Sign In
ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБтин таңгакталган ичүүчү сууга карата талаптарын аныктаган техрегламентинин долбоорун жактырды

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБтин таңгакталган ичүүчү сууга карата талаптарын аныктаган техрегламентинин долбоорун жактырды

16.05.17

16-майда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын отуруму болуп өттү. Күн тартибине техникалык жөнгө салуу маселелери кирди. Атап айтканда, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) “Таңгакталган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суунун коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентинин долбоору жактырылды. Мындан тышкары, ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү (министрлер) Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин 2020-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүндө калкты улуттук кайра каттоону даярдоону жана өткөрүүнү камсыздоого байланыштуу тескемелеринин долбоорун карап чыгышты.

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБтин “Таңгакталган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суунун коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентинин долбоору жактырды. Документтин талаптары жаратылыш-минералдык суусуна, анын ичинде, ашкана, дарылык-ашкана жана дары сууларына,  ошондой эле купаждалган, иштетилген жана минералдык ичүүчү сууларга, балдардын азыгы үчүн арналган ичүүчү сууларга, жасалма минералдаштырылган ичүүчү сууларга таркалат.  Техрегламенттин долбоорунда таңгакталган ичүүчү сууну өндүрүүгө, сактоого, ташууга, жүзөгө ашырууга жана утилизациялоого карата талаптар жазылган. Атап айтканда, өндүрүүчүлөр жана сатуучулар химиялык жана микробиологиялык коопсуздук боюнча талаптарды так сакташы керек болот. Табигый минералдык сууну таңгактарга куюштуруу үчүн булакка же скважинага карата антропогендик таасирден корголгон, кайсыл мамлекеттин жер алдынан алынып жатса, ошол мамлекеттин мыйзамы боюнча табигый минералдык суу деп эсептелген суу колдонулушу керек. 

Мындан тышкары, ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБтин “Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө” техрегламентине буга чейин кабыл алынган өзгөртүүлөргө ыңгайлашууга ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыздаган өткөөл жоболорду аныктаган.   Тактап айтканда, ЕЭК Кеңешинин чечимине ылайык документке магниттик элементтери бар продукциянын коопсуздугун камсыздоого багытталган бир катар жаңы жоболор киргизилген. Мисалы, бекитилбеген, чакан көлөмдөгү өтө күчтүү магниттери бар оюнчуктарды сатууга жана жайылтууга тыюу салынган.

ЕЭК Коллегиясынын чечиминде каралгандай, өзгөртүү күчүнө киргенге чейин (2018-жылдын 30-мартына чейин) магниттик оюнчуктарга карата берилген сертификаттар алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу болот. Алар боюнча оюнчуктарды өндүрүүгө жана Биримдиктин рыногуна айланымга чыгарууга болот. Мындай оюнчуктар ЕАЭБтин беш өлкөсүндө аныкталган кызмат мөөнөтү же жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин айланымга чыгарыла алат. 

ЕЭК Коллегиясынын отурумунда Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин ЕАЭБ өлкөлөрүндө калкты улуттук кайра каттоону даярдоону жана өткөрүүнү камсыздоого байланыштуу тескемелеринин долбоору каралды.

ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая белгилеп өткөндөй, кайра каттоо калктын саны жана түзүмү туурасында так жана толук маалымат алуунун эң натыйжалуу ыкмаларынын бири болуп эсептелет. Алынган маалымат бүтүндөй коомдун, калктын айрым топторунун өнүгүүсүндөгү заманбап процесстерди жана тенденцияларды, төрөлүмдүүлүккө жана өлүмдүүлүккө, жарандардын эмгек жигердүүлүгүнө, миграциянын багыттарына таасирин тийгизген себептерди жана факторлорду, предметтүү жана көп кырдуу ачуу үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2015-жылдын декабрындагы тескемеси менен 2020-жылдын раундунда калкты кайра каттоону өткөрүүнүн бирдиктүү мөөнөтү 2019-жылдын октябрынан баштап, 2020-жылдын октябрына чейин аныкталган.  Анткен менен калкты кайра каттоону өткөрүүнүн мөөнөттөрү жакындашы менен терминологияга жана статистикалык көрсөткүчтөрдүн методологиясына карата ык-амалдардын бирдиктүүлүгүн эл аралык стандарттардын негизинде түзүү маанилүү жана зарыл болууда.

Өкмөттөр аралык кеңештин тескемеси Биримдик өлкөлөрүндө кайра каттоону ийгиликтүү өткөрүүнү жана ЕАЭБте салыштырмалуу статистикалык маалыматты алууну камсыздаган шарттардын түзүлүшүнө өбөлгө болот.

Ошондой эле аларга карата бажы декларациясын тапшыруу бажы органына ЕАЭБтин бир катар техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештикти баалоо жөнүндө документти берүү менен коштолгон продукциянын тизмесин аныктаган ченемдик актылар Биримдиктин Тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн бирдиктүү товардык номенклатурасына шайкештелди.  Аталган техрегламенттердин катарында - “Төмөн вольттуу жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө”, “Газ сымал отун менен иштөөчү аппараттардын коопсуздугу жөнүндө”, “Техникалык каражаттардын электромагниттик шайкештиги”, “Эмерек продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” техрегламенттер, “Мөмөлөрдөн жана жашылчалардан жасалган шире продукциясына карата техникалык регламент” жана “Балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган продукциянын коопсуздугу жөнүндө” техрегламент бар.