Sign In
ЖЕЭКтин жыйынтыктары: Молдовага ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекет статусу берилди, Бирликтин өлкөлөрү туруктуу экономикалык өнүгүү, үчүнчү өлкөлөр менен өз ара аракеттенүү үчүн негизди бекемдешүүдө, санариптик күн тартибин жүзөгө ашырууда, кызматтардын би

ЖЕЭКтин жыйынтыктары: Молдовага ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекет статусу берилди, Бирликтин өлкөлөрү туруктуу экономикалык өнүгүү, үчүнчү өлкөлөр менен өз ара аракеттенүү үчүн негизди бекемдешүүдө, санариптик күн тартибин жүзөгө ашырууда, кызматтардын би

14.05.18

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) 14-майда Сочиде (Россия) өткөн отурумунун жүрүшүндө интеграция, макроэкономика, соода, санариптештирүү, кызматтарды көрсөтүү рыногу, транспорт, агроөнөр жай комплекси, техникалык жөнгө салуу чөйрөлөрүндө бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды.

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) беш өлкөнүн өкмөттөрү менен бирге интеграциялык биригүүнү тереңдетүү жөнүндө декларацияны даярдоодо жана Жогорку экономикалык кеңештин кезектеги отурумунда бул документти ЖЕЭКтин мүчөлөрүнө талкуулоо үчүн берет. Бул жөнүндө ЕЭКтин Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян отурумдун жыйынтыгы боюнча билдирди.

Иш чарага Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян катышышты. Отурумга Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон да катышты.

Отурумду ачуу менен ЖЕЭКтин төрагасы Владимир Путин россиялык төрагалык кылуу бүт бойдон Бирликти бекемдөөгө, “бешилтиктин” өлкөлөрүнүн экономикаларын жакындаштырууга кошумча импульс берүүгө, а башкысы – мамлекеттерди бардык тараптан өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүгө умтулганын баса белгиледи. Россиянын Президентинин сөзү боюнча, приоритеттердин арасында товарлар менен кызматтарды көрсөтүүнүн бирдиктүү рыногун түзүү боюнча аракеттерди арттырууну, соода инвестициялык байланыштарды андан-ары өнүктүрүүнү, өндүрүштүк жана технологиялык кооперацияны бекемдөөнү өзгөчө бөлүп көрсөтүү керек. Россия Федерациясынын башчысы «өлкөлөрүбүздүн валюталык-каржылык жана акча-кредиттик саясатын жакындаштырууга, жаңы, дагы да натыйжалуу транспорттук жана логистикалык тизмектерди түзүүгө багытты улантуу зарыл» деп эсептейт.

Бул багыттардын көбү боюнча олуттуу жетишкендиктер бар. «Жалпысынан Евразия экономикалык бирлиги өтө динамикалуу өнүгүүдө, - деп белгиледи Владимир Путин. - Мисалы, 2017-жылы катышуучу мамлекеттердин дүң ички өнүмү 1,8%га өстү, өнөр жай өндүрүшү 1,7%га, а айыл чарбасы - 2,5%га көбөйдү».
 
Андан тышкары, бардык мамлекеттерде инфляциянын деңгээли Бирлик боюнча орточо 3,1%га чейин төмөндөдү. Тышкы жана ички сооданын абалы жакшырды. Үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна товарларды жана кызматтарды берүү 24,4%га, ал эми ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы товар жүгүртүү 26%дан көбүрөөк өстү.

Владимир Путиндин пикири боюнча, интеграциялык процесстерди мындан ары да өнүктүрүү маанилүү. «Кызматташууну арттыруу үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр атом энергетикасында, орду толтурулуучу энергия булактары тармагында, экологияда, медицинада, космосто ачылууда», - деди мамлекет башчысы. Бул алдынкы тармактарда өндүрүштүк кооперацияны кеңейтүү, жаңы технологиялардын жана ноу-хаунун үстүнөн биргелешип иштөө, дүйнөлүк экономиканын, глобалдык технологиялык өнүгүүнүн талаптарына жооп берчү инновацияларды киргизүү маанилүү.

