Sign In
ЕЭК агрардык саясат жана азык-түлүк коопсуздугу маселелери боюнча ФАО менен кызматташтыкты кеңейтүүдө

ЕЭК агрардык саясат жана азык-түлүк коопсуздугу маселелери боюнча ФАО менен кызматташтыкты кеңейтүүдө

14.08.19

14-августта Будапештте (Венгрия) ЕЭК Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботиндин ФАОнун башкы директорунун орун басары, Европа жана Борбордук Азия боюнча регионалдык өкүлү Владимир Рахманин менен жолугушуусунун жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) биргелешкен иш-чараларынын 2019 – 2023-жылдарга карата планы кабыл алынды.

Жолугушууда Беларусь Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Александр Пономарёв, Казакстан Республикасынын Венгриядагы Ыйгарым Укуктуу Элчиси Нурбах Рустемов жана Россия Федерациясынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Владимир Сергеев катышышты.

Иш-чаралардын планынын ишке ашырылышы ФАО менен агрардык саясат жана азык-түлүк коопсуздугу маселелери боюнча иш-тажрыйбалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Биргелешкен иш-чаралардын приоритеттүү багыттары катары өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо, мал чарбачылык жана жаныбарлардын саламаттыгын коргоо, азык-түлүк саясаты, ошондой эле эӊ жаңы агрардык технологиялар тармагында биргелешкен изилдөөлөрдү өткөрүү аныкталды.

Аталган багыттардын алкагында ФАО менен активдүү өз ара аракеттенүү чакан жана орто ишкердиктин субъектилеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, инновацияларды киргизүү аркылуу айыл чарбадагы кооперацияны өнүктүрүүгө, өкмөттүк эмес уюмдарды азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы чечимдерди кабыл алуу процессине тартууга мүмкүндүк берет. Фитосанитардык чаралар боюнча жаңы стандарттарды иштеп чыгуу жана учурдагы стандарттарды кайра кароо, биотехнологияларды жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана жаныбарларынын селекциясын өнүктүрүү, мүчө мамлекеттердин азык-түлүк өнүмдөрүнүн коопсуздугун жогорулатуу, агрардык-азык-түлүк экспортту кеңейтүү да кызматташтыктын натыйжалары болуп калмакчы.

Александр Субботин «иш-чаралардын планынын ишке ашырылышы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн макулдашылган агроөнөр жай саясатынын ар түрдүү багыттарынын алкагында эң мыкты тажрыйбаларды пайдалануу үчүн жакшы негиз болуп берет» деген ишеничин билдирди.

ЕЭК министри ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү ветеринардык жана фитосанитардык эрежелерди түзүү үчүн өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен, мүчө мамлекеттердин агрардык саясатынын негизги багыттары тууралуу айтып берди. Александр Субботин ФАОну Бирликтин чегинен сырткары ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылууга активдүү көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Тараптар жетишилген келишкендиктерди ЕЭК жана ФАОнун ортосунда түзүлгөн Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында практикалык ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Владимир Рахманин Евразия регионунун өлкөлөрү менен кызматташтыкты кеңейтүүнү жактады, ЕАЭБ өлкөлөрү менен ФАОнун ишинин негизги багыттары, ошондой эле үстүбүздөгү жылга пландаштырылган эң маанилүү иш-чаралар тууралуу маалымдады.