Sign In
ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директору болуп Алексей Сушкевич дайындалды.

ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директору болуп Алексей Сушкевич дайындалды.

TS_09699_S.jpg
15.06.20

Алексей Геннадьевич Сушкевич 1966-жылдын 4-июлунда төрөлгөн. 1988-жылы М.В. Ломоносов атындагы ММУну бүтүргөн. 1992-жылы Россия илимдер академиясынын АКШ жана Канада Институтунда АКШнын жана Европа экономикалык коомдоштугунун технологиялык алмашуусу темасы боюнча кандидаттык диссертацияны жактап, экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.

 

1993-жылдан 2004-жылга чейин илимий жана коомдук уюмдарда иштеген, камсыздандыруу компаниясын жетектеген. 2004-жылда мамлекеттик кызматка өткөн.

 

2016-жылдын майынан тарта Алексей Сушкевич Евразия экономикалык комиссиясынын монополияга каршы жөнгө салуу департаментин башкарып келет. 2020-жылдын 15-июнунда эмгек келишими дагы 4 жылга узартылды.

 

Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматынын, Евразия экономикалык комиссиясынын ардак грамоталары жана Россия Федерациясынын Президентинин ыраазычылыгы менен сыйланган. "Россия Федерациясынын монополияга каршы органдарынын ардактуу кызматкери", "Россия Федерациясынын эмгек сиңирген экономисти" наамдарына ээ.

 

Үйлөнгөн, үч баласы бар.​