүл дүйнөдө киргизилген чектөөлөр аргасыз чара болуп саналат жана адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтар токтогондо жоюлат деп ишенебиз.

COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында бири бирибизге керектүү жардам көрсөтүүнү, саламаттыкты сактоо тутумун бекемдөөнү, инфекциялардын алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоо каражаттарын иштеп чыгуу жаатындагы биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү, эпидемияларга каршы таасирденүүдө өз ара аракеттенүү алгоритмдерин мыктылоону улантууну көздөйбүз.

Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин өкмөттөрүнө, борбордук (улуттук) банктарына жана Евразия экономикалык комиссиясына COVID-19 коронавирустук инфекциясынын алдын алуу жана анын таралышын болтурбоо, биздин экономикалык кызматташтыкты бекемдөө, ички рыноктордун, анын ичинде азык-түлүк рыногунун туруктуу иштөөсүн сактоо, COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жеңүү үчүн биздин мамлекеттердин жарандарын жана бизнесин колдоо боюнча координацияланган чараларды ишке ашырууну тапшырабыз.

Интеграциянын артыкчылыктары биздин өлкөлөргө жана элибизге бул сыноону баштан татыктуу өткөрүүгө жардам берет деп бекем ишенебиз.

Беларусь Республикасынын Президенти, ЖЕЭК Төрагасы А.Г.Лукашенко

Армения Республикасынын Премьер-министри, ЖЕЭК мүчөсү Н.В.Пашинян

Казакстан Республикасынын Президенти, ЖЕЭК мүчөсү К.К.Токаев

Кыргыз Республикасынын Президенти, ЖЕЭК мүчөсү С.Ш.Жээнбеков

Россия Федерациясынын Президенти, ЖЕЭК мүчөсү В.В.Путин​​