Sign In
ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитети ачык талкуулоо үчүн ЕАЭБтин “Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине өзгөртүүлөрдүн долбоорун жактырды

ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитети ачык талкуулоо үчүн ЕАЭБтин “Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине өзгөртүүлөрдүн долбоорун жактырды

10.06.16

9-июнда ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Валерий Корешковдун төрагалыгы алдында өткөн Евразия экономикалык комиссиясына караштуу Техникалык жөнгө салуу, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча консультативдик комитетинин кезектеги отурумунда техникалык жөнгө салуу жана санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу чөйрөсүндөгү кеңири спектрдеги суроолор каралды.

Отурумга Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн бир катар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жетекчилери, көзкарандысыз эксперттер жана бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышышты.

Консультативдик комитет, атап айтканда, ачык талкууга чыгаруу үчүн Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) “Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине №2 өзгөртүүлөрдүн долбоорун жактырды, оюнчуктардын психологиялык-педагогикалык коопсуздугуна талаптарды аныктоо жагында. Бул долбоор мындай оюнчуктарды өндүрүүдө жана сатууда чектөөлөрдү орнотуу туурасында депутаттардын, педагогдордун, психологдордун кайрылууларын, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялоолорду эске алуу менен даярдалган. Адистердин пикири боюнча, техрегламентке психологиялык-педагогикалык экспертизанын корутундусунун зарылдыгы жөнүндө ченемди киргизүү Биримдик өлкөлөрүндө балдар товарларынын рыногун натыйжалуу укуктук жөнгө салууну камсыздап, балдарды кооптуу оюнчуктардан коргойт. Бир эле учурда бул долбоор ДСУ эрежелерине ылайык, нотификация үчүн жөнөтүлөт.

Консультативдик комитетте талкуулоонун жыйынтыгы боюнча ЕЭК Коллегиясынын кароосуна жөнөтүү үчүн башка бир нече документтер жактырылды.

Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө бул ЕЭК Кеңешинин “Бажы биримдигинин алкагында бирдиктүү документтерди берүү менен, шайкештигин милдеттүү баалоого (тастыктоого) тийиштүү продукциянын бирдиктүү тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, “Өлчөө каражаттарынын түрүн бекитүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө”, “Өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыздоо боюнча иштердин жыйынтыктарын өз ара таануунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” чечимдеринин долбоорлору жана ЕЭК Коллегиясынын “Өлчөө каражаттарын текшерүүнү уюштуруунун тартибин бекитүү жөнүндө” чечиминин долбоору.

Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу чөйрөсүндө - ЕЭК Кеңешинин “Евразия экономикалык биримдигинин карантиндик объекттеринин бирдиктүү тизмесин бекитүү жөнүндө”, “Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында карантиндик продукцияга көрсөтүлгөн Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарды бекитүү жөнүндө”, “Евразия экономикалык биримдигинин аймагында өсүмдүктөрдүн карантинин камсыздоонун Бирдиктүү эрежелерин жана ченемдерин бекитүү жөнүндө” жана “Бажы биримдигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы №318 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  чечимдеринин долбоорлору.

ЕАЭБтин “Тамак аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине № 1 өзгөртүүлөрдүн долбоору жана Комиссиясынын Кеңешинин “Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттеринин аймагында, отчеттук календардык жылдын аралыгында сатылган тамеки буюмдарынын жана алардан бөлүнүп чыккан заттардын курамы жөнүндө отчет формасын бекитүү жөнүндө” чечиминин долбоору кошумча консультацияларды талап кылат.

Мындан тышкары, Биримдик өлкөлөрүнүн сунуштары боюнча отурумда Биримдиктин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу планын пункттар менен толуктоого тиешелүү маселелер каралды: ЕАЭБ мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен Биримдиктин “Метрополитендин кыймылдуу составынын коопсуздугу жөнүндө”, “Жеңил рельстик транспорттун, трамвайлардын коопсуздугу жөнүндө” техрегламенттерин иштеп чыгуу жана “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” техрегламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

ЕЭК Министри Валерий Корешков Комиссиянын Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директору Арман Шаккалиевди Консультативдик комитеттин жооптуу катчысы кылып дайындады.

Министр ошондой эле Консультативдик комитет жөнүндө жобонун жаңы редакциясы даярдалып жатканы жөнүндө маалымдады. 

Маалымат

Техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча консультативдик комитет ЕЭК Коллегиясынын 2012-жылдын 18-сентябрындагы №161 чечими менен түзүлгөн жана ишмердүүлүгүн Консультативдик комитет жөнүндө жобого ылайык жүргүзөт.  ЕАЭБ мамлекеттеринин өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрүүнү жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жана ЕЭКтин чечимдеринин долбоорлору боюнча техникалык жөнгө салуу, санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чараларды колдонуу чөйрөсүндө сунуштарды иштеп чыгууну камсыздаган консультативдик орган болуп саналат.