Sign In
ЕАЭБ жаңы Бажы кодекси 2018-жылдын 1-январында күчүнө кирет

ЕАЭБ жаңы Бажы кодекси 2018-жылдын 1-январында күчүнө кирет

4247625.jpg
14.11.17

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлмөкчү. 2017-жылдын 11-октябрында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынтыктары боюнча даярдалган биргелешкен билдирүүнүн алдына кол коюу менен Биримдик өлкөлөрүнүн президенттери документке жакын арада кол коюлушуна көмөктөшүүгө даярдыктарын билдиришти.

Беларуста жана Россияда Бажы кодекси бул өлкөлөрдүн мыйзам чыгаруу органдарынын төмөнкү жана жогорку палаталары - Беларусь Республикасынын Улуттук чогулушу жана Россия Федерациясынын Федералдык чогулушу тарабынан кабыл алынган жана жактырылган. Казакстан Республикасынын парламенти - Мажилис - да документти бекиткен. Арменияда ал республиканын Конституциялык соту тарабынан жактырылып, өлкөнүн Улуттук чогулушунда ратификация процедурасынан өтүүдө. Кыргызстанда документ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралууда.

ЕАЭБ Бажы кодекси 2010-жылдын ортосунда кабыл алынган Бажы биримдигинин Бажы кодексинин ордун алмаштырмакчы.

Биримдиктин жаңы бажы мыйзамы электрондук технологияларды өнүктүрүүнүн заманбап деңгээлин эске алуу менен иштелип чыгарылган, жана ишкерлер үчүн пайдалуу көп новеллаларды камтыйт. Негиз болуучу бул документтин аркасы менен бажы технологиялары санариптештирилмекчи. ЕАЭБ БК укук колдонуу тажрыйбасында топтолгон көптөгөн маселелерди чечет. Жаңы кодекс ТЭИ катышуучулары үчүн электрондук санариптик кол тамга болгон учурда көпчүлүк операцияларды Интернет аркылуу, бажы органынын маалыматтык системасы менен өз ара аракеттешүү менен аткаруу мүмкүнчүлүгүн юридикалык жактан бекитет.

Муну менен бирге жаңы бажы мыйзамдары ТЭИ катышуучуларын алардын негизинде электрондук декларация толтурулган документти бажы органына көрсөтүү зарылчылыгынан арылтат. Документтерди тобокел профили иштеген учурларда гана көрсөтүү керек болот, ал эми ал документтерди бажы кызматкери эмес, маалыматтык система аныктайт.

Бир катар учурларда товарларга декларацияны каттоо жөнүндө чечим, каттоонун өзү, ошондой эле товарларды чыгаруу жөнүндө чечим инспектордун катышуусуз, маалыматтык система тарабынан автоматтык түрдө кабыл алынат.

Жаңы кодекске ылайык, товарларды чыгаруу убактысы төрт саатка чейин кыскарат, ал эми Бажы биримдигинин Бажы кодексинде товарды чыгаруунун бекитилген стандарттык убактысы бир суткадан ашат.

Жаңы кодекс бажы контролун максималдуу түрдө товарларды чыгаруудан кийинки баскычка жылдырат, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча мөөнөттү кийинкиге жылдырууларды колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

ЕАЭБ Бажы кодекси күчүнө киргенден кийин, рыноктун ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор статусунда иштеген катышуучуларынын абалы олуттуу жакшырат, ал эми атайын жөнөкөйлөтүүлөр бул статусту ого бетер жагымдуу кылмакчы.

Жаңы кодексте тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жөнгө салуу системасына “бирдиктүү терезе” механизмин толук кандуу киргизүү үчүн мыйзамдуу мүмкүнчүлүктөр каралган, алардын үстүндө иштер азыркы учурда ЕАЭБте жүргүзүлүүдө.

Биргелешкен билдирүүдө документтин күчүнө кирүү датасын - 2018-жылдын 1-январынан ары жылдыруу болбойт деп белгиленет, ал эми Биримдик өлкөлөрүнүн жарандары, ээлик кылуучу субъекттери жана маморгандары ЕАЭБтин жаңы Бажы кодексине алдын ала даярдануу менен, жаңы шарттарда иштөөгө даярдануусу зарыл.