Sign In
ЕЭК Коллегиясы жай мезгилинин аягына чейин ЕАЭБден күн карама үрөнүн алып чыгуунун өзгөчө режимин белгиледи

ЕЭК Коллегиясы жай мезгилинин аягына чейин ЕАЭБден күн карама үрөнүн алып чыгуунун өзгөчө режимин белгиледи

16.06.20
Евразия экономикалык комиссиясы жай мезгилинин аягына чейин Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан күн карама үрөнүн алып чыгуунун өзгөчө режимин белгилөө жөнүндө чечим кабыл алды. Учурда аталган продукциянын экспортуна тыюу салынган. Аталган тыюу салуу 2020-жылдын 30-июнунда аяктайт. Андан кийин 31-августка чейин экспорт боюнча уруксат берүү тартиби аракеттенмекчи.

 

"Продукцияны алып чыгуунун өзгөчө режими дүйнөлүк рыноктогу чоң суроо-талап менен шартталган жана коронавирустун фонунда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чет элдик өнөктөштөрдүн запастарды түзүүсүнө байланыштуу. Бирликте жаңы түшүм чогултулганга чейин ички рынокту күн карама үрөнү менен камсыз кылып, мүмкүн болгон тартыштыктын пайда болушунун алдын алуу зарыл", – деп ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёв кабыл алынган чечимге түшүндүрмө берди. 

 

ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринде акыркы жылдарда күн карама майын өндүрүү боюнча түзүлгөн кубаттуулуктардын чоң көлөмүн эске алуу менен, ЕЭК товардын топтолуп калуу коркунучу же чийки заттын керектөөчүлөрү тарабынан продукцияга ашыкча төмөн баалардын болуу коркунучу жок деп эсептейт. Ал эми РФ аталган рыноктогу эң ири экспорттоочулардын бири экендигин эске алсак, аталган чара Бирликтин бажы аймагында күн карама үрөнүн кайра иштетип, даяр товарларды андан ары ыраакы чет өлкөлөргө сатылышына кошумча стимул бериши мүмкүн.​