Sign In
ЕЭК Бүткүл дүйнөлүк банк менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө

ЕЭК Бүткүл дүйнөлүк банк менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө

IMG-20191016-WA0014.jpg
16.10.19

Вашингтондо Бүткүл дүйнөлүк банктын штаб-квартирасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын Бүткүл дүйнөлүк банктын жетекчилиги, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк банктын Евразия регионундагы өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен жолугушуусу болуп өттү.

 

ЕЭК делегациясы Вашингтонго Бүткүл дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун ар жылдык биргелешкен чогулушунун алкагында уюштурулган иш-чараларга катышуу үчүн келген.

 

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы жана Бүткүл дүйнөлүк банктын жетекчилиги Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) санариптик демилгелерди ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле фитосанитардык жана ветеринардык жөнгө салуу маселелери боюнча кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты.

Тараптар Евразия экономикалык бирлигинин жана Бүткүл дүйнөлүк банктын тобунун ортосундагы байланыштарды жана кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү үчүн мүмкүн болгон аракеттерди жасоо жөнүндө келишишти.