Sign In
ЕЭК Кеңешинин чечими ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук экономикаларынын өнүгүүсүн өбөлгөлөйт

ЕЭК Кеңешинин чечими ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук экономикаларынын өнүгүүсүн өбөлгөлөйт

17.03.17

17-мартта Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин отуруму болуп өттү. Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө керектөөчүлөрдүн коопсуздугун жана фитосанитардык көзөмөлдүн натыйжалуулугун камсыздоочу чечимдер бекитилди. 

ЕЭК Кеңешинин төрагасы, КР вице-премьер-министри Олег Панкратов Кеңеш кабыл алган чечимдердин маанилүүлүгүнө көңүл бурду. “Заманбап дүйнөдө техникалык жөнгө салуунун ченемдери жана эрежелери керектөөчүлөр үчүн товарлардын коопсуздугун камсыздоого, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана бизнес үчүн коромжуларды төмөндөтүүгө багытталган, - деп белгиледи Олег Панкратов. - Биз үчүн бир түрдүү ык-амалдарды, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр ЕАЭБ стандарттарына ылайык келүүсүн аныктоонун Биримдик өлкөлөрү үчүн жалпы тартибин иштеп чыгуу маанилүү”. 

ЕЭК Кеңеши:
  • Бут кийим өндүрүшүндө кеңири колдонулган эфир спиртине жана алардын туундуларына кириш бажы алымдарын нөлгө түшүрүүнү бекитти. Россиялык булгаарычылар жана бут кийимчилер биримдигинин баамы боюнча, бул чара тармактын ишканаларынын чыгымдарын 735,3 миң АКШ долларына төмөндөтүүгө жана өндүрүштүн  рентабелдүүлүгүн азыркы деңгээлге салыштырмалуу 13% жогорулатууга мүмкүндүк берет (2,8% дан 3,16% чейин).
  • Евразия экономикалык биримдигинин “Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине, анын ичинде магнит элементтери бар продукциянын коопсуздугун камсыздоого багытталган бир катар жаңы жоболорду киргизүү. Атап айтканда, бекитилбеген, чакан көлөмдөгү өтө күчтүү магниттери бар оюнчуктарды сатууга жана жайылтууга тыюу салынган. Бул балдардын саламаттыгына коркунучтарды төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет, анткени аларды жутуп алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.
  • ЕАЭБге карантиндик продукцияны киргизүүдө жана аны мүчө-мамлекеттердин ортосунда ташууда карантиндик фитосанитардык көзөмөл чөйрөсүндө бир катар кайталануучу ченемдерди жокко чыгаруу. Бул чечим соодада негизделбеген административдик тоскоолдуктардын чечилишине жана карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жүргүзүүдө талаш жагдайлардын кыскарышына өбөлгө түзөт.
  • “Жарылуучу заттардын жана алардын негизиндеги буюмдардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү. Жарылуучу заттарды маркировкалоо каралган ченемдин иштеп баштоо мөөнөтү 2021-жылдын 1-январына жылдырылды. Регламент ЕАЭБ өлкөлөрүндө көмүр, мунай, газ жана өнөр жайынын дагы башка бир катар тармактарында колдонулуучу жарылуучу заттардын айланымын ченем менен бекитет.
Техникалык регламенттин 4-беренесинин 1-пунктунда жарылуучу заттарга маркировкалоочу заттарды киргизүү каралган. Анда даярдоочу өлкөнүн код белгилери, продукциянын түрү, өндүрүүчү, даярдалган партиянын номери жана даярдалган күнү жазылат. 

Эфир спиртине жана анын туундуларына кириш алымдарын нөлгө түшүрүү боюнча чечимге тиешелүү, ЕЭКтин соода боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Вероника Никишина бул чара 2019-жылдын 28-февралына чейин колдонуларын белгилеп өттү. “Көрсөтүлгөн химиялык продукцияны киргизүүгө нөлдүк ченди киргизүү булгаары, булгаары галантерея продукциясынын жана бут кийим өндүрүүчүлөрүн колдоону камсыздайт, алардын химиялык продукцияны сатып алууга чыгымдары валюта курсунун жогорулашынан улам 2,5 эсе өскөн, - деп билдирди Вероника Никишина. - Демек, кириш алымдарын нөлгө түшүрүү ишкерлерге коромжуларды кыскартууга, ички жана тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүү бааларды сунуштоого мүмкүндүк берет”.

Евразия экономикалык комиссиясынын  Кеңешинин отурумунун алкагында Казакстан Республикасы жана Кыргыз Республикасы Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгүнө байланыштуу өлкөнүн экономикасын ыңгайлаштыруу процессинде ага техникалык жана каржылык жардам көрсөтүү жөнүндө документке кол коюшту. “Биз ЕАЭБ мамлекети тарабынан көрсөтүлгөн колдоо максималдуу кыска мөөнөттө интеграциянын бардык артыкчылыктарын колдонууга, өз ара соодага республиканын ишканаларынын катышуусун жогорулатууга жана өлкөдөгү жашоо деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет деп үмүттөнөбүз, -деп белгиледи Кыргызстандын вице-премьер-министри Олег Панкратов. - Мен Президенттердин деңгээлинде жетишилген келишимдер бүгүн кол коюлган макулдашууда жүзөгө ашырылгандыгына кубанычтамын”.

Кыргызстандын вице-премьер-министри билдиргендей, республика Биримдик өлкөлөрүнө жеткирилген товарлардын сапатын жана коопсуздугун камсыздоону кепилдеген шарттарды түзүү үчүн чоң иштерди жасады. “Казакстан тарабынан бөлүнгөн каражаттар зарыл инфраструктураны, атап айтканда, ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды модернизациялоого жана өнүктүрүүгө багытталат”, - деп билдирди Олег Панкратов. 

Казакстан каржылык колдоонун көлөмүн 7 млн доллардан 41 млн долларга чейин көбөйтөт. Каражаттар инфраструктураны өнүктүрүүгө, анын ичинде Кыргыз Республикасында өткөрүү пункттарын жана лабораторияларды курууга, модернизациялоого жана жеткире жабдуулоого жумшалат.