Sign In
«ЯМАЛ СПГ» долбоорун колдоо жана тез жардам унааларын оорулууларга заманбап жардам көрсөтүү тутумдары менен жабдуу: ЕЭКтин 16-февралдагы Кеңешинин жыйынтыктары

«ЯМАЛ СПГ» долбоорун колдоо жана тез жардам унааларын оорулууларга заманбап жардам көрсөтүү тутумдары менен жабдуу: ЕЭКтин 16-февралдагы Кеңешинин жыйынтыктары

150615_003.JPG
16.02.18
 
ЕЭКтин 16-февралдагы Кеңешинде Евразиялык экономикалык биримдигинин Бирдиктүү бажы тарифинин (ЕАЭБ ББТ) алып келүү бажы алымынын терефталдык кислотага жана анын туздарына карата нөлдүк коюмун узартуу, «Ямал СПГ» долбоору үчүн жабдууларды РФнын аймагына алымсыз алып кирүү, кээ бир техникалык регламенттерге жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү ишке ашыруу жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү чечимдери кабыл алынды. Мындан тышкары, ЕАЭБтин интеграциялык күн тартибинин бир катар башка суроолору да талкууга алынды. Атап айтканда, «Евразия жумалыгы» III Эл аралык көргөзмө форуму 2018-жылдын октябрь айында Арменияда өткөрүлөрү белгилүү болду.
 
«Ямал СПГ» долбоорун ишке ашыруу үчүн Россияга алынып келүүчү бир катар товарларды алып келүү бажы алымдарынан бошотуу чечими кабыл алынды. ЕЭК Кеңешинин чечими менен бекитилген тизмеге технологиялык жабдуулар жана алардын комплекттик бөлүктөрү, алардын арасында – кысылган жана суютулган газ үчүн идиштер, түтүктөр, газ турбиналары ж.б. кирди. Чечимдин аракети, «Ямал СПГ» долбоорунун иштеп башташынын иш жүзүндөгү датасын эске алуу менен, 2017-жылдын 1-январынан тартып пайда болгон укук мамилелерине жайылат.
 
«Ямал СПГ» долбоору – бул Ямал жарым аралынын түндүк-чыгышында жайгашкан Түштүк-Тамбейск кенинин ресурстук базасында табигый газды суюлтуу боюнча интеграцияланган комплексти куруу долбоору. Бул долбоордун ишке ашуусу аналогдору ЕАЭБ аймагында чыгарылбай турган жана РФна жалгыз нускадан алынып келүүчү уникалдуу импорттук жабдуулардын алынып келүүсүн болжойт.
 
ЕЭК Кеңешинин чечими керектүү жабдууларды жана алардын комплекттик жана запастык бөлүктөрүн ЕАЭБтин бажы аймагына алып кирүүдөгү чыгымдарды олуттуу азайтат. Мындан тышкары, уникалдуу жабдууларды жана алардын түп запастык бөлүктөрүн пайдалануу ишкананын жана анын айланасындагы экотутумдун өндүрүштүк жана экологиялык коопсуздугун, продукциянын өзүнүн өндүрүлүшүн жана «Ямал СПГ» ААКнын кол коюлган келишимдер боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылат.
 
ЕАЭБ ББТнин алып келүү бажы алымынын терефталдык кислотага жана анын туздарына карата нөлдүк коюмунун мөөнөтү 2019-жылдын 31-декабрына чейин узартылды.
 
Буга чейин Комиссиянын Кеңешинин чечими менен коюм 5%дан 0%га 2016-жылдын 1-январынан 2017-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө төмөндөтүлгөн.
 
Терефталдык кислота (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 2917 36 000 0) полиэтилентерефталатты өндүрүү үчүн керектелүүчү сырье. Полиэтилентерефталат, өз кезегинде, текстилдик жана тамак-аш өнөр жайында желим бөтөлкөлөр үчүн преформаларды, пленкаларды жана кутулоо идиштерин чыгарууда колдонулат.
 
Биримдикте терефталдык кислотаны бир гана Башкортостан Республикасында жайгашкан «Полиэф» ЖЧК өндүрөт. Ишкананын кубаттуулугу жылына 270 миң тонна затты өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал эми Биримдиктин мамлекеттеринде анын жалпы алгандагы керектөө өлчөмү 500 миң тоннаны түзөт. Алып келүү бажы алымынын нөлдүк коюмунун мөөнөтүн узартуу аяккы өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтөт жана алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.
 
Жакынкы жылдарда өндүрүштүн көлөмдөрүн Татарстан Республикасында жана Кабардино-Балкария Республикасында жаңы заводдорду куруу аркылуу көбөйтүү пландаштырылууда.
 
Терефталдык кислотанын негизги керектөөчүлөрү – «Полиэф» ААК, «Сибур-ПЭТФ» ААК, ««Сенеж» Жаңы полимерлер заводу» ЖАК, «Алко-Нафта» ЖАК,  «Могилевхимволокно» ААК.
 
2011-жылдын 9-декабрында кабыл алынган Бажы биримдигинин «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине (ББ ТР 018/2011) өзгөртүүлөрдү киргизүү чечими кабыл алынды.
 
