Sign In
ЕАЭБде өнөр жайдын секириги үчүн өндүрүштүн кооперациясы жана инновациялык долбоорлор керек

ЕАЭБде өнөр жайдын секириги үчүн өндүрүштүн кооперациясы жана инновациялык долбоорлор керек

16.10.19

15-октябрда Москвада өткөрүлгөн «Интеграция» Евразия өнөр жай конгрессинин катышуучулары Евразия экономикалык бирлигиндеги (ЕАЭБ) өнөр жай кызматташтыгынын көйгөйлөрүн жана перспективаларын жана ишкерлердин өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүнүн аспаптарын талкуулашты. Талкууда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) мүчөлөрү катышышты. Конгрессти өткөрүү демилгеси Бирликтин мамлекеттеринин бизнесинин натыйжалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, үзүрлүү кооперацияга жана рыноктун талабына ээ болгон жогорку технологиялуу өндүрүштүк бирикмелерди түзүүгө кызыкдар өкүлдөрүнөн чыкты.

 

Пленардык отурумдун модератору, ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев отурумду ачып жатып, өз ара сооданын көлөмдөрүнүн өсүшүндө, биргелешкен инвестицияларды көбөйтүү, ЕАЭБдин жалпы бирлигине иштеп жаткан ишканалардын натыйжалуулугун жогорулатууда жетишилген ийгиликтерди белгилеп өттү. Анын пикири боюнча, бул мамлекет башчыларынын евразиялык интеграция боюнча кабыл алган чечимдеринин тууралыгын күбөлөндүрөт.

 

«Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин ишинин жалпы алкактары аныкталды, жана ал иш жүзүндө иштеп жатат. Ошол эле мезгилде биз бул татаал жолдун башында гана турабыз, жаңы технологиялык тартиптин негизинде заманбап жогорку натыйжалуу экономиканы түзүү үчүн бир катар тоскоолдуктарды жеңип өтүү зарыл. Муну өнөр жайды өнүктүрүүнүн илимге негизделген стратегиясын иштеп чыгуусуз жасоо мүмкүн эмес, – деп Сергей Глазьев баса белгиледи. – Бизди бүгүнкү күндө тынчсыздандырган негизги маселе – бул мейкиндик биздин ишкерлер тарабынан кантип колдонулууда. Биз Евразия экономикалык бирлигинин жалпы рыногунда биздин ишканалар өндүргөн товарлардын көбүрөөк болушу жөнүндө ойлонушубуз зарыл. Мунун негизинде өндүрүштүн кооперациясы, бириккен ишканаларды түзүү жана инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу жатат».

 

Ал ЕАЭБ үчүнчү өлкөлөр жана интеграциялык бирикмелер менен кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүдө деп кошумчалады. Атап айтканда, Сингапур менен эркин соода зонасы (ЭСЗ) жөнүндө макулдашууга кол коюлду, жакынкы убакытта Кытай менен Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу жана Иран менен ЭСЗ түзүүгө алып барган убактылуу макулдашуу күчүнө кирмекчи, Сербия менен ЭСЗ жөнүндө макулдашуу кол коюуга даярдалууда.  

 

ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча боюнча министри Александр Субботин экономиканын реалдуу секторунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Кытай менен кызматташтыгына токтолуп өттү. Өнөр жайда жана АӨКтө бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүү, технологияларды жергиликтештирүү, ошондой эле илимий-технологиялык жана инновациялык чөйрөлөрдөгү натыйжалуу өз ара аракеттенүү приоритеттүү багыттар болуп калышы зарыл.

 

«Комиссия тараптар менен биргеликте индустриалдаштыруу картасын түзүүнүн үстүнөн иштөөдө, биз аны ноябрда ЕЭК Кеңешинин кезектеги отурумунда көрсөтмөкчүбүз, деп Александр Субботин баса белгиледи. – Бул документ улуттук өкмөттөрдүн, каржы жана банк түзүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн механизмдерин аныктоого мүмкүндүк берет. Индустриалдаштыруу картасы биздин өлкөлөрдүн экономикаларын өнүктүрүү жагынан алганда да, Бирликтин интгерациясы жагынан алганда да чет өлкөлүк инвестицияларды жана технологияларды тартуу эң эле максатка ылайыктуу болгон тармактарды аныктайт. Бул Кытай менен кыйла салмактанган диалог үчүн негиз болуп калмакчы».

