Sign In
ЕЭК «Машиналардын жана жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө» техрегламентине өзгөртүүлөрдү жактырды.

ЕЭК «Машиналардын жана жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө» техрегламентине өзгөртүүлөрдү жактырды.

15.12.15

15-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын кезектеги отурумунда, интеграция жана макроэкономика, соода, бажы кызматташтыгы, экономика жана каржы саясаты, техникалык жөнгө салуу, санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар тармагындагы маселелер каралды.

ЕЭК Коллегиясы Комиссиянын Кеңешинин чечиминин долбоорун жактырды. Анда «Машиналардын жана жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө» аттуу, биримдиктин техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Техрегламент 2011-жылы кабыл алынган. Ал Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө машиналарга жана жабдууларга аткарылууга милдеттүү болгон коюлуучу талаптарды биринчи кезекте, алардын коопсуздугун жана ташылуу эркиндигин камсыз кылуу максатында белгилейт. Бирок 2013-жылы 15-февралда күчүнө кирген техрегламентти пайдалануу учурунда, укуктук жактан аныксыздыкты байкаган бир катар уюмдар ЕЭКке кайрылган: Соода, коомдук тамактануу ишканалары жана ашкана блоктору үчүн жабдуулар сертификация жана декларациялоо түрүндө тастыктоого тийиш болгон. «Машиналардын жана жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентке Комиссия даярдаган өзгөртүүлөр, ошол аныксыздыкты жоюусу керек – документте тастыкты декларациялоо гана калтырылышы белгиленген. Ошентип, бизнес техникалык регламенттин талаптарына өнүмдөрдүн дал келишин тастыктоо жаатында аракеттердин так алгоритмине ээ болот.

Комиссия, ошондой эле, Биримдиктин «Мөмө-жемиштердин жана жашылчалардын шире өнүмдөрүнүн техникалык регламентине» Стандарттар тизмесинин жаңыланган редакциясын кабыл алды. Тизмелердин бири актуалдашкан стандарттарды камтыйт, аларды колдонуунун натыйжасында техрегламенттин талаптарын аткаруу эрктүү түрдө камсыз кылынат. Дагы бир тизме болсо, анын талаптарын аткарууга жана колдонууга жана өнүмдөрдүн дал келүүсүн баалоого зарыл болгон изилдөөлөрдүн (сыноолоордун) эрежелери менен ыкмаларын камтыйт. Тизмелерге, атап айтканда, 58 эл аралык стандарт, Беларустун мамлекеттик стандарты жана Россиянын 11 стандарты киргизилген – аларда, мамлекеттер аралык стандарттар менен каралбаган шире өнүмдөрүнүн көрсөткүчтөрүн аныктоо ыкмалары камтылган.