Sign In
ЕЭК жана ЕККУ COVID-19 пандемиясынын шарттарында өз ара аракеттенүүнү улантышууда

ЕЭК жана ЕККУ COVID-19 пандемиясынын шарттарында өз ара аракеттенүүнү улантышууда

16.06.20

Ишкердик жана инвестициялык климатты жакшыртуу, стабилдүү каржылык шарттарды түзүү, контракттарды түзүү процесстерин жана мамлекеттик сатып алууларды санариптештирүү, ошондой эле санариптик технологиялардын аркасында экономикалык ишмердикке кеңири сандагы катышуучуларды тартуу – бул темалар ЕККУнун 28-чи Экономикалык-экологиялык форумунун экинчи даярдык жолугушуусунун жүрүшүндө көңүл борборунда болду. 

Аталган иш-чара 15-июнда видеоконференция форматында өткөрүлүп, ЕККУ өлкөлөрүнөн жана региондун негизги эл аралык уюмдарынан 200 чамасындай катышуучуларды бириктирди. ЕККУнун Башкы катчысы Томас Гремингер иш-чаранын катышуучуларына саламдашуу сөзү менен кайрылып, региондогу мамлекеттердин өкүлдөрүнүн бетме-бет байланыштарынын убактылуу токтотулгангандыгына карабастан, COVID-19 пандемиясынын мезгилинде өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

"Өлкөлөр жана регионалдык бирикмелер коронавирус пандемиясынын экономикага таасирин болушунча азайтууга аракет кылып жаткан шарттарда инвестициялык жана бизнес-климатты жакшыртуу, башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш, ошондой эле бизнес-процесстерди санариптештирүү өзгөчө мааниге ээ болууда", – деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Гоар Барсегян.

Гоар Барсегян Комиссиянын евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын үстүнөн алып барып жаткан иши жөнүндө айтып берип, ЕАЭБде бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртуунун перспективаларына өзгөчө токтолуп өттү. Ошондой эле, ЕЭК өкүлү Бирликтин бажылык жөнгө салуу жол-жоболорун камтыган санариптик экотутумун түзүү, жарандардын Бирликтин кайсы болбосун мамлекетинде жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, алардын мобилдүүлүгүн жогорулатуу пландары тууралуу айтып берди.

Дискуссиянын жүрүшүндө форумдун катышуучулары бизнес-климатты жакшыртуунун жана жарандардын жана мамлекеттин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү үчүн универсалдуу санариптик платформаларды түзүү аркылуу транспаренттүүлүктү жогорулатуунун, бизнес-процесстерди жакшыртуунун эң маанилүү аспектилерин жана башка темаларды талкуулашты.

ЕЭК өкүлү ЕККУдагы өнөктөштөрдүн көңүлүн ЕАЭБдин алкагындагы санариптик долбоорлордун комплексине бурду. Алар бизнестин жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн ачыктыгын сактоого, Бирликтин мамлекеттеринин кеңири сандагы жарандарынын экономикалык чөйрөгө тартылуусуна өбөлгө түзүүгө, жеке жактардын жана, коронавирус пандемиясынын шарттарында өзгөчө актуалдуу болуп саналган, юридикалык жактардын бетме-бет байланыштарынын санын азайтууга мүмкүндүк берет.

 

Форумдун күн тартиби экономикалык өсүшкө жана стабилдүүлүккө көмөк көрсөтүү, санариптештирүү "жашыл экономикага" өтүүгө өбөгө түзүүчү элемент катары деген темаларды да камтыды.

ЕЭК "ЕККУнун экинчи экономикалык себети" линиясы боюнча иш-чараларда үзгүлтүксүз катышып келет. Буга чейин 2020-жылда ЕККУнун 28-чи Экономикалык-экологиялык форумунун 17-февралда өткөрүлгөн биринчи даярдык жолугушуусунда Албаниянын төрагалыгынын ЕККУнун мамлекеттеринин жана эл аралык уюмдардын, анын ичинде ЕАЭБдин экономикалык кызматташтыгы жаатындагы приоритеттери боюнча саат салыштыруу өткөрүлгөн эле. Форумдун аяккы жолугушуусун 2020-жылдын 10-11-сентябрында Прагада өткөрүү пландаштырылган.​