Sign In
ЕАЭБ менен Ирандын ортосунда эркин соода зонасын түзүүгө алып келүүчү Убактылуу макулдашууга кол коюлду

ЕАЭБ менен Ирандын ортосунда эркин соода зонасын түзүүгө алып келүүчү Убактылуу макулдашууга кол коюлду

17.05.18

Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда эркин экономикалык зона түзүүгө алып келүүчү Убактылуу макулдашууга 17-майда Астана экономикалык форумунун алкагында кол коюлду.

Макулдашууга Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, Армения Республикасынын вице-премьер-министри Тигран Авинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Василий Матюшевский, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Аскар Мамин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров, Россия Федерациясынын өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Дмитрий Козак жана Иран Ислам Республикасынын өнөр жай, шахталар жана соода министри Мохаммад Шариатмадари кол коюшту.

Кол коюу аземине «ЕАЭБ - Иран: преференциалдык соода шарттарында кызматташуунун жаңы перспективалары» панелдик дискуссия туш келтирилген, анын катышуучулары макулдашууну түзүүдөн натыйжаларды, Бирликтен жана Ирандан экспортерлор үчүн ачылуучу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, ошондой эле тараптар ортосундагы кызматташууну тереңдетүү багыттарын талкуулашты.

Дискуссияны ачуу менен, Тигран Саркисян документ ЕАЭБ үчүн өзгөчө болуп калганын белгиледи, анткени Эркин соода зонасын (ЭСЗ) түзүүнүн эки этабын билдирмекчи. Азыркы этапта Убактылуу макулдашуу аракеттенмекчи. Үч жылда ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы ЭСЗ жөнүндө толук форматтуу макулдашуу боюнча келишимге келүү пландаштырылууда. Перспективада товар жүгүртүү бир жарым эсеге (150%) көбөйүшү мүмкүн.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы ЕЭК Тигран Саркисян сүйлөшүү процессинин бардык катышуучуларына – Бирликтин беш мамлекетинин өкүлдөрүнө, бизнес-коомдоштукка жана Комиссиянын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди, алар ЕЭКтин Соода боюнча министри Вероника Никишинанын жетекчилиги астында “өтө чоң мазмундуу ишти жасашты жана натыйжага жетишишти, ал макулдашуунун бардык тараптарын канааттандырат». Ошондой эле ирандык өнөктөштөргө да “мындай масштабдуу жана предметтүү келишимге жетишүүдө ийкемдүүлүк көрсөткөндүгү үчүн”  ыраазычылык билдирди.
 
«Азыр макулдашууга документ күчүнө киргенден кийин алар боюнча алып келүү алымдары өз ара соодалашууда төмөндөтүлүүчү же четтетилүүчү товарлардын биринчи кезектеги тизмеги камтылган, - деди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы. – Макулдашуу өз ара соодалашуунун көлөмүнүн 50%ын камтыйт, бул, албетте, келишимдердин салмактуулугу жана олуттуулугу жөнүндө айтып турат».

Тигран Саркисян макулдашуу күчүнө киргенден кийин Бирликтин өлкөлөрүнүн жана Ирандын ишкерлери алуучу бир нече негизги артыкчылыкты атады. Мындай пайданын бири болуп алып келүү бажы алымдарын төлөөдөн үнөм саналат.

Экинчи артыкчылык – бул өз ара соодалашуунун ачык жана алдын-ала айтылуучу чөйрөсү. «Импорттук алымдарды төмөндөтүүдөн тышкары, Убактылуу макулдашууда тараптардын эл аралык соодалашуунун негиз түзүүчү принциптерин кармануусу да каралган.  ДСУнун нормаларына окшош схема жазылган, ал биздин өнөктөштөрүбүздө ДСУга мүчөлүк болбогонуна карабастан, Иранга милдеттерди жана талаптарды жүктөйт», - деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

Макулдашууда саналган товарларга карата соодалоону чектөөчү негизделбеген тарифтик эмес чараларды колдонбоо келишимине да жетишилди.

Тигран Саркисян экономикалык операторлорду мүмкүнчүлүктөрдү жана түзүлгөн жөнгө салуучу чөйрөнү активдүү пайдаланууга чакырды. «Бүтүндөй продукция менен соода жүргүзүүнү өнүктүрүү зарыл, себеби бул орто мөөнөттүү преспективада экинчи этапта кандай товарлар либералдаштырууга туш келе турганынын критерийи да болуп саналмакчы», - деп кайрылды бизнес-коомдоштукка ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Аскар Мамин Казакстандын Иран менен 2018-жылдын биринчи кварталындагы соода жүгүртүүсүнүн оң динамикасын баса белгиледи. «Макулдашуу күчүнө киргенге чейин биринчи кварталда сооданын көлөмүнүн өсүшү 72%га көбөйдү», - деди Премьер-министрдин биринчи орун басары.

Аскар Мамин Казакстандын Ирандан ЕАЭБ рыногуна жана Бирликтен Иранга товарларды берүү үчүн натыйжалуу логистиканы камсыздоого даярдыгын да белгиледи. Мисал катарында ал темир жол транспорту жана порттук инфраструктура чөйрөсүндө аракеттеги логистикалык долбоорлорду келтирди.  

