Sign In
Улуттук валюталарды пайдаланууну кеңейтүү үчүн жөнгө салуучу органдардын кыйла тыгыз кызматташтыгы талап кылынат

Улуттук валюталарды пайдаланууну кеңейтүү үчүн жөнгө салуучу органдардын кыйла тыгыз кызматташтыгы талап кылынат

16.08.19

Улуттук валюталарда эсептөөлөрдү жүргүзүү боюнча эксперттик кеңештин Россия Банкы тарабынан Москвада уюштурулган отурумунда улуттук валюталарда эсептөөлөрдү жүргүзүү жана КМШдагы интеграциялык процесстер, улуттук валюталардагы каржы куралдарын өнүктүрүү, КМШ мейкиндигиндеги төлөм тутумдарынын интеграциясы талкууланды.

Талкууда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК), КМШнын Каржылык-банк кеңешинин, КМШнын Аткаруучу комитетинин, Россия банктарынын ассоциациясынын, Өзбекстан Республикасынын Улуттук төлөм тутумунун, Россия өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн жана алыскы чет өлкөлөрдүн коммерциялык банктарынын өкүлдөрү катышышты.

Комиссия ЕАЭБдин ар бир мүчө мамлекетиндеги эң ири беш банкты тандалма негизде текшерүүнүн натыйжаларын көрсөттү. Ал учурдагы валюталык жана пруденциалдык жөнгө салуу режимдери Бирликтин өлкөлөрүндө бири биринен олуттуу түрдө айырмаланган, жеткирилип жаткан банк өнүмдөрүнүн (коюмдар, мөөнөттөр) тизмегине жана шарттарына таасир тийгизишин көрсөттү.

Жөнгө салуучу органдардын улуттук валюталарды пайдаланууну ке
ңейтүүгө өбөлгө түзүү максатында өз ара аракеттенүүсүнүн перспективдүү багыттары аталды. «Улуттук валюталарды пайдаланууну кеңейтүүнүн активдүүлүгү капиталдын кыймылына байланыштуу операциялардын либералдаштырылышы, макроэкономикалык жөнгө салуу сыяктуу маселелер боюнча тараптардын канчалык тыгыз өз ара аракеттенүүсүнөн көз каранды болот», – деди ЕЭКтин Макроэкономикалык саясат департаментинин директору Тоты Калиаскарова.

Отурумдун катышуучулары тышкы соода операциялары боюнча эсептөөлөрдө жана акча которууларды ишке ашырууда улуттук валюталардын активдүү пайдаланылышы улуттук валюталарда номиналданган куралдарга улуттук валютаны чыгарган өлкөнүн ички рыногунан сырткары суроо-талаптын жана сунуштун – улуттук валютанын эминентинин пайда болушуна алып келди деген пикирге макул болушту. Өз ара кызыкчылыкка ээ болгон жана улуттук валюталарды пайдалануу менен байланыштуу бир катар тармактарда саясаттардын кыйла тыгыз координациясы зарыл болууда. Улуттук банктар, биринчи кезекте, өздөрүнүн улуттук валюталарын пайдаланууну кеңейтүүгө жана чет элдик валюталарды пайдаланууну азайтууга кызыкдар болгондуктан, кызыкчылыктардын балансын сактоо маанилүү.​