Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрү жана Камбоджа Королдугу экономикалык кызматташтыктын масштабдарын көбөйтүүгө даяр

ЕАЭБ өлкөлөрү жана Камбоджа Королдугу экономикалык кызматташтыктын масштабдарын көбөйтүүгө даяр

15.02.17

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн Камбоджа Королдугу менен соодасынын көлөмдөрүн көбөйтүү, инвестициялык долбоорлорду жана экономикалык кызматташтыктын жаңы багыттарын колдоо маселелерин 14-февралда Пномпенде Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Камбоджа Королдугунун премьер-министри Хун Сен талкуулашты. Жолугушууга ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая жана Камбоджанын министрлери жана бир катар жогорку кызмат адамдары катышышты.

Тигран Саркисян белгилеп өткөндөй, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Камбоджа менен экономикалык өнөктөштүгүнүн потенциалы азырынча жарым-жартылай гана колдонулууда. Анткен менен кандай жолдор менен жагдайды өзгөртүүгө мүмкүн экендиги туурасында түшүнүк бар. Бир жагынан алганда, камбоджалык ишкерлерди ЕАЭБде колдонулган техникалык регламенттер, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар, ошондой эле бажылык жөнгө салуу системасы менен тааныштыруу зарыл. Бул өз ара сооданын көлөмдөрүн кеңейтүүгө жана Биримдиктин рынокторуна жаңы өнүмдөрдү жана товарларды чыгарууга мүмкүндүк берет.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жайчылары жана бизнесмендери менен камбоджалык бизнестин өкүлдөрүнүн түздөн-түз диалогун түзүүгө көмөктөшүү да маанилүү. Тигран Саркисян Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында биринчи жолугушууларды өткөрүүнү сунуштады. Бул аянтчада ЕЭК евразия интеграциясынын жаңы тренддерине жана чакырыктарына арналган сессиянын уюштуруучусу болмокчу. ЕЭК Коллегиясынын төрагасы курамына Евразия экономикалык комиссиясынын, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук өкмөттөрүнүн, бизнес-ассоциацияларынын жана Камбоджа Королдугунун өкмөтүнүн өкүлдөрү кирген биргелешкен жумушчу топтун ишмердүүлүгүн маанилүү деп эсептейт. 

Өз кезегинде, Камбоджа Королдугунун премьер-министри көптөгөн жылдардан бери анын өлкөсү ЕАЭБ мамлекеттеринин салттуу ишкер өнөктөшү болуп келгенин белгилеп өттү.  Биримдик өлкөлөрүнүн жана Камбоджанын ортосунда Эркин соодалашуу аймагы жөнүндө макулдашууну түзүү мындан аркы кызматташтыкта сапаттуу жаңы кадам болуп калышы керек. Бул багытта жигердүү алдыга жылуу үчүн ишеним маанайын өнүктүрүү, ишкерлер үчүн колдоочу мыйзам чөйрөсүн жана өз ара иштешүүгө өбөлгөлөрдү түзүү зарыл.  Мындай өбөлгөлөрдүн катарына Хун Сен, маселен, инвестицияларды өз ара коргоо жөнүндө макулдашууга кол коюуну киргизди. 

Камбоджа премьер-министри ал ЕАЭБ менен АСЕАН ортосунда диалогду колдоорун билдирди, жана эки бирикменин ортосундагы мамилелерди бекемдөө аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө оң таасирин гана тийгизерин белгилеп өттү.