Sign In
ЕЭК Кеңешинин жыйынтыктары: ЕАЭБте электрондук автопаспорттордун системасы киргизилет, балдардын оюн аянтчалары коопсуз болот, металлургиялык тармакта евразиялык инновациялык борборлор пайда болот

ЕЭК Кеңешинин жыйынтыктары: ЕАЭБте электрондук автопаспорттордун системасы киргизилет, балдардын оюн аянтчалары коопсуз болот, металлургиялык тармакта евразиялык инновациялык борборлор пайда болот

17.05.17

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө электрондук автопаспорттор системасын киргизүү, дарылардын жана медициналык буюмдардын жалпы рынокторун жөнгө салуучу ченемдик актыларды иштеп чыгуу, ийлөө заттарына жана ийлөө үчүн препараттарга карата кириш бажы алымдарынын ченин төмөндөтүү маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинде 17-майда талкууланды. Андан тышкары, “Балдар оюн аянтчалары үчүн жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенти кабыл алынды жана Комиссиянын буга чейин кабыл алынган айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилди.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн вице-премьер-министри Олег Панкратов ЕЭК Кеңешинин күн тартибине киргизилген маселелер ар кандай мүнөздө болгондугун белгилеп өттү. “Ошону менен бирге аларды чечүү Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграциялык процесстерди өнүктүрүүнүн ажырагыс шарты болуп эсептелет. Отурумдун жүрүшүндө биз көпчүлүк маселелер боюнча консенсуска келе алдык”, - деп билдирди Олег Панкратов отурумдун жыйынтыгы боюнча. 

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБтин “Балдар оюн аянтчалары үчүн жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентин кабыл алды. Анда балдар оюн аянтчалары үчүн жабдуулардын жана жабуулардын коопсуздугуна жана ага байланыштуу долбоорлоо, өндүрүү, монтаждоо, пайдалануу, сактоо, ташуу жана утилизациялоо процесстерине карата талаптар аныкталган. Атап айтканда, жабдуулардын конструкциясы анын бекемдигин жана туруктуулугун камсыздашы, чөйрөнүн агрессивдүүлүгүнүн деңгээлин эске алуу менен дат басуудан жана эскирүүдөн коргоосу болушу керек. Жабдууда баланын денеси же кийими тыгылып калбашы керек, курч учтары же жээктери болбошу керек. Кененирээк маалымат.  https://goo.gl/LN2oRP​ 

Кабыл алынган документ балдар оюн аянтчаларын “балдардын оюну үчүн арналган, атайын жабдууланган жана өзүнө тийиштүү жабдууларды жана жабууларды камтыган аймактар” катары аныктайт жана балдар сыйгалактарына, селкинчектерине, термелгичтерине, каруселдерге, канат жолдоруна, балдар шаарчаларына, оюн жабдууларына, шаарчалардын жабдууларына жана элементтерине, соккуну азайтуучу жабууларга таркалат.

ЕЭК Кеңешинин чечимине ылайык балдардын оюн аянтчалары үчүн жабдууларга карата техрегламент 2018-жылдын ноябрында күчүнө кирет.

Мындан тышкары, Ветеринардык контролго (көзөмөлгө) тиешелүү товарлардын бирдиктүү тизмесине өзгөртүүлөр киргизилди.  Ветеринардык көзөмөл чөйрөсүндө ЕАЭБ укуктук актыларын колдонуу тажрыйбасын изилдөөдө ЕЭК буурчак жашылчалары бирдиктүү тизмеде болбогондугун, ал эми тоют кошумчалары киргизилүүдө ЕАЭБ ТЭИ ТН аталыштарынан айырмаланган аталыш менен декларациялангандыгын аныктаган.

Товарларды тизмеге киргизүү Биримдиктин мүчө мамлекеттеринде эпизоотикалык бакубатчылыкты сактоо максатында аларга ветеринардык көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Буурчак жашылчалары жана тоют кошумчалары малды тоюттандырууда колдонулат, бул мал өстүрүү процессинин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Бул баскычта, ошондой эле жаныбарлардан алынган продукцияны өндүрүүдө жана кайра иштетүүдө ветеринардык көзөмөл жүргүзүү ветеринардык тобокелдерди төмөндөтүүгө жана айыл чарба продукциясын “талаадан дасторконго чейин” көзөмөлдөө принцибин ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Отурумдун жүрүшүндө талкуунун жыйынтыктары боюнча ЕЭК Кеңеши буурчак жашылчаларын жана тоют кошумчаларын Ветеринардык контролго (көзөмөлгө) тиешелүү товарлардын бирдиктүү тизмесине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.

6-майда ЕАЭБ өлкөлөрүндө дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын бирдиктүү рыногу иштей баштады. ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү рынок институттарынын натыйжалуу иштөөсүн, товарларды жылдырууда тоскоолдуктардын, кедергилердин жана чектөөлөрдүн жоктугун, керектөөчүлөрдүн коопсуздугун жана өндүрүштүн сапатын камсыздаган ченемдик базаны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. ЕЭК Коллегиясына, ЕАЭБ мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте 2017-2020-жылдары 25 документти иштеп чыгуу жана кабыл алуу тапшырмасы берилген, алардын 20сы дары каражаттарынын айланымына жана 5 - медициналык буюмдардын айланымына байланыштуу. Алардын ичинде - Дары препараттарынын жана фармацевтикалык субстанциялардын туруктуулугун изилдөөгө талаптар; Дары каражаттарында аралашмаларды изилдөө боюнча эрежелер жана аларга талаптарды спецификацияларда аныктоо боюнча эрежелер; Дарылык өсүмдүк чийки заттарын талаптагыдай өстүрүү, чогултуу, сактоо тажрыйбасынын эрежелери (GACP); Клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө уруксаттарды берүү режелери; Дары препараттарынын ченемдерин тандоо боюнча колдонмо ж.б. 

