Sign In
ЕЭК Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу жагындагы чечимдери мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоого багытталган.

ЕЭК Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу жагындагы чечимдери мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоого багытталган.

15.06.16

14-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын отурумунда ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын жетекчилиги астында соода, техникалык жөнгө салуу, финансылык саясат, энегетика жана инфраструктура чөйрөсүндө бир катар чечимдер кабыл алынды.

Көбүнчө, ЕЭК Коллегиясы Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу тууралуу” техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечим долбоору жактырды. “Дөңгөлөктүү” техрегламенттеги өзгөрүүлөргө ылайык  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн M1  (отургуч орундары сегизден ашпаган, жүргүнчүлөрдү ташууга каралган автоунаалар) жана N1 (максималдуу салмагы 3,5 т ашпаган жүк ташыгычтар) категориясында  чыгарылган транспорт каражаттарын автоматтык трансмиссия менен милдеттүү жабдуу тууралуу талап алынып салынат.       

Ошондой эле ушу категориядагы жарандардын пайдалануусу үчүн конструкциялык өзгөртүүлөрдү киргизүүдө пайдалануудагы автоунааны автоматтык трансмиссия жана антиблокировкалоочу тормоздук система менен жабдуу тууралуу талап да алынып салынат. Бул чечим, алсак, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеке транспортун  кайра жабдууда  автоунаанын баасын төмөндөтүүгө, ошондой эле мындай адамдарды колдоого багытталган  мамлекеттик социалдык программалар боюнча аларды  жеке транспорт менен камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

ЕЭК Коллегиясы Комиссия Кеңешинин чечим долбоору карап чыкты, ага ылайык ЕАЭБда транспорт каражаттарын экстрендик ыкчам кызматтарды чакыруу  системасы менен милдеттүү жабдуу боюнча талаптарды киргизүү мөөнөтүн 2017-жылдын 1-январынан 2018-жылдын 1-январына жылдыруу сунушталган. Мындай сунуш долбоору Казакстан Республикасынын сунушу боюнча, эң оболу кызыкдар адамдарды жаңы талаптарга акырындап өтүшүн камсыз кылуу максатында даярдалган. Бул маселени  Комиссиянын Кеңешинин деңгээлинде кароо тууралуу чечим кабыл алынган.

ЕЭК Коллегиясы транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун (транспорт каражаттарынын шассиси) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунун системасынын иштөө тартибине өзгөртүүлөрдү киргизген.

Транспорт каражатынын электрондук паспорту аны каттоого жол берилген  аймакты көрсөтүү үчүн арналган сап менен толукталган. Электрондук паспорттун “Транспорт каражатын каттоо жол берилген аймак” тилкесинде чыгарылган авто алардын эркин айланымы үчүн мындай транспорт каражаттарын чыгарууда Биримдик органдары тарабынан сунушталган талаптарга ылайык келсе, “Евразия экономикалык биримдиги” деп жазуу зарылчылыгы каралган. Же, эгер авто алардын эркин айланымы үчүн мындай транспорт каражаттарын чыгарууда Биримдик органдары тарабынан сунушталган талаптарга ылайык келбесе, “аймагы чектелген” деп жазылууга тийиш. Мында аталган тилке эгерде “транспорт каражаты жеңилдетилген режимди колдонуу менен чыгарылгандыгы тууралуу маалымат” тилкесинде “транспорт каражатынын үлгүсү жеңилдетилген режимде чыгарылган” деп жазылган шартта гана толтурулат.

Чечим ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2014-жылдагы №72 “Моторлуу транспорт каражаттарын өндүрүштүк чогултуу” түшүнүгүн колдонуу шарттары жөнүндө” чечим менен белгиленген шарттар жеңилдетилген режимде чыгарылган конкреттүү транспорт каражаты боюнча аткарылаарын же аткарылбасын түшүнүүгө.
 жана ушуга ылайык автоунаа сатып алуу тууралуу чечим кабыл алууга жардам берет.

Транспорт каражаттарынын электрондук паспорт системасынын иштөө тартибине киргизилген башка өзгөртүүлөр өтмө жоболордун мөөнөттөрүн өзгөртүүгө тиешелүү, анын алкагында  паспортторду формага жана мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык тариздөө мүмкүнчүлүгү сакталат. Транспорт каражаттарына карата (транспорт каражаттарынын шассиси) тиешелүү мөөнөт 2017-жылдын 1-июлуна чейин, ал эми өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнө - 2008-жылдын 1-июлуна чейин узартылган. Ошентип,  электрондук паспортторду тариздөөгө акырындап өтүү чечими автоээлеринин жобосун жана Биримдик өлкөлөрүнүн бизнесин жакшыртууга багытталган.

ЕЭК Коллегиясы Бажы союзунун Комиссиясынын 2011-жылдын 15-июлундагы №710 “Темир жол кыймылду курамынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регдаментин кабыл алуу тууралуу Чечимине өзгөртүүлөрдү киргизди. Көбүнчө, ЕАЭБнын ченемдик укуктук актыларында же улутутк мыйзамдарда белгиленген милдеттүү талаптарга ылайык келүүсүнө баа берүү жөнүндө документтердин колдонулушу боюнча өтмө жоболордун мөөнөттөрү бул техрегламенттин күчүнө кирген күнгө чейин –буга чейин белгиленген 2016-жылдын 1-августуна чейинки күндүн ордуна,  2017-жылдын 2-августуна  чейин узартылат. Мындан тышкары, 2016-жылдын октябрына чейин Комиссия Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте ылайык келүүсүнө милдеттүү баа берүү жөнүндө документтерсиз, тиешелүү техрегламент күчүнө кирген күнгө чейин жүгүртүүгө чыгарылган, темир жол кыймылдуу курамын тейлөө жана оңдоо үчүн запастык тетиктерин жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө маселени иштеп чыгат.