Sign In
Молдова Республикасынын Президенти жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Кызматташуу тууралуу меморандумду кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Молдова Республикасынын Президенти жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Кызматташуу тууралуу меморандумду кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

17.01.17

Молдова Республикасы менен Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрү ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян менен Молдованын Президенти Игорь Додондун жолугушуусунда талкууланды. Евразия экономикалык комиссиясы менен Молдова Республикасынын ортосунда Кызматташтык жөнүндө меморандумду даярдоо тууралуу чечим кабыл алынды.​

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Евразия экономикалык комиссиясы Молдова Республикасы менен Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ортосунда мурдатан келаткан позитивдүү жана өз ара пайдалуу экономикалык алакалардын калыбына келишине кызыкдар экенин билдирди. Анын пикири боюнча «ишкер кызматташтык өнүктүрүү, бизнес жүргүзүү үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү, тоскоолдуктарды алып салуу жана бажы иш ыргагын айкалыштыруу биздин өлкөлөрдүн экономикасына жаңы күч берет».

Өз кезегинде Молдованын Президенти Игорь Додон билдиргендей, «Евразия экономикалык биримдиги менен экономикалык кызматташуу Молдова жарандары үчүн пайдалуу жана алардын 50 пайызынан көбүрөөгү алар менен тыгыз байланышта». Бирок ал «Европа менен же Евразия экономикалык биримдиги менен кызматташуу керек деген маселе коюу - алгылыксыз» экенин баса белгилеген. Биз, албетте, биздин коңшулар – Европа биримдиги, жана биздин достор – Евразия биримдигинен стратегиялык өнөктөштөр менен өз ара иш жүргүзүү үчүн жалпы кызыкчылыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү табуубуз зарыл.

Тигран Саркисян Молдова Приезидентинин көңүлүн ЕАЭБ ишинин принциптеринде Биримдиктин ар бир мүчө мамлекетинин кызыкчылыгына көбүрөөк эске алуу каралгандыгына бурган.  «Кеңештин, Өкмөттөр аралык кеңештин жана Жогорку Евразия  экономикалык кеңештин  деңгээлиндеги биздин бардык чечимдерибиз консенсустун негизинде кабыл алынат,-деп билдирди Тигран Саркисян. – Бул ар бир өлкөдөгү экономикалык жагдайга кылдат мамиле кылууга, бардыгы үчүн өсүштүн чегин, максималдуу интеграциялык потенциалга ээ болгон экономика сегменттерин жана тармактарын табууга мажбурлайт. ЕАЭБда адам капиталынын бирдиктүү мейкиндигин түзүүгө, диполмдорду өз ара таануу, медициналык тейлөөдөн тоскоолдуксуз пайдалануу маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон менен Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жолугушуунун натыйжасында Кызматташуу жөнүндө меморандумду даярдоо тууралуу чечим кабыл алышты.  Биз бул документке ушул жылдын биринчи чейрегинде – март айынын акырына чейин кол коюуга даярбыз», - деп билдирди Игорь Додон, ал меморандумдун милдети – маалымат алмашуу, мүмкүн болуучу өз ара кызматташуу чөйрөсүн аныктоо жана ыкмаларды шайкеш келтирүү экенин дагы бир жолу баса белгилди.

Өз кезегинде ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы молдова тараптын сунушун колдоо менен, «меморандумга кол коюу учурда бизнес менен жарандарды кызыктырган– биз кантип соода боюнча һөз ара мамилелерди түзө алабыз, миграциялык агымдар, жарандар үчүн кандай режимдер белгиленет, алар чек арадан кантип өтүшүп, ишке орношуп, ЕАЭБ өлкөлқрүндө ыңгайлуу жашоодо жашай алышат деген сыяктуу көптөгөн маселелерге жооп алууга өбөлгө түзөт» деп билдирди.