Sign In
«Евразия жумалыгы» форумунун аянтчасында ЕАЭБдин алкагында гуманитардык кызматташтыктын экономикалык аспектилерин кеӊейтүүнүн перспективаларын талкуулашат

«Евразия жумалыгы» форумунун аянтчасында ЕАЭБдин алкагында гуманитардык кызматташтыктын экономикалык аспектилерин кеӊейтүүнүн перспективаларын талкуулашат

16.08.19

26-сентябрда «Евразия жумалыгы» IV Эл аралык көргөзмө форумунун алкагында «ЕАЭБдин жаңы чектери: жарандардын кызыкчылыгында өнүктүрүү стратегиялары» деп аталган панелдик сессия өткөрүлмөкчү, ал Евразия экономикалык бирлигинин интеграциялык күн тартибинин алкагында билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, туризм жана спорт тармактарындагы маселелерди талкуулоого арналмакчы.

Талкууда катышууга Бирликтин өлкөлөрүнүн тармактык ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана эксперттер чакырылган.

2018-жылдын 6-декабрында ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин башчылары ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияны кабыл алышкан. Документтин негизги багыттарынын бири – гуманитардык кызматташтыктын экономикалык аспектилерин кеңейтүү аркылуу адамдар үчүн интеграциянын потенциалын ачуу, алардын жыргалчылыгын жана жашоо сапатын жогорулатуу.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, туризм жана спорт тармагындагы заманбап жетишкендиктердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында бул тармактар интеграциялык күн тартибине киргизилген. Ошондуктан, азыркы учурда ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин жарандарынын бул тармактардагы интеграциялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдөгү реалдуу муктаждыктары өзгөчө актуалдуу болууда.

Сессиянын катышуучулары төмөнкү маселелерди талкуулашмакчы. Кайсы долбоорлор перспективдүү жана талап кылынган болушу мүмкүн? Бул тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча кандай көйгөйлөр бар? Жарандардын ЕАЭБдин алкагындагы интеграциядан күтүүлөрүн актоо, алардын интеграциялык процесстерге болгон кызыгуусун жогорулатуу үчүн дагы эмнелерди ишке ашыруу зарыл?

Толугураак маалыматты «Евразия жумалыгынын» сайтынан алууга болот
www.eurasianweek.com.​