Sign In
ЕЭК Коллегиясы кагаз түрүндөгү ТКПларды жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн 2020-жылдын 1-ноябрына чейин узартты

ЕЭК Коллегиясы кагаз түрүндөгү ТКПларды жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн 2020-жылдын 1-ноябрына чейин узартты

14.10.19

14-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы өнөр жай кызматташтыгы, бирдиктүү кызмат көрсөтүүлөр рыногу, бажылык жана техникалык жөнгө салуу, транспорт жана инфраструктура, макроэкономика, ички рыноктун иши, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыгышты.

 

ЕЭК Коллегиясы транспорт каражаттарынын паспортторун (ТКП) кагаз түрүндө жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн 2020-жылдын 1-ноябрына чейин узартты. Кагаз ТКПларды электрондук паспорттор менен катар жол-жоболоштуруу боюнча өткөөл жоболор 2020-жылдын 1-ноябрына чейин узартылды. Буга чейин ЕАЭБ мамлекеттери жаңы электрондук паспортторду жол-жоболоштуруу тутумуна 2019-жылдын 1-ноябрына чейин өтүүсү каралган эле.

Өткөөл жоболорду узартуу жөнүндө чечим Беларусь Республикасынын демилгеси боюнча кабыл алынды жана Бирликтин мүчө мамлекеттеринин колдоосуна ээ болду. Бул тараптарга жеке жактарга таандык транспорт каражаттарына паспортторду жол-жоболоштурууга байланыштуу бардык мүмкүн болгон нюанстарды иштеп чыгууга, ошондой эле бардык кызыкдар түзүмдөрдүн, мисалы, банк тармагындагы же камсыздандыруу тармагындагы кызыкдар түзүмдөрдүн, электрондук паспорттор менен иштеген бардык тараптардын өз ара аракеттенүүсүн жолго коюуга мүмкүндүк берет.

Электрондук ТКПлар ЕАЭБдин бардык өлкөрүндө унаа ээлери үчүн зыянсыз аракетке киргизилмекчи. Транспорт каражатынын электрондук паспортуна толугу менен өтүү транспорт каражаттарын өз ара өткөрүүнү, жарандар үчүн аларды каттоо жол-жоболорун жеңилдетет, тутумдардын катышуучуларына техниканын жашоо циклин көзөмөлдөөгө, ал эми мамлекеттик органдарга – ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө бирдиктүү форматтагы маалыматтар базасын пайдаланууга мүмкүндүк берет.


Ошондой эле, ЕЭК Коллегиясынын чечими менен өзү жүрүүчү машиналарга жана техниканын башка түрлөрүнө да электрондук паспорттор менен катар кагаз паспортторду жол-жоболоштуруу үчүн өткөөл мезгилдер узартылды.


ЕЭК Коллегиясынын отурумунда Бирликтин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу маселеси каралды. Казакстан Республикасы Комиссиянын Коллегиясын Бирликтин укугуна ылайык милдеттүү сертификаттоодон бошотулган продукциянын шайкештигин милдеттүү тастыктоо жөнүндө талаптардын жоюлушу тууралуу маалымдады. Кеп болот аркандары, мунай жана газ куурлары үчүн түтүктөр, көтөрүүчү талдар, электр кыймылдаткычы бар көтөргүчтөр жана атайын лебёдкалар жөнүндө болууда.

 

Казакстан Республикасынын Техникалык жөнгө салуу жана метрология комитетинин «Улуттук аккредиттөө борбору» ЖЧШсы шайкештикти тастыктоо боюнча органдарга жогоруда айтылган кошумча талаптардын колдонулбашы жөнүндө түшүндүрмө кат жөнөткөн. Ошондой эле, Казакстан Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары товарлардын айрым категорияларына карата ЕАЭБдин актылары менен шайкеш келбеген ашыкча талаптарды республиканын мыйзамдарынан алып салуу боюнча иш алып барып жаткандыгы тууралуу айтылды.

Ошондой эле, тоскоолдуктардын жоюлушуна мониторингдин жүрүшүндө Комиссия ушул жылдын 11-октябрынан тарта Казакстан Республикасынын бир катар ишканаларынын (даяр балык продукциясын өндүрүүчү «J.F.M. company» ЖЧШ, эттен жасалган жарым фабрикаттардын өндүрүүчүсү «Айсберг ПВ» ЖЧШ, сүт продукциясын өндүрүүчү «Зенченко и К» КШ) Россияга продукцияны жеткирүүлөрүнө карата убактылуу чектөөлөр жоюлгандыгын каттады.

2019-жылдын январынан бери Бирликтин мүчө мамлекеттери Комиссия менен биргеликте 13 тоскоолдукту, анын ичинде он бөгөттү жана үч алып коюуну жойду. Үстүбүздөгү жылдын 14-октябрына карата Тоскоолдуктардын реестринде 18 бөгөт, 38 чектөө жана 14 алып коюу бар.


