Sign In
ЕЭК Кыргызстандын жаңы өнүктүрүү институтун түзүү жөнүндө демилгесин карап чыкты

ЕЭК Кыргызстандын жаңы өнүктүрүү институтун түзүү жөнүндө демилгесин карап чыкты

15.07.20

15-июлда Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүү маселелери боюнча жумушчу топтун алгачкы отурумунда катышуучулар жаңы институттун буга чейин болуп келген түзүмдөрдүн жалпы тутумундагы ролун, анын иштөөсүнүн укуктук негиздерин жана мүмкүн болгон каржылоо булактарын талкуулашты.

Буга чейин ЕАЭБ мамлекеттеринин өнүгүү деңгээлдерин теңдөө максатында өнүктүрүү институтун түзүү зарылдыгы жөнүндө пикирин Кыргыз Республикасы билдирген эле. ЕЭК Кеңеши, аталган демилгени карап чыгып, ЕЭК Коллегиясына Бирликтин бийилик органдарынын жана ыйгарым укуктуу уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топту түзүүнү тапшырган.

Жумушчу топтун жетекчиси, ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев баса белгилеп өткөндөй, ЕАЭБде Бирликти өнүктүрүү институттары буга чейин эле бар, андыктан биринчи баскычта жаңы институттун жалпы тутумдагы ордун аныктоо зарыл.

"Бирликтин интеграциялык потенциалын ишке ашыруу үчүн экономикалардын өнүгүүсүн колдоонун учурдагы механизмдерин жана ресурстанын максималдуу колдонуу керек жана, мүмкүн, жаңы мамилелерди иштеп чыгуу керек", – деди Сергей Глазьев.

Кыргыз тараптын пикири боюнча, жаңы институттун максаты – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнүгүүсүндөгү пропорциясыздыкты азайтуу, экономикаларды жакындатуу жана жалпысынан эле Бирликти өнүктүрүү. Долбоорлонуп жаткан өнүктүрүү институту максаттуу өнүгүү программаларын ишке ашыруу менен алектенет деп болжолдонууда. Мындай мамиле Бирликтин өлкөлөрүнүн биримдигинин бекемдешине жана интеграциянын тереңдешине алып келет.

Ошондой эле, жумушчу топтун катышуучулары Евразия өнүктүрүү банкынын жана Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунун, "Россия венчурдук компаниясы" АКнын алкагында Бирликтин мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүн теңдөөгө багытталган программаларды жана инвестициялык долбоорлорду каржылоонун аспаптарын жана механизмдерин кеңейтүүнүн, ошондой эле "Астана" Эл аралык каржы борборунун, "Интеграция" клубунун жана Эл аралык суверендик өнүгүү агенттигинин мүмкүнчүлүктөрүн жана инфраструктурасын пайдалануунун перспективаларын карап чыгышты.

Жолугушуунун натыйжалары боюнча өнүктүрүү институтунун концепциясын иштеп чыгуу, ошондой эле Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунун мандатын кеңейтүү маселелесин карап чыгуу жөнүндө келишкендикке жетишилди. Иштин жыйынтыктары ЕЭК Кеңешинин кароосуна көрсөтүлмөкчү.

Талкууда Бирликтин мамлекеттеринин бийлик органдарынын өкүлдөрү, ЕЭК министрлери Олег Панкратов жана Тимур Жаксылыков, ошондой эле эл аралык өнүгүү институттарынын жана каржы уюмдарынын чакырылган эксперттери катышышты.​