Sign In
Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча ЕЭКтин жана ЕАТтын ортосундагы Меморандумдун долбоору жактырылды

Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча ЕЭКтин жана ЕАТтын ортосундагы Меморандумдун долбоору жактырылды

15.09.20

ЕЭК Коллегиясы 15-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын жана Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАТ) ортосундагы Меморандумдун долбоорун жактырды. Документ ЕЭКтин жана ЕАТтын кызматташтык чөйрөсүн жана форматын, анын катышуучуларынын потенциалды жана чогулткан тажрыйбаны аракетке салуу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. 

"Биз ЕАТ менен 2016-жылдан бери кызматташып келебиз. Бирок дүйнөлүк экономикадагы учурдагы тенденциялар, жаңы технологиялардын өнүгүшүнөн улам пайда болуп жаткан чакырыктар жана коркунучтар, Бирликтин мүчө мамлекеттеринин экономикалык тутумдарын коргоону камсыз кылуу муктаждыгы, ошондой эле интеграциялык процесстердин өнүгүшү биздин уюмдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн буга чейин колдонулуп келген форматтарын жетишерлик эмес кылууда", – деди ЕЭК Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков. 

ЕЭКтин жана ЕАТтын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жөнүндө келишкендик 2020-жылдын июль айында ЕЭК Коллегиясынын мүчөсү (министри) Тимур Жаксылыковдун жана Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун төрагасы, Каржылык мониторинг боюнча федералдык кызматтын директору Юрий Чиханчиндин ортосунда түзүлгөн эле. 

Маалымат 

Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топ (ЕАТ) ишмердиги региондогу мамлекеттерге кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүнүн тийиштүү укуктук жана институционалдык негиздерин түзүүдө көмөк көрсөтүүгө багытталган топ болуп саналат. ЕАТ мүчө мамлекеттердин бул чөйрөдөгү улуттук тутумдарына баалоолорду жүргүзөт, акчаларды адалдоонун жана терроризмди каржылоонун типологиясын изилдейт, мүчө мамлекеттерге көмөк көрсөтүү программаларын ишке ашырат. ЕАТка тогуз мамлекет, анын ичинде Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия мүчөлүк кылат. Армения ЕАТтын ишмердигинде байкоочу катары катышат.​