Sign In
Бажы биримдигинин “Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине №2 өзгөртүүлөрдүн долбоорун ачык талкуулоо башталды

Бажы биримдигинин “Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине №2 өзгөртүүлөрдүн долбоорун ачык талкуулоо башталды

16.06.16

16-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында ачык талкуулоо үчүн Бажы биримдигинин“Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине №2 өзгөртүүлөрдүндолбоору чыгарылды.

Тийиштүү чечим Евразия экономикалык комиссиясына караштуу Техникалык жөнгө салуу, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча консультативдик комитет тарабынан кабыл алынган.

Өзгөртүүлөрдүн долбоору ЕЭК Кеңешинин Чечими менен бекитилген Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) техникалык регламенттерин иштеп чыгуу жана Бажы биримдигинин техникалык регламенттерине өзгөртүүлөрдү киргизүү планына ылайык, Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлиги тарабынан иштелип чыгарылган.

Өзгөртүүлөрдүн долбоорунда Биримдиктин техникалык регламентинде оюнчуктардын психологиялык-педагогикалык коопсуздугуна талаптарды аныктоо каралган, оюнчуктардын арасында балдардын өнүгүүсүнө жана психикалык ден соолугуна зыян келтирүүгө жөндөмдүүлөрү да бар.  Бул долбоор мындай оюнчуктарды өндүрүүдө жана сатууда чектөөлөрдү орнотуу туурасында депутаттардын, педагогдордун, психологдордун кайрылууларын, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялоолорду эске алуу менен даярдалган. Адистердин пикири боюнча, техрегламентке психологиялык-педагогикалык экспертизанын корутундусунун зарылдыгы жөнүндө ченемди киргизүү Биримдик өлкөлөрүндө балдар товарларынын рыногун натыйжалуу укуктук жөнгө салууну камсыздап, балдарды кооптуу оюнчуктардан коргойт.

Бир эле учурда өзгөртүүлөрдүн долбоору боюнча зарыл маалымат Дүйнөлүк соода уюмунун Катчылыгына нотификациялоо үчүн жөнөтүлгөн.

Ачык талкуулоо болжолу менен 2016-жылдын 31-августуна чейин уланат, ага чейин Евразия экономикалык комиссиясынын дарегине эскертүүлөрдү жана сунуштарды (пикирлерди) жөнөтүүгө болот.