 

ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко соодадагы техникалык тоскоолдуктарды жоюу зарылчылыгы жөнүндө билдирди. Анын пикири боюнча, өнөр жай кызматташтыгынын натыйжалуу өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн үч милдетти аткаруу зарыл: ички рынокту коопсуз эмес продукциядан коргоо, соодадагы тоскоолдуктарды жоюу жана тышкы рынокторго чыгуу үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны биргелешип түзүүгө өтүү.

 

«Биз ЕАЭБде продукцияга талаптардын деңгээли эл аралык стандарттарына максималдуу жакын болушунун үстүнөн иштөөдөбүз. Бул жөн гана стандарттарды жана регламенттерди кабыл алуу эмес, бул биздин өнөр жайды даярдоо, ишканаларды техникалык жактан жабдуу, продукциянын сапатын жогорулатуу, контролду уюштуруу. Документти кабыл алуу оңой, аталган талаптарга чыгуу кыйын. Өнөр жай бул талаптардын аткарылышына жетүүгө даярданышы зарыл», ­– деп Виктор Назаренко өз ишеничин билдирди.

 

ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Карине Минасян өнөр жай секторунун трансформациясындагы негизги тенденцияларды белгилеп өттү. Ал санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана «акылдуу» товарлардын үлүшүнүн өсүшүнө жана бүт продукция «санарипке» өтүп кетип жаткандыгына, ал эми өнөр жайдын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн аныктоочу санариптик платформалар жана экотутумдар санариптик трансформациянын негизги субъектилери болуп жаткандыгына көңүл бурду.

 

«Платформалар жөнүндө сөз кылып жатып, биз бардык платформалар тармактар аралык жана кросс-тармактык болушу, ал эми санариптик экотутумдар – эки принциптин: тармактын жана маалыматтардын негизинде түзүлүшү зарыл экендигин түшүнүп турабыз. ЕАЭБдин алкагында ар бир мамлекеттин санариптик суверенитети, бөлүштүрүлгөндүк, тигишсиздик сыяктуу принциптерге негизделген биргелешкен долбоорлор ишке ашырыла баштады, – деди Карине Минасян. – Биз, биринчи кезекте, евразиялык санариптик тутумдар аркылуу өзүбүздүн долбоорлорду ишке ашыруу менен, эл аралык экотутумдар менен байланышуунун механизмине конкреттүү көз карашты сунуш кылуудабыз. ЕАЭБдин маалыматтарын жүгүртүү жөнүндө макулдашууну иштеп чыгуу жана ага кол коюу зарылчылыгына убакыт келип жетти».

ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыков ЕЭКтин бизнес-коомдоштук менен тыгыз өз ара аракеттенүүсү жөнүндө айтып берди. Комиссияда ЕАЭБдин Ишкердик кеӊеши менен өз ара аракеттенүү боюнча Консультативдик комитет, ошондой көптөгөн консультативдик комитеттер, жумушчу жана эксперттик топтор бар.

«Комиссиянын чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоо институту ийгиликтүү өнүгүүдө. Бизде бизнестин кызыкчылыктарына тиешелүү жана жөнгө салуучу мүнөздөгү улуттан жогорку актылардын чоң блогу бар. 2015-жылдан бери биз аталган актылардын жөнгө салуучу таасирин баалоону алып барабыз, эми болсо кабыл алынган актылардын иш жүзүндөгү таасирин да баалап жатабыз. Мунун аркасында биз бизнес менен кайтарым байланыш механизмин алуудабыз жана жөнгө салууну натыйжалуураак кылууга аракет жасап жатабыз», – деди Тимур Жаксылыков.

Отурумда Россиянын региондорунун өнөр жай ишканаларынын, мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бийлик органдарынын өкүлдөрү, окумуштуулар жана алдыңкы эл аралык эксперттер катышышты. Отурумдун катышуучулары евразиялык интеграцияны андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарын айтышты. Атап айтканда, Евразия өнүктүрүү банкынын башкармасынын төрагасы Андрей Бельянинов ЕЭКтин ыйгарым укуктарын кеӊейтүү идеясын билдирди.

Маалымат

«Интеграция» Евразия өнөр жай конгресси – ЕАЭБде өнөр жай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана перспективаларын жана ЕАЭБдин жалпы рыногуна жана үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна өнөр жай товарларын жеткирүү маселелерин талкуулоо, ошондой эле натыйжалуу интеграция жана ЕАЭБдин жана достош өлкөлөрдүн мейкиндигинде ишкерлердин өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү максатында натыйжалуу аспаптарды иштеп чыгуу үчүн жаңы эл аралык талкуу аянтчасы.