Sign In
ЕЭК Коллегиясы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында сунуштамаларды кабыл алды

ЕЭК Коллегиясы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында сунуштамаларды кабыл алды

16.09.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ага ылайык Комиссия жана Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында маалымат алмашууну ишке ашыруучу сунуштаманы кабыл алды.

Мүчө мамлекеттерге жыл сайын Комиссияга керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын мазмуну, максаттары, милдеттери, приоритеттери жана принциптери жөнүндө; аталган коргоонун мамлекеттик тутуму жөнүндө; мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) натыйжалары боюнча же жарандардын кайрылууларынын негизинде аныкталган керектөөчүлөрдүн укуктарын бузуулардын саны жана мүнөзү жөнүндө; бул чөйрөдөгү ченемдик-укуктук жөнгө салууга багытталган иш-чаралар ж.б. жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматты жиберүү сунушталган.

Сунуштама Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун мүчө мамлекеттердин башчыларына ушул жылдын 1-январындагы кайрылуусунда айтылган белорус өкмөтүнүн приоритеттерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын 3-пунктун аткаруу үчүн ЕЭКтин санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаменти тарабынан Бирликтин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте даярдалган.

Керектөөчүлөрдүн укуктарын мамлекеттик жана коомдук коргоо тутуму жөнүндө, керектөөчүлүк тобокелдиктерге кабыл болуучу укук мамилелеринин чөйрөлөрү жөнүндө, ошондой эле өлкөлөрдө бул багытта кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө маалыматты Комиссия Бирликтин жалпы маалыматтык ресурстар жана ачык маалыматтар порталында "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо" бөлүмүндө жайгаштырмакчы (https://potrebitel.eaeunion.org). Бул аталган чөйрөдөгү жагдайга туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.​