Sign In
Михаил Мясникович: "Атаандаштык психологиясынан кызматташтык психологиясына өтүү принципиалдуу мааниге ээ"

Михаил Мясникович: "Атаандаштык психологиясынан кызматташтык психологиясына өтүү принципиалдуу мааниге ээ"

15.05.20

Михаил Мясникович: "Атаандаштык психологиясынан кызматташтык психологиясына өтүү принципиалдуу мааниге ээ"

15.05.2020

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери үчүн максималдуу экономикалык натыйжага жалпы иш-аракеттер аркылуу гана жетишүү мүмкүн. Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович 15-майда "Россия бизнес жумалыгы 2020" форумунун алкагында өткөрүлгөн "Евразиялык экономикалык интеграцияга өбөлгө түзүү: ишкердик кызматташтык фактору" деп аталган эл аралык форумда билдирди.


"Атаандаштык психологиясынан кызматташтык психологиясына жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын өз ара толукталышына өтүү принципиалдуу мааниге ээ – деп баса белгиледи Михаил Мясникович. – Мисалы, биз коронавируска алгачкы жолу туш келгенде, өлкөлөрдө биринчи кезекте өздөрүнүн рынокторун, калкын коргоо тенденциялары пайда болду. Бирок Бирликтин мамлекет башчыларынын иш-аракеттерин кемитпей белгилей кетүү керек: эч бир өлкө обочолонгон жок, макулдашылган чечимдер кабыл алынып келди жана учурда кабыл алынууда жана, ошентип, биз бири-бирибизди колдоону улантып келе жатабыз. Албетте, мамлекеттердин экономикалык жактан өзүн-өзү камсыз кыла алышы маанилүү, бирок максималдуу натыйжага жалпы иш-аракеттер аркылуу гана жетишүүгө болот".


ЕЭК Коллегиясынын башчысы Бирликтин өлкөлөрүнүн алдыңкы улуттук компанияларынын потенциалын бириктирүү керек деп эсептейт. Бул атаандаштыкка жөндөмдүү ири евразиялык улуттар аралык корпорацияларды түзүүгө мүмкүндүк берет. Ал улуттук бизнес бул маселени өз алдынча чече албайт деп белгиледи. Улуттук мамлекеттик түзүмдөр да ийгиликке жалгыз жетише алышпайт. Мамлекеттердин жана бизнес-түзүмдөрдүн иш-аракеттерин улуттан жогорку деңгээлде бириктирүү зарыл.


Михаил Мясникович ири интеграциялык түзүмдөр, айрыкча алардын калыптануусунун биринчи баскычында, тийиштүү мамлекеттерден колдоонун ар кандай түрлөрүн, преференцияларды ала алышат деп ишенет. Биринчи кезекте кеп "интеграциялык чынжырларга кошулгандар жана жогорку атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштөрдү жана товарларды түзүү үчүн иштеп жаткандар" жөнүндө болууда.


ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Комиссиянын бизнес-коомдоштук менен алып барып жаткан иши тууралуу айтып берди. Натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн үлгүлөрүнүн бири катары ал евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын долбоорун даярдоодо ишкердик коомдоштуктун өкүлдөрүнүн катышуусун белгиледи. Бирок ошентсе да, анын айтуусу боюнча, кызматташтык потенциалы толук көлөмдө ишке ашырылбай жатат жана өз ара аракеттенүүнү олуттуу түрдө активдештирүү зарыл. Чындыгында ачык диалог керек жана Комиссия ага толугу менен даяр. Михаил Мясникович ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүнүн бизнесинен, мамлекеттик органдарынан жана жалпы эле коомдоштугунан интеграциялык процесстерге жана институттарга бир кыйла жогорку деңгээлдеги ишенимди күтөт. Ошондо гана Евразия экономикалык бирлиги мындан ары бир кыйла ийгиликтүү өнүгүшү мүмкүн.


Ал Бирликтин өлкөлөрүндө интеграцияны тереңдетүү үчүн зарыл болгон чечимдер эң жогорку деңгээлде кабыл алынып жаткан саясий эрктин жана конкреттүү форматта тийиштүү чечимдерди ар дайым эле камтый бербеген улуттук актылардын  ортосундагы боштуктун болушуна көңүл бурду.



Михаил Мясникович пандемия шарттарында ЕЭКтин иши тууралуу билдирди, Бирликтин өлкөлөрүнүн жетекчилигинин жана Комиссиянын  деңгээлинде оптималдуу экономикалык жана укуктук чечимдерди издөө боюнча макулдашылган иш жүрүп жаткандыгын баса белгиледи: "Эң негизгиси – баары биздин экономикалар туш келген бул татаал жагдайдан чыгуу боюнча иш-аракеттерди бириктирүүнү көздөшүүдө. Бул чынында эле биздин интеграциялык бирикменин бекемдүүлүгүнө текшерүү болуп саналат".


ММК өкүлүнүн ЕАЭБде коронавируска каршы вакцинанын иштелип чыгышы жөнүндө суроосуна жооп берип жатып, ЕЭК Коллегиясынын башчысы тараптар бул маселе боюнча өз ара консультацияларды өткөрүшүүдө, илимпоздордо жана тажрыйбачыларда мыкты иштеп чыгуулар бар деп баса белгиледи. Ошол эле мезгилде ал Бирликте – "негизинен эле дары-дармек рыногу абдан начар, ЕАЭБ мамлекеттери чоң көлөмдөгү фармацевтикалык субстанцияларды жана даяр дары-дармек каражаттарын үчүнчү өлкөлөрдөн сатып алышат" деп белгиледи.


"Биз дары-дармек препараттарын өндүрүү боюнча биргелешкен, мүмкүн, бул чөйрөдө жогорку компетенцияга ээ болгон үчүнчү өлкөлөрдүн катышуусунда, ири программаны түзүшүбүз зарыл"
, – деп Михаил Мясникович корутундулады.​