ЕЭК Коллегиясы бир катар сунуштамаларды кабыл алды.


Атап айтканда, кеме куруу жана кемелер үчүн себилдөөчү жабдууларды өндүрүү тармагында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кооперациялык кызматташтыгын өнүктүрүү жөнүндө сунуштаманы. Сунуштама Бирликтин өлкөлөрү үчүн приоритеттүү болуп саналган кеме куруу продукциясынын жана кемелер үчүн себилдөөчү жабдуулардын түрлөрү, ошондой эле аталган продукциянын өндүрүүчүлөрү жана кеме оңдоочу заводдор жөнүндө маалыматтын ЕЭКке көрсөтүлүшүн караштырат. Бул келечекте ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда катышууга даяр болгон кызыкдар өнөр жай ишканаларынын бирдиктүү тизмегин түзүүгө жардам берет.


Документте үч багыт боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү каралган. Биринчиден, Коллегия бажы аймагында продукциянын өндүрүшүн өнүктүрүүдө Бирликтин өлкөлөрүнүн экономикаларын модернизациялоонун приоритеттүү багыттарын эске алууну сунуш кылат. Экинчиден, Бирликтин аймагында үчүнчү өлкөлөрдөн алып келинген продукциянын аналогдорун өндүрүүнү уюштуруу жана өнүктүрүү сунуш кылынат. Үчүнчүдөн, ЕАЭБ өлкөлөрүнө кооперациялык өндүрүштүк чынжырларга Бирликтин башка өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүн тартуу сунушталат.

 

ЕЭК Коллегиясы мүчө мамлекеттерге транспорт жана инфраструктура тармагындагы биргелешкен долбоорлордун тизмегин түзүү үчүн сунуштарды Евразия экономикалык комиссиясына көрсөтүүнү сунуш кылды. Аталган тизмек атайын жумушчу топ тарабынан каралмакчы. Маанилүү интеграциялык долбоорлордун жыйындысын аларды эл аралык каржы институттарынын, анын ичинде ЕАӨБдүн катышуусунда каржылоо жөнүндө маселени кароодо эске алуу пландаштырылууда. Мындай иш ЕАЭБ мамлекеттеринин координацияланган транспорт саясатын ишке ашыруунун негизги багыттарын жана баскычтарын ишке ашыруу боюнча 2018–2020-жылдарга карата иш-чаралардын планы («жол картасы») менен каралган.

 

ЕЭК Коллегиясы курулуш тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун иши боюнча сунуштаманы кабыл алды.


ЕАЭБ мамлекеттерине курулуш тармагындагы кызматтарды көрсөтүүгө Бирликтин ар кайсы өлкөлөрүндө берилген уруксаттардын аталыштарынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу сунушталды.

 

Атап айтканда, кеп ЕАЭБдин бирдиктүү кызмат көрсөтүүлөр рыногунун инженердик изилдөөлөр, капиталдык курулуш объектилерин архитектуралык-курулуштук долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо тармагындагы кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө болууда. Сунуштамада кызмат көрсөтүүлөрдүн секторчолору жана Бирликтин мамлекеттериндеги уруксаттардын аларга тиешелүү аталыштары келтирилген.

Ошондой эле, ЕЭК Коллегиясы өлкөлөргө өтүнмө берүүчүгө, уруксаттын жана курулуш тармагындагы көрсөтүлүп жаткан кызматтын ээсине квалификациялык талаптарды шайкеш келтирүү боюнча тутумдук ишти алып барууну сунуштады.

 

Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишмердигинин товардык номенклатурасынын (ЕАЭБ ТЭИ ТН) бир түрдүү колдонулушун камсыз кылуу максатында ЕЭК Коллегиясы пландоочу-скреперди бирдиктүү ЕАЭБ ТЭИ ТНдин 8430 товардык позициясында классификациялады.

Пландоочу-скрепер пландоочу менен скрепердин гибриди болуп саналган, топуракты тегиздөө боюнча жер казуу иштери үчүн арналган, өзү жүрбөөчү жер казгыч-транспорттук машина болуп саналат.


ЕЭК Коллегиясы магний камтыган препаратты ЕАЭБ ТЭИ ТНдин 2106 товардык позициясында классификациялады.


Препарат жогорку кыжырдангычтык, уйкунун бузулушу, ичеги-карын спазмалары, жогорку чарчагычтык, булчуң оорулары жана спазмалары, булчуңдардагы сайгылашкан оору сезимдери сыяктуу симптомдор менен коштолгон магнийдин аныкталган жетишсиздигинде, изоляцияланган же башка жетишсиздик абалдарында колдонулат.