Sign In
Футбол боюнча Европа чемпионатына карата чет элдик товарларды бажылык декларациялоонун тартиби жеңилдетилди

Футбол боюнча Европа чемпионатына карата чет элдик товарларды бажылык декларациялоонун тартиби жеңилдетилди

17.03.20

ЕЭК Коллегиясы 2020-жылда футбол боюнча Европа чемпионатын уюштурууда жана өткөрүүдө же ага даярдануу үчүн машыгуу иш чараларын өткөрүүдө пайдалануу үчүн арналган чет элдик товарларды бажылык декларациялоонун тартибин жеңилдетти. Кеп мындай товарларга карата атайын бажы жол-жоболорун колдонуу, ошондой эле бажылык транзит жол-жобосун колдонуу жөнүндө болууда.

Эскерте кетсек, буга чейин 2020 чемпионатынын топтук баскычынын үч жолугуушуусун жана чейрек финалдык матчын Россияда, Санкт-Петербургда өткөрүү пландаштырылган эле.

Ири эл аралык спорттук турнирлер үчүн жеңилдетилген тартип кеңири колдонулуп келет. Ал аталган товарларга карата бажылык операцияларды жеңилдетүүгө жана тездетүүгө, административдик тоскоолдуктарды жана чемпионаттын уюштурууларынын жана катышуучуларынын чыгымдарын азайтууга жардам берет.​