Ченемдик актыларды Беларустун, Казакстандын жана Россиянын өкүлдөрү иштеп чыгышууда (8, 5 жана 12 документ, тиешелүүлүгүнө жараша). Долбоорлор жумушчу топтор тарабынан жактырылгандан кийин алар ачык талкуулоо үчүн ЕАЭБтин укуктук порталында жайгаштырылат (https://goo.gl/QIDhCF​).

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ өлкөлөрүндө электрондук автопаспортторду киргизүү зарылчылыгын дагы бир жолу тастыктады жана Биримдик өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө системанын тажрыйбалык пайдаланылуусу тезирээк башталышын камсыздоо жана бардык кызыкдар жактарга электрондук инфраструктураны колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн зарыл болгон бир катар ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну сунуштады. 

Атап айтканда, электрондук паспорттор системаларынын администраторлору менен өз ара иштешүүнү, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн паспортторду жол-жоболоштурууну камсыздаган ыйгарым укуктуу органдарынын жана транспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү машиналарды жана техниканын башка түрлөрүн даярдоочу-уюмдарынын бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүн түзүүнү жана жүргүзүүнү камсыздоочу улуттук органдар аныкталышы керек. Бул чөйрөдөгү башка ченемдик актылар электрондук паспорт бар болгон учурда транспорт каражаттарына карата каттоо иш аракеттерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн; паспортторду жол-жоболоштурууда жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө мамлекеттик бийлик органдары жана электрондук паспорттор системаларынын администраторлору тарабынан көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн өлчөмү жана төлөө тартибин аныкташат. 

Мындан тышкары, Биримдик өлкөлөрүнүн улуттук өкмөттөрүнүн кайрылууларына байланыштуу ЕЭК Кеңеши Комиссиянын Коллегиясына кезектеги отурумда техпаспорттордун электрондук системасына өтүүнүн мөөнөттөрүн, өткөөл мезгилдин узактыгын, документардык (кагаз түрүндөгү) жана документардык эмес документтерди параллелдүү колдонуу мүмкүнчүлүгүн, системаны натыйжалуу колдонууга байланыштуу бир катар башка маселелерди карап чыгууну тапшырды. 

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБтин Бирдиктүү бажы тарифинин ийлөө заттарына жана ийлөө үчүн препараттарга карата кириш бажы алымдарынын ченин нөлгө түшүрүү каралган чечим кабыл алды.  Кеп булгаары-бут кийим өнөр жайында жасалга материалдары катары колдонулган, ЕАЭБ Тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн товардык номенклатурасынын (ЕАЭБ ТЭИ ТН) 3202 90 000 0 субпозициясындагы товарлар жөнүндө болууда. 

“Ийлөө заттарына жана ийлөө үчүн препараттарга карата кириш бажы алымдарынын нөлдүк ченеми 2019-жылдын 30-июнуна чейин колдонулат, - деп билдирди ЕЭКтин соода боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Вероника Никишина. - Азыркы учурда ЕАЭБ өлкөлөрүндө бул субпозицияга ылайык келген ийлөө заттарынын жана ийлөө үчүн препараттардын өнөр жай өндүрүшү жок болгондуктан, биз кабыл алган чечим ЕАЭБтин булгаары, булгаары-галантерея продукциясын жана бут кийим өндүрүүчүлөрдү колдоо көрсөтүүгө өбөлгө түзөт. Атап айтканда, аны жүзөгө ашыруу аяккы продукциянын наркын жана аны өндүрүүгө кеткен чыгымдарды төмөндөтүүгө, ошондой эле продукциянын бул түрлөрүн өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет”. 

2016-жылы ЕАЭБ ТЭИ ТН 3202 90 000 0 субпозициясындагы товардардын ЕАЭБ аймагына алыскы чет өлкөлөрдөн жана КМШ өлкөлөрүнөн импортунун көлөмү 2015-жылдын ушундай эле мезгилине салыштырмалуу 32%га өсүп, 2,5 мин тоннаны түзгөн, суммасы 3,85 млн АКШ долларына барабар болгон.    
Комиссия Кеңешинин чечими ал расмий жарыяланган датадан 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

ЕЭК Кеңеши Комиссиянын Кеңешинин 2016-жылдын 18-октябрындагы № 32 тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизип, аны ишмердүүлүктүн максаттары, милдеттери, негизги багыттары жөнүндө маалымат, ошондой эле “Металлургия технологиялары жана жаңы материалдар” евразиялык инновациялык технологиялык платформалардын уюштуруучулары жөнүндө дайындар менен толуктады.  

Бул ЕАЭБ алкагында түзүлгөн он экинчи технологиялык платформа. Ал биримдиктин төрт мүчө мамлекеттеринин илимий жана илимий-өндүрүштүк уюмдарын бириктирет. Анын ишмердүүлүгүнүн максаты инновациялык металлургиялык продукциянын өндүрүшү боюнча заманбап тармакты жана энергонатыйжалуу жана ресурс сактоочу технологияларды иштеп чыгуунун, ошондой эле сериялык өндүрүшкө киргизүүнүн негизинде материалдардын жаңы муунун түзүү болуп саналат.

Техплатформанын базасында жүзөгө ашырыла турган перспективдүү долбоорлор заманбап технологиялар менен жетишилбеген касиеттери бар өнүмдөрдү жана буюмдарды алууга мүмкүндүк берет (смарт-материалдар, биметаллдар, метастабилдүү абалдагы материалдар, беттик инженериянын негизинде алынган өнүмдөр). Кененирээк бул жерден окуңуз: https://goo.gl/9uv9tW​