Sign In
ЕАЭБ жана АСЕАН соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүүдө

ЕАЭБ жана АСЕАН соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүүдө

14.11.18

14-ноябрда Сингапур шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ассоциациясынын (АСЕАН) генералдык катчысы Лим Джок Хой ЕЭК жана АСЕАНдын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Меморандумга кол коюу аземи ассоциациянын катышуучу өлкөлөрүнүн лидерлеринин жана Россия Федерациясынын Президенти, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Төрагасы Владимир Путиндин катышуусунда болуп өттү.
ЕЭКтин АСЕАН менен түзгөн меморандуму бүткүл Евразия контитентинин масштабында интеграциялык блоктордун өз ара аракеттенүүсү маселелеринин кеңири спектрин талкуулоо боюнча диалог аянтчасын калыптандыруу үчүн фундамент түзөт.
«Меморандумдун түзүлүшү ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин жана АСЕАНдын катышуучу өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү ар тараптуу кеңейтүүгө өбөлгө түзөт», – деп Тигран Саркисян кол коюу аземинен кийинки прессага чыгып сүйлөөнүн жүрүшүндө журналисттерге айтып өттү.
Тараптар бажылык жөнгө салуу жана соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, санитардык жана фитосанитардык чаралар, техникалык жөнгө салуу, электрондук соода, кызмат көрсөтүүлөр менен соода жүргүзүү жана инвестициялар, ошондой эле ишкердикти өнүктүрүү сыяктуу багыттар боюнча кызматташат. Бул, биринчи кезекте, микро-, кичи жана орто ишканалардын деңгээлиндеги туруктуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүп берет.
Форумдун алкагында ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын Сингапур Республикасынын Премьер-министри Ли Сянь Лун менен болгон жолугушуусу орун алды. Тараптар Евразия экономикалык комиссиясы менен Сингапурдун ортосунда эркин соода аймагын түзүү жөнүндө келишимди түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдүн процессиндеги алга жылууну белгилешти. Алардын пикири боюнча, документке кол коюу өз ара товар жүгүртүүнүн, инвестициялардын, ошондой эле капиталдык салымдар жана технологиялар менен алмашуунун өрчүшүнө түрткү болушу мүмкүн.
Маалымат
ЕЭК жана АСЕАНдын катчылыгы уюмдардын жетекчилеринин деңгээлиндеги өз ара аракеттенүүнү 2014-жылдан бери алып барат. 2016-жылдан тарта ЕАЭБ менен Вьетнамдын ортосундагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишим аракеттенип келет. Эскерте кетсек, Сингапур менен ЭСА жөнүндө келишимди түзүү перспективалары 2016-жылдын май айында ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын Сингапур Республикасынын Премьер-министри Лу Сянь Лун менен болгон жолугушуусунун жүрүшүндө талкууланган, жана анын натыйжалары боюнча бул тректи өнүктүрүүгө кызыгуу бар экендиги белгиленген. Ошондо эле, ЕЭК жана Сингапур Республикасынын өкмөтү ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.
АСЕАНдын курамына Бруней, Вьетнам, Индонезия, Камбоджа, Лаос, Малайзия, Мьянма, Сингапур, Таиланд, Филиппиндер кирет.