Приоритеттүү көңүл мурдагыдай эле товарлардын, капиталдардын, жумушчу күчүнүн эркин орун которуштуруу жолундагы калган чектөөлөрдү жана алып коюуларды четтетүүгө, ЕАЭБдин санариптик күн тартибин жүзөгө ашырууга бөлүнмөкчү. «Ишкердик активдүүлүктү, анын ичинде ишкер чөйрөлөр менен системдүү иштин жана алардын каалоолорун эске алуунун эсебинен өнүктүрүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталмакчыбыз», - деди РФ Президенти.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян белгилегендей, азыр аларга карата өлкөлөр макулдашууга келише албаган 60тай бөгөттөр жана тоскоолдуктар бар. Бирок бул проблемаларды чечүүгө саясий эрктин болушу өтө маанилүү. «Президенттер дайыма улуттук өкмөттөрүбүз өз өндүрүүчүлөрүн коргоо боюнча улуттук эгоизмден арылуу жана рыноктун бардык катышуучулары үчүн бирдей атаандаштык шарттары болушу үчүн бул бардык тоскоолдуктарды, алып коюуларды жана чектөөлөрдү алуу жолу менен интеграциялык биригүүбүздү тереңдетүүнүн зарылдыгын баса белгилешет. Жана бул маселелер биздин Комиссиянын көңүл чордонунда болмокчу», - деди Тигран Саркисян.

ЕАЭБдеги 66 тоскоолдук боюнча аларды жеңүү керектигин түшүнүү бар. Өткөн жылы ЕЭК 13төй тоскоолдукту ала алды. Быйыл Комиссия ондой тоскоолдукту четтетүүнүн үстүнөн иштемекчи.


ЖЕЭК ЕАЭБге караштуу байкоочу-мамлекеттин статусу жөнүндө жобону бекитти жана бул статусту Молдова Республикасына берүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бирликке караштуу байкоочу-мамлекет статусу ЕАЭБ жөнүндө Келишимдин 109-беренесинде каралган. Жобого ылайык, мындай статусу бар мамлекеттин өкүлдөрү чакыруу боюнча ЕАЭБдин органдарынын отурумдарына чечимдерди кабыл алууга катышуу укугусуз катышып жана Бирликтин органдары тарабынан кабыл алынуучу конфиденциалдуу эмес мүнөздөгү документтерди ала алышат. Байкоочу статусуна ээ мамлекет Бирликтин жана катышуучу мамлекеттердин кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү ар кандай аракеттерден карманууга милдеттүү.


Орто мөөнөттүү мезгилге экономикалык саясаттын приоритеттүү максаттары болуп экономикалык өсүштү калыбына келтирүү процессин активдештирүү жана Бирликтин өлкөлөрүн туруктуу экономикалык өнүктүрүү үчүн базисти түзүү саналат. Бул максаттарга жетүү ЕАЭБдин алкагында биргелешкен чараларды, ошондой эле жагымдуу макроэкономикалык шарттарды түзүү үчүн өлкөлөр тарабынан кабыл алынуучу улуттук чараларды жүзөгө ашырууну, инвестициялык активдүүлүккө түрткү берүүнү, ишкер климатты жакшыртууну, экономиканын реалдуу секторунда өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүнү карайт.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө макроэкономикалык саясатты жүргүзүүдө негизги багыттамаларды эске алуу сунушталган. Комиссия Бирликтин мамлекеттери тарабынан макроэкономикалык саясат тармагында кабыл алынуучу чараларга алардын бекитилген багыттамаларга ылайыктуулук көз карашынан талдоо жүргүзөт.  

ЖЕЭКтин мүчөлөрү Бирликтин 2025-жылга чейинки санариптик күн тартибин жүзөгө ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Атап айтканда, санариптик күн тартибин жүзөгө ашырууну баштоо үчүн жетиштүү ченемдик база калыптандырылганы белгиленди, приоритеттүү багыттар боюнча санариптик кайра түзүүлөрдү жеткире иштөө үчүн чөйрө калыптанууда, эксперттик аянтчалар түзүлүүдө, демилгелер жана долбоорлор талкууланууда.  

