Sign In
ЕЭК Кеңеши "Евразия өнөр жай кооперациясы, субконтрактация жана технологиялар трансфери тармагы" долбоорунун жалгыз операторун тандоонун тартибин бекитти

ЕЭК Кеңеши "Евразия өнөр жай кооперациясы, субконтрактация жана технологиялар трансфери тармагы" долбоорунун жалгыз операторун тандоонун тартибин бекитти

Варданян-Совет ЕЭК-13_07_2020.jpg
14.07.20

13-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда "Евразия өнөр жай кооперациясы, субконтрактация жана технологиялар трансфери тармагы" долбоорун ишке ашырууда жалгыз операторду тандоонун тартиби бекитилди. Жалгыз оператордун уюштуруучулары Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттериндеги улуттук операторлор болмокчу.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында мүчө мамлекеттер өздөрүнүн өлкөлөрүндөгү улуттук операторлорду аныкташы каралган. Ар бир өлкөдө улуттук операторлор ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органдары тарабынан аныкталат. Жалгыз оператор улуттук операторлордон түзүлгөн өзүнчө уюм катары түзүлөт.

Эскерте кетсек, "Евразия өнөр жай кооперациясы, субконтрактация жана технологиялар трансфери тармагы" долбоору ЕЭКтин санариптик кеңсеси тарабынан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги чечимине ылайык ишке ашырылат.

Долбоор ЕАЭБдин чарба жүргүзүүчү объектилерин кооперация жана субконтрактация боюнча эң натыйжалуу өнөктөштөрдү тандоо механизми менен камсыз кылуунун автоматташтырылган тутумун түзүүнү, чакан жана орто ишканаларды ири өндүрүүчүлөрдүн өндүрүштүк чынжырларына тартууну, ошондой эле Бирликтин өлкөлөрүнүн чарба жүргүзүүчү субъектилеринин жана мамлекеттик бийлик органдарынын өтмө процесстерге жана санариптик сервистерге муктаждыгын канааттандыруу үчүн шарттарды түзүүнү караштырат.

Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында евразиялык тармактын улуттук компоненттеринин өнөр жай кооперациясы, субконтрактация жана технологиялар трансфери сервистерин кошуунун жана чарбачылык ишмердикти жүргүзүү үчүн зарыл болгон жана өнөр жай кооперациясын, субконтрактацияны жана технологиялар трансферин колдоону камсыз кылган бириктирилген маалыматтардын чоң көлөмүнүн эсебинен мүчө мамлекеттердин аймактар боюнча бөлүнгөн сервистеринин топтомуна жетүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынмакчы.