Sign In
Кыргызстандагы «Евразия жумалыгында» ашыра өндүрүү маселелерин жана АТР жана ЕАЭБ рынокторундагы соода талаштарынын алдын алууну талкуулашат

Кыргызстандагы «Евразия жумалыгында» ашыра өндүрүү маселелерин жана АТР жана ЕАЭБ рынокторундагы соода талаштарынын алдын алууну талкуулашат

15.08.19
25-сентябрда «Евразия жумалыгы – 2019» IV Эл аралык көргөзмө форумунун аянтчасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишинанын катышуусунда «ЕАЭБ: глобалдык рынокко интеграциялануу жана АТР рынокторундагы мүмкүнчүлүктөр» деп аталган панелдик дискуссия орун алмакчы.

«Бүгүнкү күндө ЕАЭБдин катышуучу өлкөлөрүнүн өз экономикаларынын калыптанган интеграциясын глобалдык рынокко капиталдаштыруусу дурус. Өзүнө өсүп жаткан суроо-талаптары менен туруктуу өнүгүп келе жаткан экономикаларды камтыган Азия-Тынч океан региону перспективдүү болуп саналат. Аталган региондун чоң потенциалын эске алуу менен, биз рыноктордо өз ара болууну кеңейтүү үчүн иштердин векторлорун, кооперациянын жана товар жүгүртүүнүн өсүшүнүн драйверлерин аныктообуз зарыл. Мунун баарын биз форумда талкуулайбыз», – дейт ЕЭКтин соода боюнча министри, форумдун Уюштуруучу комитетинин төрайымы Вероника Никишина.

Панелдик дискуссиянын алкагында бүгүнкү күндө өсүүнүн эң эле айкын потенциалы байкалган, өлкөлөрдүн товарларынын экспортун кеңейтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү көрүүгө болгон товардык рынокторду жана кызмат көрсөтүүлөрдүн рынокторун аныктоо каралган. Ошол эле учурда, соода талаштарынын жана экономикалык өнүгүүнүн басаңдоо тобокелдиктеринин алдын алуу үчүн, АТР өлкөлөрү менен биргеликте ашыра өндүрүү маселелерин кантип чечүүгө болот деген тема талкуунун негизги предмети болмокчу.

Панелдик дискуссияга катышууга Армения Республикасынын экономика министри Тигран Хачатрян, Беларусь Республикасынын экономика министри Дмитрий Крутой, Казакстан Республикасынын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов, Кыргыз Республикасынын экономика министри Санжар Муканбетов, Беларусь Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Андрей Евдоченко, Россия экспорт борборунун башкы директору Андрей Слепнев, Кыргыз өндүрүүчүлөр жана ишкерлер бирлигинин президенти Данил Ибраев, Корея эл аралык экономикалык саясат институтунун президенти Ли Чже Йон, АСЕАНдын генералдык катчысынын орун басары Аладдин Рилло, ШКУнун генералдык катчысы Владимир Норов, КЭРдин коммерция министринин орун басары Ван Шоу Вэнь жана башкалар чакырылган.

Эскерте кетсек, ЕАЭБ негизделгенден тарта сатуу рынокторунун чектерин кеңейтүү үчүн көп тараптуу соода тутумуна интеграциялануу жана тереңдетилген регионалдаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануунун ачык саясатын жүргүзүп келет. ЕАЭБ экономикаларынын АТР экономикалары менен интеграциясынын күчөтүлүшү аталган саясаттын ийгиликтүү болушунда маанилүү ролду ойнойт. Бул үчүн салмактуу негиздер бар – ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин АТР өлкөлөрү менен өз ара соодасы тынымсыз өсүүдө жана 2018-жылда 294 млрд АКШ долларынан ашты, бул ЕАЭБдин жалпы тышкы соода жүгүртүмүнүн дээрлик 40% түзөт. Мындан сырткары, бүгүнкү күндө АТР глобалдык интеграциялык агымдардын борбору болууда: мисалы, 2018-жылдын март айында Тынч океан аралык өнөктөштүк жөнүндө баарын камтыган жана прогрессивдүү макулдашууга кол коюлган. Ага кирген өлкөлөр дүйнөлүк ИДӨнүн 13%дан ашыгын түзүшөт.

2016-жылдын октябрынан тарта ЕАЭБде АТР регионундагы Вьетнам менен эркин соода режими орнотулган, АТРдин бир катар башка өлкөлөрү – Сингапур, Индия менен эркин соода жүргүзүү жөнүндө макулдашууларды иштеп чыгуу боюнча активдүү иш алып барылууда. Жакынкы убакта КЭР менен соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу күчүнө кирет, Бангладеш, Камбоджа, Корея, Перу, Таиланд, Чили, Эквадор менен кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюлган.

Толугураак маалымат eurasianweek.com сайтында.