Комиссияга караштуу санариптик демилгелерди башкаруу офиси бизнестен жана мүчө мамлекеттердин бийлик органдарынан келип түшкөн 10дон ашуун сунуштарды караштырууда. Атап айтканда, алар санариптик байкалуучулук (анын ичинде идентификациялоо) системасынын иштөөсүнө жана өнүгүүсүнө; ЕАЭБ өлкөлөрүндө электрондук коштоочу документтерди киргизүүгө жана аларды өз ара таанууга; Евразиялык электрондук эмгек биржасын, тармактык санариптик платформалардын адистештирилген венчурдук фондун, санариптик Евразиялык транспорттук коридорду, өнөр жайлык кооперация тармагын жана жармакташ контрактацияны ж.б. түзүүгө тийиштүү.

Биринчи келип түшкөн демилге – ЕАЭБде электрондук коштоочу документтерди киргизүү жана өз ара таануу боюнча изилдөө башталуу процессинде турат. Товарлардын кыймылынын санариптик байкалуучулук системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө тийиштүү сынамык долбоорлор боюнча иш башталды. Маалыматтардын экономикасы маселелери, жөнгө салуучу “кум аянтчалары” жана санариптик күн тартибинин башка приоритеттерин жүзөгө ашыруу боюнча эксперттик аянтчалар өнүктүрүлүүдө.
ЖЕЭК Бирликтин үчүнчү мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык интеграциялык бирикмелер менен эл аралык келишимдерин түзүү, токтотуу жана токтото туруу тартиби жөнүндө макулдашууну жактырды.

Эл аралык келишимди түзүү жөнүндө сунушту ЕАЭБ өлкөсү, Комиссиянын Кеңешинин мүчөсү – Бирликтин өлкөлөрүнүн биринин вице-премьер-министри же үчүнчү тарап киргизүүгө укуктуу. ЕЭК Коллегиясы бул маселени демилгелөө өтүнүчү менен Комиссиянын Кеңешине кайрыла алат.  
Эгерде бардык мүчө мамлекеттер мындай келишимди түзүү жөнүндө сунушту кароого даяр болушса, анын экономикалык максатка ылайыктуулугунун алдын-ала талдоосун ЕЭК Коллегиясына караштуу тийиштүү консультативдик органдар жүргүзөт. Преференциалдык соода макулдашуусун мүмкүн болуучу түзүүнүн алдында долбоорду биргелешкен изилдөө тобу талдайт.

Эл аралык келишимдерге кол коюу, аракетин токтотуу же токтото туруу жөнүндө чечимди Жогорку Евразия экономикалык кеңеши (ЖЕЭК) кабыл алат.

Евразия экономикалык бирлигинин 2017-жылга эл аралык ишмердигинин негизги багыттарын жүзөгө ашыруу жөнүндө баяндаманын олуттуу тыянактарынын арасында: ЕАЭБ эл аралык кызматташууну бекемдөөгө ырааттуу багытты жүргүзүүдө, ал эми эл аралык өз ара аракеттенүүнүн калыптанган системасы экспорттун географиясын жана көлөмүн кеңейтүү, ошондой эле чет элдик инвестицияларды жана технологияларды тартуу боюнча милдеттерди комплекстүү чечүүгө мүмкүндүк берет.


Документ 2016-2017-жылдары Бирликтин мамлекеттеринин компетенттүү органдары жана ЕЭК тарабынан либералдаштыруу пландарынын аткарылышына мониторинг жана контроль жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча даярдалган. Ал Бирликтин өлкөлөрүндө жөнгө салуунун салыштырмалуу талдоосунун, профилдик жумушчу топтордун ишинин натыйжаларын, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди либералдаштыруунун ар бир планынын иш чараларын жүзөгө ашыруу боюнча алгоритми жана сунуштамалары менен негизделишин камтыйт.

Мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнө жана Комиссияга алар 2016-жылдын декабрында ЖЕЭКтин чечими менен бекитилген бул пландарды жүзөгө ашыруу боюнча ишти активдештирүү, ошондой эле тийиштүү иш чараларды белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу тапшырылган.


