Sign In
ЕАЭБ Монголия жана Индонезия менен экрин соода жөнүндө макулдашууларды түзүү перспективаларын биргелешип изилдөөнү баштоодо

ЕАЭБ Монголия жана Индонезия менен экрин соода жөнүндө макулдашууларды түзүү перспективаларын биргелешип изилдөөнү баштоодо

15.09.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Монголия жана Индонезия менен экрин соода жөнүндө макулдашууларды түзүүнүн максатка ылайыктуулугу маселесин изилдөө боюнча биргелешкен изилдөө топторун (БИТ) түзүү жөнүндө чечим кабыл алды. Эксперттердин пикири боюнча, аталган мамлекеттер менен соода-экономикалык мамилелер ишке ашырылбаган чоң потенциалга ээ.

"2019-жылдын сентябрь айында Комиссиянын Кеңеши тарабынан ЕАЭБдин эркин соода макулдашуулары боюнча жаңы потенциалдуу өнөктөштөрүн аныктоо милдети коюлган. Аны ишке ашыруунун алкагында ЕЭКтин жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эксперттери, эркин соода режимин түзүүнүн перспективдүүлүгүн изилдөө боюнча иштерди улантууга өз ара кызыгууну баалоо үчүн, бир катар соода өнөктөштөрү менен алдын ала чоң иш жүргүзүшкөн. Бүгүнкү күндө биз Улан-Батордогу жана Джакартадагы кесиптештерибиз менен мындай өз ара кызыгуунун бар экендигин аныктап гана эмес, биздин өлкөлөрдүн эксперттери БИТ форматында предметтик жактан изилдеп чыгууга тийиш болгон маселелерди макулдаштык", – деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнёв.

Алсак, Монголиянын экономикасынын чакандыгына карабастан, бул өлкөнүн ЕАЭБ менен тарыхый калыптанган байланыштары бар. Бирликтин географиялык коңшусу болуп саналган Монголия мүчө мамлекеттер менен бир катар биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып келет. Атап айтканда, учурда Улан-Батор темир жолун өнүктүрүү, Монголияга жүк вагондорун жеткирүүлөр, жарандык авиакуруу, электроэнергетика, жер казынасын пайдалануу, мамлекеттик башкарууну автоматташтыруу, автомобиль жолдорун куруу боюнча долбоорлор талкууланууда. Кызматташтыктын башка багыттарынын катарында өнөр жай кооперациясы, аскердик-техникалык кызматташтык, атомдук энергетика жана мунай өнүмдөрүн жеткирүүлөр жаатында өз ара аракеттенүү каралууда. Өткөн жылда Россия-Монголия инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөн. Ошондой эле, Казакстан жана Монголия 100 млн доллардык жалпы капиталдаштыруу менен тикелей инвестициялар фондун түзүшүүдө.

ЕАЭБдин жана Монголиянын ортосунда Эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүлгөн учурда түзүлүшү мүмкүн болгон жагымдуу соода режими техникалык жөнгө салуу, бажы жол-жоболору жаатындагы жана башка чөйрөлөрдөгү тоскоолдуктарды жоюу менен, регионалдык кызматташтыктын андан ары өнүгүшүнө жол ачат. ЕЭКтин баалоолору боюнча, өз ара соода жалпысынан 250 млн долларга өсүшү мүмкүн. Монголияга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн өнөр жай продукциясын жеткирүүлөрдүн ыктымалдуу өсүшү аталган мамлекеттен экологиялык жактан таза айыл чарба товарларын сатып алуулардын өсүшү менен коштолушу мүмкүн.

Өз кезегинде, калкынын саны боюнча дүйнөдө төртүнчү орунду ээлеген Индонезия, рыногунун көлөмү боюнча АСЕАН мамлекеттеринин ичинен эң ириси болуп саналат. Аталган мамлекеттин экономикасы агрардык-индустриалдык типке таандык жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн эң перспективдүүлөрүнүн бири болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө Россия жана Индонезия жүк ташуучу унааларды жеткирүү, энергетика тармактарында жана космос чөйрөсүндө кызматташтык боюнча инвестициялык долбоорлорду талкуулашууда. Беларусь Республикасы жүк ташуучу унааларды жана айыл чарба техникасын жеткирет, өнөр жай кооперациясы, саламаттыкты сактоо жана инфраструктуралык долбоорлор жаатында иш алып алып барат.

Жалпысынан ЕАЭБдин жана Индонезиянын өнөктөштүгү үчүн өнөр жай жана айыл чарба продукциясын жеткирүүлөр өз ара кызыгууга ээ болушу мүмкүн. Эркин соода жөнүндө макулдашуунун түзүлүшү Индонезиянын жана Евразия "бешилтигинин" өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданын 1,4 млрд долларга өсүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү.

"Биздин өлкөлөрдүн ортосунда сооданы өнүктүрүү потенциалынан сырткары, соода жол-жоболорун жеңилдетүү жагында тарифтик жана тарифтик эмес коргоо жаатындагы тоскоолдуктардын ыктымалдуу жоюлушу жана төмөдөтүлүшү боюнча, БИТтин курамына кирүүчү эксперттер биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди кылдаттык менен изилдеп чыгышмакчы жана маселелерин кеңири спектри боюнча өздөрүнүн сунуштамаларын көрсөтүшмөкчү. Инвестициялык кызматташтыктын учурдагы абалы бааланат, өз ара кызыкчылыкка ээ болгон долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында биздин өлкөлөрдүн экономикалык операторлорунун ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча сунуштар да түзүлөт деп күтүүдөбүз, ошондой эле, Индонезиянын АСЕАНдагы ролун эске алуу менен, – болочок Чоң Евразия өнөктөштүгүнүн алкагында инфраструктураны түзүү жана жөнгө салууну шайкеш келтирүү боюнча бир кыйла кеңири милдеттин контекстинде", – деп Андрей Слепнёв кошумчалады.

Маалымат

ЕАЭБ укугуна ылайык, үчүнчү өлкөлөр менен эркин соода режимин түзүүнүн перспективдүүлүгүн баштапкы талдоодон жана анын жыйынтыктары боюнча оң корутундуларды алгандан кийин, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жана ЕЭКтин эксперттеринен сырткары Бирликтин аталган макулдашуу боюнча потенциалдуу өнөктөшүнүн өкүлдөрүнөн турган БИТтин алкагында эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүүнүн перспективдүүлүгүн ар тараптуу изилдөө ишке ашырылат. Мындай иш милдеттүү түрдө ЕАЭБдин түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү баштоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин аткарылууга тийиш.​