Sign In
ЕЭК менен АСЕАНдын катчылыгынын ортосунда туруктуу диалог түзүлөт

ЕЭК менен АСЕАНдын катчылыгынын ортосунда туруктуу диалог түзүлөт

IMG_7664 (1).jpg
15.11.18
15-ноябрда Сингапур шаарында Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ассоциациясынын (АСЕАН) генералдык катчысы Лим Джок Хой андан бир күн мурун кол коюлган ЕЭК жана АСЕАНдын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга байланыштуу кызматташуу перспективаларын талкуулашты. Тараптар, кызматташуунун пландарын жана долбоорлорун мүмкүн болушунча ыкчам жана натыйжалуу талкуулоо жана ишке ашыруу үчүн, ЕЭК жана АСЕАНдын штаб-квартираларынын ортосунда туруктуу байланышты жолго коюу жөнүндө келишишти.
14-ноябрда кол коюлган ЕЭК жана АСЕАНдын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум эки интеграциялык блоктун ортосундагы мамилелерди расмийлештирди. «Меморандумдун аркасында биз кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрө жараттык, – деп баса белгиледи Тигран Саркисян. – Бул документ ЕЭК менен АСЕАНдын катчылыгынын ортосунда туруктуу диалогду түзүүдө гана чоң ролду ойнобостон, ЕАЭБдин ассоциацияга кирген айрым өлкөлөр менен эки тараптуу тректерин колдоо, жана биздин өлкөлөрдүн ишкердик топторунун өз ара аракеттенүүсү үчүн ишенимдүү атмосфераны түзөт деген үмүттөбүз».
ЕЭК менен ассоциациянын өз ара аракеттенүүсү 2016-жылдын май айында Сочи шаарында Россия – АСЕАН саммитинде ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын ассоциациянын башчысы менен болуп өткөн жолугушуусунда башталган. «Дал ошондон тарта эки бирикменин ортосунда диалогду түзүү перспективалары активдүү талкуулана баштады», – деди Тигран Саркисян. Лим Джок Хой, өз кезегинде, түзүлгөн меморандумдун маанилүүлүгүн белгиледи жана ЕЭКти жана АСЕАНдын катчылыгын жемиштүү кызматташуу күтүп турат деген ишенүүсүн билдирди. «Меморандумга кол коюуда Россиянын Президентинин жана АСЕАНга кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин болушу бул кадамдын канчалык маанилүү болгондугун көрсөтүп турат», – деп эсептейт АСЕАНдын генералдык катчысы. Ошондой эле, ал ЕАЭБ жана ЕЭК тажрыйбасы ассоциация үчүн өтө маанилүү, анткени евразиялык интеграция, соода жана бажылык жөнгө салуу сыяктуу, АСЕАН үчүн перспективдүү багыттарды камтыйт деп билдирди. «Биз ЕАЭБди байкап жүрөбүз, интеграциянын түзүмү менен таанышпыз жана интеграция өнүгүп, кеңири багыттарды ээлеп жатканына кубанычтабыз», – деп генералдык катчы жыйынтыктады. ЕАЭБ – АСЕАН багытындагы өз ара аракеттенүүгө кызыгуу, 2018-жылдын май айында Петербург эл аралык экономикалык форумдун аянтчасында болуп өткөн биринчи бизнес-диалогдун жыйынтыктары көрсөткөндөй, ишкердик топтордун сурамдары менен да тастыкталат. Буга байланыштуу, жолугушууда катышып жаткан ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валовая 2019-жылдын июнь айында Петербургда болуп өтө турган форумдун алкагында ЕАЭБ – АСЕАН багыты боюнча өзүнчө иш-чараны уюштурууну сунуш кылды. Тараптар ЕАЭБ мамлекеттеринин жана АСЕАНдын катышуучу өлкөлөрүнүн ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин тастыкташты.
Маалымат
АСЕАН – ЕАЭБдин маанилүү соода өнөктөшү. 2017-жылдын жыйынтыктары боюнча ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүнүн көлөмү боюнча АСЕАН сегизинчи орунда турат, экспорт боюнча – алтынчы, импорт боюнча – онунчу. ЕАЭБ жана АСЕАН өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү 2017-жылы 20,1 млрд АКШ долл. түздү. 2018-жылдын январь-август айларынын аралыгында сооданын көлөмдөрүнүн өсүшү 13,3 млрд АКШ долл. чейин көбөйүү менен, 15,9% түздү. ЕАЭБдин АСЕАНдагы алдыңкы соода өнөктөшү болуп Вьетнам саналат (2017-жылда товар жүгүртүүнүн 29,6%). Сингапур менен өз ара товар жүгүртүү 23,0%, Индонезия менен – 17,5%, Малайзия менен – 12,3%, Тайланд менен – 12,2% түздү. ЕАЭБдин товарларынын АСЕАНдагы эң ири сатып алуучусу Сингапур болуп саналат: өлкөгө бүткүл экономикалык блоктун импортунун дээрлик 41% туура келет. Экинчи орунда Вьетнам турат – 27,1%. Ал эми товарларды АСЕАНдан Бирлик өлкөлөрүнө негизги жеткирүүчүлөр Вьетнам (ЕАЭБдин экономикалык бирикмеден импортунун 31,3%) жана Индонезия – 22%. ЕАЭБ АСЕАНга минералдык өнүмдөрдү (4,2 млрд АКШ долл.), химиялык өнөр жай продукциясын (0,9 млрд АКШ долл.), металлдарды жана алардан жасалган буюмдарды (0,8 млрд АКШ долл.), ошондой эле тамак-аш азыктарын жана айыл чарба чийки затын (0,7 млрд АКШ долл.) экспорттойт. АСЕАН өлкөлөрүнөн импортто машиналар жана жабдуулар 6,4 млрд АКШ долл., тамак-аш азыктары жана айыл чарба чийки заты – 1,9 млрд АКШ долл., текстиль, текстиль буюмдары жана бут кийим – 1,2 млрд АКШ долл., ал эми химиялык өнөр жай продукциясы – 1,1 млрд АКШ долл. түзөт. 2016-жылдан тарта ЕАЭБ менен Вьетнамдын ортосундагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишим аракеттенет. Учурда, өз ара товар жүгүртүүнү, капиталдык салымдар жана технологиялар менен алмашууну стимулдаштыруу үчүн, Сингапур менен ушундай келишимди түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдүн процесси активдүү баскычта турат. Эскерте кетсек, Сингапур менен ЭСА жөнүндө келишимди түзүү перспективалары 2016-жылдын май айында ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын Сингапур Республикасынын Премьер-министри Лу Сянь Лун менен болгон жолугушуусунун жүрүшүндө талкууланган, анын натыйжалары боюнча бул тректи өнүктүрүүгө кызыгуу бар экендиги белгиленген. Ошондо эле ЕЭК жана Сингапур Республикасынын өкмөтү ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.