ЖЕЭКтин чечимине чейин мындай 43 сектор болгон. Мында Бирликтин өлкөлөрүнүн кызматтарды көрсөтүүнү соодалоо чөйрөсүндө мурда стратегиялык максатты - 2022-жылга ЖЕЭКтин 2016-жылдын декабрындагы чечими менен бекитилген дагы 18 секторду либералдаштыруу пландарын жүзөгө ашыруу аркылуу кызматтарды көрсөтүүнүн бирдиктүү рыногуна өткөрүүнү коюшкан. 

ЖЕЭКтин жаңы чечими рынокту 18 сектордун тогузу: кино- жана видеофильмдерди өндүрүү жана жайылтуу боюнча кызматтарды, менчик же ижарага алынуучу кыймылсыз мүлк менен байланышкан кызматтарды, операторсуз сейилдөөчү кемелердин ижарасы жана лизинги боюнча кызматтарды көрсөтүү менен толуктоого мүмкүндүк берди. Тизмекке жарнама тармагындагы кызматтарды, геология бөлүгүндөгү илимий консультативдик кызматтарды, туристтик кызматтарды, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүү да камтылган.

Бул чечим кабыл алынышы менен кызматтарды көрсөтүүнүн эми 52 сектору бирдиктүү рынок форматында иштей баштайт. Алар ЕАЭБ өлкөлөрүндө чектөөлөрсүз, алып коюуларсыз жана кошумча талаптарсыз жана шарттарсыз; бардык мүчө мамлекеттин аймагында юридикалык жак формасында кошумча уюштуруусуз; кызматтарды берүүчү тарабынан өз катышуучу өлкөсүндө алынган кызматтарды берүүгө уруксаттын негизинде; кызматтарды берүүчүнүн персоналынын квалификациясын автоматтык түрдө жана шартсыз таануу менен берилет.

Мына ошентип, 2021-жылга чейин мүчө мамлекеттерде көрсөтүлүүчү кызматтардын 60%дан ашуунун бирдиктүү рынок эрежелери боюнча берүү пландаштырылууда.


Бирликтин жаңы көмөкчү органдарына тийиштүү улуттук министрликтердин жана ведомстволордун башчылары, ошондой эле ЕЭК Коллегиясынын ишмердиктин бул багыттарына жооптуу мүчөлөрү (министрлери) киришет. Жетекчилердин кеңештери ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасынын аталган чөйрөлөрүндөгү ишин координациялоо үчүн кошумча аянтча болуп калышат.


Эң чоң натыйжаларды Кыргызстан жумушчу күчүнүн, товарлар менен кызматтарды көрсөтүүнүн кыймылынын эркиндигинен алган, ал, атап айтканда, ЕАЭБдин аймагында иштешкен кыргыз мигранттарынан Кыргызстанга акча которуулардын өсүшүнөн (2016-жылы - 1,9 млрд АКШ долл. – өлкөнүн ИДӨсүнөн дээрлик 30% жана кирешелеринен 102,3%), экспорттук-импорттук операциялардын өсүшүнөн көрүндү. Өлкөнүн ИДӨсүнүн түзүмүндө кызматтарды көрсөтүүнүн үлүшү да көбөйдү.

Армениянын ЕАЭБге катышуусу боюнча баяндамада өлкө Бирликтин ишине оңтойлуу кошулуу менен экономикалык пайда алып жатканы белгиленет. Мисалы, “масштаб натыйжасынан” улам Армениянын жана Бирликтин мамлекеттеринин өнөр жай продукциясын соодалоо көлөмү 2016-жылы 40,3%га өскөн. Ал эми 2017-жылдын жыйынтыктары боюнча – дагы 57,4%га өскөн. ЕАЭБ мамлекеттерине жана ЕЭКке ЕАЭБ алкагында интеграцияны андан-ары өнүктүрүүнүн багыттарын аныктоо ишинде баяндамадагы жоболорду эске алуу тапшырылды.