Sign In
ЕЭК Министри Валерий Корешков Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдун Генералдык ассамблеясынын иш чараларына катышты

ЕЭК Министри Валерий Корешков Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдун Генералдык ассамблеясынын иш чараларына катышты

15.09.16

12-сентябрдан 14-сентябрга чейин Пекинде Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясы ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешковдун жетекчилиги алдында Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдун (ИСО) Генералдык ассамблеясынын 39-отурумунун ишине катышты.

Иш чаралар ИСО жумалыгынын алкагында өткөрүлүп, анын жүрүшүндө стандартташтырууну аймактык жана эл аралык деңгээлде өнүктүрүүнүн перспективалары талкууланды. Генералдык ассамблеяда маселен, стандартташтыруу процесстерине мамлекеттик органдардын стратегиялык катышуусу,  ИСОнун 2016-2020-жылдарга өнүктүрүү стратегияларына тиешелүү маселелер каралды.  Интеллектуалдык технологиялар, кызмат көрсөтүүлөр жагында жаңы багыттар, ИСОнун БУУ, ДССУ, Аккредитация боюнча Эл аралык Форум сыяктуу эл аралык уюмдар менен өз ара иштешүү маселелери талкууланды. 

Генералдык ассамблеянын талааларында Валерий Корешков ИСО президенти Чжан Сяоган менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө стандартташтыруу чөйрөсүндө ЕЭК менен ИСО өз ара иштешүүсүнүн келечектүү маселелери талкууланды. Алардын ичинде - кызматташуу жөнүндө меморандумду даярдоо жана ага кол коюу мүмкүнчүлүгү, анын механизмдерин жана параметрлерин аныктоо.

ЕЭК министри КЭРдин Сапатты көзөмөлдөө, инспекциялоо жана карантин боюнча башкы мамлекеттик башкармалыгынын вице-президенти Сунь Давей менен жолугушуу өткөрдү.  Мындан аркы өз ара иштешүүнү уюштуруунун алкагында тараптар техникалык жөнгө салуунун координаттарын аныкташты. Сунь Давей диалогду Комиссиянын аянтчасында улантууга даярдыгын билдирди.

Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясы стандартташтыруу боюнча эл аралык жана аймактык уюмдардын жетекчилери, ИСО мүчө мамлекеттеринин стандартташтыруу боюнча улуттук органдары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. 

Маалымат:

Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм (ИСО) эл аралык стандарттарды иштеп чыгат жана жарыялайт.  Анын ишмердүүлүгүнүн чөйрөсү электротехника жана электроникадан тышкары бардык жааттарда стандартташтырууга тиешелүү.  ИСО ошондой эле сертификаттоо маселелери менен да алектенет. Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жүгүртүмү натыйжалуу болушу максатында стандартташтырууну жана ишмердүүлүктүн чектеш түрлөрүн эл аралык масштабда өнүктүрүүгө, интеллектуалдык, илимий-техникалык жана экономикалык чөйрөлөрдө эл аралык кызматташтыкты өркүндөтүүгө көмөк көрсөтөт. ИСО ишине 157 өлкө катышат.