БУУ эрежелерин эске алуу менен, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына болгон талаптар жаңыланды, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоонун айрым жол-жоболору такталууда, өзгөчө кырдаалдарды жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу максатында өткөрүлүп берилген техникага карата өзгөртүүлөр киргизилүүдө, кышкы шиналары жок же тайгаланууга каршы түзмөктөр менен жабдууланбаган унааларды пайдаланууга чектөөлөр салынууда. Мындан тышкары, тез жардам унааларын оорулууларга заманбап жардам көрсөтүү тутумдары менен жабдууга талаптар киргизилди. Мисалга, В жана С классындагы тез жардам унааларынын салондору жогорку басым маанисин көрсөтүп туруучу жана тутумдагы басымдын кескин маанилери жөнүндө сигналдоочу медициналык газды берүү тутуму менен, ошондой эле негизги замбилдерди кабыл алуучу түзмөктө жайгаштыруу үчүн араба менен жабдылышы керек.
 
Өзгөртүүлөр расмий жарыяланган күндөн 180 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
 
ЕАЭБ бажы чек арасын кесип өтүүчү адамдарды жана транспорт каражаттарын, ошондой эле ЕАЭБтин бажы чек арасы аркылуу жана ЕАЭБтин бажы аймагында ташылып жаткан товарларды Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнү (контролдоону) ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилди.
 
Жобонун мурунку редакциясы санитардык контролдун нормаларына шайкеш келбеген продукция табылган учурда Биримдиктин мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы маалымат алмашуунун эрежелерин жөнгө салган эмес. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иш-аракеттери ЕАЭБ алкагында шайкештелбеген улуттук мыйзамдарга ылайык жүргүзүлгөн.
 
Жобонун кабыл алынган редакциясында көзөмөл астындагы товарлардын Комиссиянын актыларына шайкеш келбегендиги аныкталган учурдагы иш-аракеттердин ирээти такталды. Мөөнөттөр көрсөтүлүп, берилүүчү маалыматтын керектүү көлөмү белгиленди. Документ көзөмөлдөө органынын аймактык бөлүмүнүн жетекчисин улуттук мыйзамдарга ылайык гана чара көрүүгө эмес, ЕАЭБте белгиленген талаптарга жооп бербеген продукциянын сатылышына тыюу салууга да милдеттендирет. Мындан тышкары, Биримдиктин мүчө мамлекетинин ыйгарым укуктуу органдарын кооптуу товардын өндүрүүчүсү кайсы жерде жайгашкандыгы жөнүндө эки жумуш күндүн ичинде милдеттүү түрдө маалымдоо талабы киргизилүүдө. ЕАЭБтин нормаларына жана талаптарына жооп бербеген товар жөнүндө маалыматтар текшерүү жүргүзүүгө жана тобокелдиктерди баалоого негиз болушу керек.
 
Биримдиктин техникалык регламенттеринде ага болгон талаптар белгиленбеген продукциянын ЕАЭБтин алкагында жүгүртүү тартиби жана мындай продукциянын  коопсуздугун камсыз кылуу эрежелери жөнүндө келишимдин долбоору бекитилди.
 
Өзүнө эң мыкты эл аралык, европалык жана улуттук практикаларды камтыган Келишим коопсуздукту камсыз кылуунун эки түрдүү механизмин белгилейт: бири – милдеттүү чөйрөгө туура келген жана ага карата бирдиктүү техникалык регламенттер кабыл алына элек продукция үчүн, экинчиси – бирдиктүү тизмеге кирбеген продукция үчүн.
 
Мүчө мамлекеттер өзүнүн мыйзамдарында кооптуу продукцияны жүгүртүүгө чыгаруу үчүн жоопкерчиликти белгилейт, ал эми аны жүгүртүү фактылары табылган учурда продукция жөнүндө маалыматты Биримдиктин интеграцияланган маалымат тутумунун жалпы маалымат ресурстарында жайгаштырат.
 
Кол коюлардан мурун келишимдин долбоору мүчө мамлекеттерге алты айдын ичинде өткөрүлүүчү ички жол-жоболор үчүн жиберилет.
 
«Евразия жумалыгы» III Эл аралык көргөзмө форумун 2018-жылдын 24-26-октябрында Армения Республикасынын Ереван шаарында  өткөрүү чечими кабыл алынды.
 
Форум ар жылы Биримдиктин өлкөлөрүнүн биринде өткөрүлөт. 2017-жылы форум Астанада (Казахстан Республикасы) өткөрүлгөн. Иш-чарада 46 өлкөдөн келген 2000ден ашык киши катышты. Катышуучулардын жалпы санынын 58% – бизнес өкүлдөрү, 24% – мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, 10% – өнүктүрүү институттары, 5% – журналисттер түздү. Ишкердик программанын алкагында Биримдиктин өнүгүүсүнүн эң актуалдуу маселелери боюнча 30дан ашык талкуу иш-чаралары болуп өттү. Жолугушууларды дайындоонун интерактивдүү тутумунун аркасында форумдун аянтчаларында B2B форматында 450дөн ашык сүйлөшүүлөр өткөрүлдү жана 15 кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлду.