Sign In
ЕАЭБ жана Сингапур ортосундагы ЭСА жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр 2019-жылы аяктайт

ЕАЭБ жана Сингапур ортосундагы ЭСА жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр 2019-жылы аяктайт

Depositphotos_36532295_s-2015.jpg
15.11.18
Мындай ниетти Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишина жана Сингапурдун өнөр жай жана соода мамлекеттик ага министри Ко По Кун 14-ноябрда Сингапурда болуп өткөн эки тараптуу жолугушууда билдиришти.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө келишимдердин келечектеги пакетинин элементтеринин бири – Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) менен Сингапурдун ортосундагы Алкактык макулдашуу боюнча компромисстерге жетишилди.
Ошондой эле, Вероника Никишина сингапурдук тараптын ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери менен кызмат көрсөтүүлөр менен соода алып барууну либералдаштыруу жана инвестициялар боюнча сүйлөшүүлөрдү кийинки жылдын ортосуна чейин аяктоого багыт алгандыгын кубаттады. Бул, толук форматтуу эркин соода аймагын түзүүчү, келишимдердин бирдиктүү пакетине кол коюуга мүмкүндүк берет.
Сингапур менен эркин соода аймагын (ЭСА) түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр 2017-жылдын август айында башталган. Бул убакыттын ичинде толук форматтуу сүйлөшүүлөрдүн беш раунду, сессиялар аралык жолугушуулардын бир нече сериясы болуп өткөн. Кезектеги раунд декабрга пландаштырылган.
Эскерте кетсек, ЕАЭБ өлкөлөрү Сингапур менен соода маселелеринин комплекси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө: товарлар, кызмат көрсөтүүлөр жана инвестициялар. ЭСА түзүү жөнүндө келишимди Евразия экономикалык комиссиясы Бирликтин мүчө мамлекеттери менен биргеликте алып барууда. Кызмат көрсөтүүлөр жана инвестициялар боюнча Сингапур менен сүйлөшүүлөрдү өлкөлөр өз-өзүнчө ишке ашырууда. Бирликтин документи жана эки тараптуу документтер менен юридикалык өз ара байланыштар алкактык макулдашуу менен жол-жоболоштурулууда.
Маалымат
Сингапур менен ЭСА жөнүндө келишимди түзүү перспективалары 2016-жылдын май айында ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын Сингапур Республикасынын Премьер-министри Лу Сянь Лун менен болгон жолугушуусунун жүрүшүндө талкууланган, анын натыйжалары боюнча бул тректи өнүктүрүүгө кызыгуу бар экендиги белгиленген. 2016-жылдын декабрь айында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө чечими кабыл алынган.