Sign In
Тимур Жаксылыков Европа бирлиги менен тыгыз өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү зарылчылыгы тууралуу билдирди

Тимур Жаксылыков Европа бирлиги менен тыгыз өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү зарылчылыгы тууралуу билдирди

3.jpg
16.10.19

Европа бирлиги (ЕБ) жана Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) ири соода, инвестициялык жана технологиялык өнөктөштөр болуп саналат, жана бул бирикмелердин өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү зарыл. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков Лиссабондон Владивостокко чейинки бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү боюнча жумушчу топтун отурумунда жана Берлин Евразия клубунун

27-отурумунда билдирди.

 

«Евразия экономикалык бирлиги эки эң ири региондун – Европа бирлигинин жана Азия-Тынч океан регионунун ортосунда жайгашкан. Бул бизге Чыгыш менен Батыштын, Европа менен Азиянын ортосундагы экономикалык көпүрө катары атаандаштык артыкчылыкты берет», – деди Тимур Жаксылыков.

 

ЕЭК министри дүйнөлүк экономикалык архитектура өзгөрүлүп жаткан шарттарда Евразия экономикалык бирлигинин жана Европа бирлигинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ деп кошумчалады.

 

«ЕАЭБдин жана ЕБнын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеӊейтүү үчүн, биринчи кезекте, интеграциянын Евразия жана Европа векторлорун синхрондоштуруу зарыл. Биз тыгыз өз ара аракеттенүүнү «түбүнөн», бажылык тескөө-башкаруу, техникалык жөнгө салуу жана товарларды транзиттөө жаатындагы талаптарга байланыштуу жол-жоболорду шайкеш келтирүүдөн баштап өнүктүрүшүбүз зарыл, – деди Тимур Жаксылыков. – Европа бирлиги биз үчүн ири соода, инвестициялык жана технологиялык өнөктөш жана ЕАЭБ экспорттоп жаткан товарлардын негизги сатып алуучусу болуп саналат».

 

Ошондой эле, Тимур Жаксылыков кыйла атаандаштыкка жөндөмдүүрөөк жеке бизнести түзүүнүн жана соода жол-жоболорун жеңилдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 

Тимур Жаксылыков ЕАЭБдин укуктук жөнгө салуусу БСУнун ченемдик базасына ылайык түзүлгөн деп баса белгиледи. Бул ЕБнын жана ЕАЭБдин бажылык декларациялоо, техникалык жөнгө салуу, санитардык, фитосанитардык чаралар, интеллектуалдык менчикти коргоо чөйрөлөрүндөгү жана көптөгөн башка чөйрөлөрдөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү үчүн негиз боло алат.

 

Европа дипломатиялык коомдоштуктарынын өкүлдөрү да Европа бирлиги өз кезегинде Евразия бирлиги менен кызматташтыкты активдештирүүгө кызыкдар деп баса белгилешти.

 

Отурумда Европа комиссиясынын, Германиянын жана Казакстандын дипломатиялык, саясий, ишкердик жана эксперттик коомдоштуктарынын өкүлдөрү катышышты. Иш-чаранын катышуучулары Европа бирлигинин Борбордук Азия боюнча жаңы стратегиясынын алкагындагы экономикалык, инвестициялык кызматташтык жана регионалдык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

 

Маалымат

Берлин Евразия клубу 2012-жылы Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин жана «Европага жол» мамлекеттик программасынын демилгеси боюнча Казакстандын жана Германиянын, ошондой Европа бирлигинин ортосундагы коомдук-саясий маселелердин кеңири спектрин талкуулоо үчүн диалог аянтчасы катары түзүлгөн.

«Лиссабондон Владивостокко чейинки бирдиктүү экономикалык мейкиндик» жумушчу тобу 2015-жылдын ноябрында Берлинде, Евразия экономикалык бирлигинин жана Европа бирлигинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жолго коюлушун колдогон ири европалык бизнестин демилгеси боюнча түзүлгөн.