Sign In
ЕАЭБдин жалпы электроэнергетика рыногу 2025-жылдын 1-январынан кеч эмес аракетке киргизилет

ЕАЭБдин жалпы электроэнергетика рыногу 2025-жылдын 1-январынан кеч эмес аракетке киргизилет

16.08.19

Бул дата Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Электроэнергетика боюнча консультативдик комитетинин Чолпон-Атада (Кыргызстан) болуп өткөн көчмө отурумунда аталды.

«Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жалпы рыногун түзүү – Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди өнүктүрүүнүн маанилүү баскычтарынын бири. Рынокту түзүү, биринчи кезекте, баа түзүүнүн рыноктук, анын ичинде биржалык механизмдерине, ошондой эле ак ниет атаандаштыкты камсыз кылууга багытталгандыгын белгилеп кетким келет», – деп ЕЭК Коллегиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча мүчөсү (министр) Эмиль Кайкиев баса белгиледи.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын май айында мамлекет башчылары Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун алкагында ЕАЭБдин жалпы электроэнергетика рыногун түзүү жөнүндө эл аралык келишимге кол коюшкан. Документте анын түзүлүшүнүн, иштөөсүнүн жана өнүгүүсүнүн укуктук негиздери, Бирликтин жалпы электроэнергетика рыногун башкарууну ишке ашырган жана анын иштешин камсыз кылган органдар жана уюмдар, анын катышуучулары жана инфраструктуралык уюмдары, ошондой эле электр энергиясы менен соода жүргүзүүнүн ыкмалары аныкталган.

ЕЭК министринин айтуусу боюнча, жалпы электроэнергетика рыногун түзүү ишкерлерге энергоресурстардын жеткирүүчүлөрүн эркин тандоого мүмкүндүк берет, ал эми бул өндүрүлүп жаткан продукциянын өздүк наркына оң таасирин тийгизет. Мындан сырткары, бул ЕАЭБ мамлекеттеринин энергокоопсуздугун бекемдейт, электр энергиясына ачык баалардын орнотулушуна, Евразия «бешилтигинин» экономикаларынын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. «Бирок бул үчүн биз рыноктун укуктук негиздерин иштеп чыгууну улантуу менен, дагы көп иштерди аткарышыбыз зарыл», – деди Эмиль Кайкиев.

Мисалы, жалпы электроэнергетика рыногунун иштөө эрежелерин иштеп чыгууну аягына чыгаруу зарыл. Бул – электр энергиясы менен соода жүргүзүүнү, анын Бирликтин өлкөлөрү аркылуу транзитин, мамлекеттер аралык электр берүү линияларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бөлүштүрүүнү жана рыноктогу маалымат алмашууну жөнгө салган төрт документ.

Мындан сырткары, электр энергиясынын рыногу жөнүндө мурда кол коюлган келишимде аталган энергоресурс менен соода жүргүзүүнү уюштуруу каралган, демек, мындай соода жүргүзүүнүн регламенттерин даярдоо зарыл.

Ушул жылда Комиссия рыноктун иштеши үчүн зарыл болгон бардык документтерди кабыл алуунун планын ЕАЭБдин мамлекет башчыларынын бекитүүсүнө көрсөтүүнү пландаштырууда. Анын долбоору Консультативдик комитеттин отурумунда макулдашылган. Комитеттин мүчөлөрүнүн пикири боюнча, 2024-жылдын 1-январынан кеч эмес мөөнөттө жалпы электроэнергетика рыногун имитациялык режимде аракетке киргизүү зарыл, бул анын иштөө эрежелерин сыноого, ошондой эле электр энергиясы менен соода жүргүзүүнүн электрондук тутумун тууралоого мүмкүндүк берет.

Мындан сырткары, Консультативдик комитеттин отурумунда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Бирликтин жалпы электроэнергетика рыногун жөнгө салуу боюнча органды түзүү жөнүндө демилгесин ишке ашыруунун мүмкүн болгон жолдору талкууланды. Атайын жумушчу топко – ЕАЭБдин жалпы рыногун түзүү боюнча комитетчеге – бул маселени кылдаттык менен иштеп чыгуу тапшырылды.