Sign In
ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жеңил өнөр жайын өнүктүрүү боюнча 2015-2016-жылдарга карата иш-чаралар планын жактырды

ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жеңил өнөр жайын өнүктүрүү боюнча 2015-2016-жылдарга карата иш-чаралар планын жактырды

15.04.15

14-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын кезектеги отурумунда экономика жана каржы саясаты, соода, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси, техникалык жөнгө салуу, маалымат технологиялары чөйрөсүндөгү бир катар маселелер каралды.

Отурумда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин жеңил өнөр жайын өнүктүрүү боюнча 2015-2016-жылдарга иш-чаралар планы жактырылды. Документ тармактын инвестициялык жагымдуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталган иш-чаралар топтомун камтыйт. Аларды ишке ашыруу кооперациялык чынжырларды түзүп, жеңил өнөр жайдын айрым сегменттери боюнча импорттун ордун бастырууну өнүктүрүүгө жана жаңы технологияларды өздөштүрүүгө өтүүгө мүмкүндүк бермекчи.

«Иш-чаралар планын ишке ашыруу ЕАЭБ өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларга жетки берүүнүн улуттук режимин түзүп, ошондой эле Бирликтин жалпы базарында жеңил өнөр жай товарларын жүгүртүүнү бажылык администрациялоо жана көзөмөлдөөнүн бирдиктүү анык тартибин бекитүүгө мүмкүндүк берет», - деп ЕЭК өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Сергей Сидорский белгиледи.

Планда ЕАЭБ алкагында тармакты чийкизат менен камсыз кылуу шарттарын түзүү, жалпы базардын сыйымдуулугун эске алуу меен өндүрүштүк кубаттуулукту иштетүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, мүчө мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алуу менен тармактын өнүгүүсүнүн орто мөөнөттүк жана узак мөөнөттүк ориентирлерин аныктоо каралган. Пландаштырылган иш-чараларды ишке ашыруу Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жеңил өнөр жайында өнөр жайлык кызматташуу үчүүн укуктук негиз түзүүгө өбөлгө болууда.

ЕАЭБ мамлекеттеринин айыл чарбасы үчүн жабдуу жана шаймандарды чыгаруу чөйрөсүндө кызматташуу перспективаларын талкуулап, Коллегия Мүчөлөрү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тиешелүү Чечиминин долбоорлорун жана ЕЭК Кеңешинин Сунуштамаларын колдоого алышты. Аларды кабыл алуу жана андан ары ишке ашыруу айыл чарба техникасы үчүн себилдегичтерде импорттун ордун бастырууну өнүктүрүү жана кооперациялык чынжырларды түзүүгө, Бирликтин аймагында өндүрүлгөн кошумча наркты өнүктүрүүгө жана айыл чарба техникасын мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларга улуттук жеткини камсыз кылууга өтүүгө жол бермекчи.

Чечимдерди жана Сунуштамаларды ишке ашыруу Бирликтин аймагында айыл чарбасы үчүн шаймандар менен жабдууну урунуунун экономикалык натыйжалуулук критерийлерин иштеп чыгуунун эсебинен өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзмөкчү. Мындан тышкары, Бирликтин алкагында айыл чарба машина куруу тармагындагы өнөр жайлык кызматташууну тереңдетүү үчүн укуктук негиздерди түзүү, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдүн базарларына айыл чарба шаймандарын экспорттоону колдоо боюнча практикалык механизм түзүү божомолдонууда.

Армениянын ЕАЭБ тууралуу Келишимге кошулушуна байланыштуу Коллегиянын отурумунда Бирликтин техникалык регламенттеринин бул өлкөдө ишке киришүүсүнүн тартиби кабыл алынды. Тартипте, атап айтканда, Армениянын мыйзамдар тутумуна ылайык бирликтин техрегламенттерин уруна баштаганга чейин берилген же кабыл алынгандарынын туура келишин баалоо тууралуу документтердин күчүндө болуу мөөнөттөрүн бекиткен өтүү жоболору аныкталган. Мисалы, 2018-жылдын 2-январына чейин Арменияда улуттук ченемдерге ылайык эт, сүт, шире, косметика, оюнчуктарды; 2019-жылдын 2-январына чейин – эмерек; 2022-жылдын 2-январына чейин – дөңгөлөктүү унаа каражаттарын өндүрүү жана чыгарууга жол берилет.

ЕЭК Коллегиясы аларды ыктыярдуу негизде урунуунун натыйжасында Бажы бирлигинин «Парфюмерия-косметика өндүрүмүнүн коопсуздугу тууралуу» техникалык регламентинин эрежелерин аткаруу камсыз кылынуучу мамлекет аралык стандарттарды иштеп чыгуу (өзгөртүү киргизүү, кайра кароо) боюнча программага өзгөртүү да киргизди. Мындан тышкары, изилдөө (сыноо) жана ченөө эрежелери жана усулдары, анын ичинде көрсөтүлгөн техрегламентти урунуу жана ишке ашыруу жана өндүрүмдүн дал келишин баалоо (бекитүү) жүргүзүүгө зарыл үлгүлөрдү тандоо эрежелерин камтыган мамлекет аралык стандарттарына өзгөрүүлөр киргизилген. Программа 24 мамлекет аралык стандарт менен толукталган, алардын 23ү эл аралык (ISO) жана 1и – чөлкөмдүк (EN) стандарттардын негизинде иштелип чыгат. Иштелип чыгып жаткан стандарттар, айтсак, лаванда, роза, экалипт жана башка эфир майларына жана жыпар жыттуу бирикмелерге тиешелүү.