Армения Республикасынын вице-премьер-министри Тигран Авинян Иран менен тарыхый түзүлүп калган жакшы кошуналык мамилелерди белгиледи. «Армения Иран менен кургактагы чек арасы бар ЕАЭБдин жалгыз өлкөсү болуп саналат жана биз муну Армениянын, ЕАЭБдин жана Ирандын рыногунун жыргалчылыгына пайдаланууну байкап көрөбүз», - деди ал.

Тигран Авинян Иран менен кызматташууга «Мегри» эркин экономикалык зона (ЭЭЗ) тартыла турганын билдирди. Ал өз аянтында биргелешкен өндүрүш уюштуруу мүмкүндүгүн берет. Ирандан өндүрүшчүлөр ЭЭЗге сырье ташып кирип жана ЕАЭБ рыногуна берүү үчүн бюрократиялык процедураларсыз даяр продукция ала алышат.

Иран менен кызматташуунун мисалы катарында Армениянын өкүлү учурдагы тажрыйбаны – Армения ирандык “халал” стандарты астында тамак-аш өнүмдөрүн өндүрүп жатканын келтирди.

«ИИР менен көп тараптуу мамилелерди түзүүнүн биринчи уникалдуу тажрыйбасы жетишерлик перспективалуу болуп саналат. Биз өтө жакшы өз ара натыйжаларга жетиштик», - деди Беларусь Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Василий Матюшевский.

Беларустун өкүлү макулдашуунун республиканын экспорттук стратегиясын жүзөгө ашыруу үчүн маанилүүлүгүн белгиледи. «Биздин өз ара соодабыз 1993-жылдан бери жетишерлик активдүү өнүгүүдө. 2017-жылы Беларусь менен Ирандын ортосундагы товар жүгүртүү үч эсе өстү.  2018-жылдын биринчи кварталында да өтө позитивдүү динамика байкалууда», - деп билдирди Василий Матюшевский.

Салттуу соода-экономикалык кызматташуудан башка инвестициялык кызматташуу да өнүгүүдө. Беларусь инвестицияларды Ирандын машина куруусуна берүүдө. Иран Беларуста бир катар ири логистикалык долбоорлорду жүзөгө ашырууда.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров өлкө Убактылуу макулдашуу күчүнө киргенден кийин ала турган артыкчылыктарга басым жасады. «Иран менен Кыргызстандын ортосундагы сооданын көлөмү азырынча чоң эмес, бирок өз ара сооданын өсүү тенденциясы байкалууда. Кыргызстан Иранга макарон буюмдарын, каймак май, чыңалуудагы электр лампаларын жана башка продукцияны бере алат», - деди Замирбек Аскаров. Ал макулдашууда тараптардын эң көп жагымдуулук режимин орнотуу боюнча милдеттерин көрсөтүп коюунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Дмитрий Козак макулдашууга кол коюуну кубаттады. Ал бизнести анын негизги бенефициары деп атады. «Документте бизнес-диалогду орнотуу боюнча атайын берене каралган. Бул аянтчанын так форматы жакынкы мезгилде бизнестин катышуусу менен аныкталмакчы», - деди Дмитрий Козак.

Иран Ислам Республикасынын Өнөр жай, шахталар жана соода министри Мохаммад Шариатмадари ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Ирандын дүйнөлүк экономиканын субъектилери катарында чоң потенциалын белгиледи.

«Иран экспорт процедурасын жөнөкөйлөтүү, тоскоолдуктарды четтетүү, логистиканы өнүктүрүү жана ЕАЭБ менен Ирандын ортосунда туруктуу соода-экономикалык мамиле орнотуу милдетин коет,   деп билдирди республиканын өкүлү. Биз экинчи этапка багытталганбыз, ал болочокто биздин мамилелерди өнүктүрүүнү кепилдиги болуп калат».

 
ЕАЭБ үчүн тизмекке эт жана май продукциясы, кондитердик азыктардын жана шоколаддардын айрым түрлөрү, ошондой эле металлдар, косметика, электрондук жана механикалык жабдуулардын айрым түрлөрү кирет.

Иран тарапка азык-түлүктүн кеңири тизмеси, биринчи кезекте жашылчалар, жемиштер, кактар, ошондой эле курулуш материалдары, идиш-аяк, килем, түстүү металлдан айрым буюмдар боюнча тарифтик преференциялар берилмекчи. 

Өнөр жай товарлары боюнча Ирандын алып келүү алымдары боюнча коюмдардын орточо деңгээли 22,4%дан 15,4%га чейин, башкача айтканда 7 п.п., Бирликтики - 8%дан 4,7%га чейин, башкача айтканда 3,3 п.п. төмөндөмөкчү. Айыл чарба товарлары боюнча Иран алымдарды орточо 32,2%дан 13,2%га, башкача айтканда 19 п.п., Бирлик - 9,6%дан 4,6%га, башкача айтканда 5 п.п. чейин азайтмакчы.