Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ветеринардык органдарынын СФС чараларын киргизүүдөгү таасир этүү Тартибинин долбоору иштелип чыкты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ветеринардык органдарынын СФС чараларын киргизүүдөгү таасир этүү Тартибинин долбоору иштелип чыкты.

15.04.15

14-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директору Олег Арнаутовдун төрагалыгы менен өткөн эксперттер катышкан кеңешмеде Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын убактылуу санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чаралар (СФС чаралар) киргизилгендеги иштешүү Тартибинин долбоору талкууланды.

Документ Евразия экономикалык бирлиги тууралуу Келишимди өнүктүрүү иретинде иштелип чыккан жана Келишимде каралган Бирликтин ар бир өлкөсүнүн убактылуу санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чараларды иштеп чыгуу жана киргизүү укугун ишке ашыруудагы иштешүү алгоритмин аныктайт.

Иштешүү тартибин 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында кабыл алуу пландалууда.

Отурумда жетишилген келишүүлөрдү эске алуу менен документтин долбоорун аягына чыгаруу жана аны Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарына кароого багыттоо чечими кабыл алынды.