Sign In
ЕАЭБ менен КЭРдин ортосунда соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду

ЕАЭБ менен КЭРдин ортосунда соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду

17.05.18

Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) менен Кытай Эл Республикасынын (КЭР) ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууга 17-майда Астана экономикалык форумунун алкагында кол коюлду.

ЕАЭБ менен КЭРдин ортосундагы Соода-экономикалык макулдашууга ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, Армения Республикасынын Вице-премьер-министри Тигран Авинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Василий Матюшевский, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Аскар Мамин, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Замирбек Аскаров, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Дмитрий Козак жана КЭРнын министр статусундагы эл аралык соода өкүлү Фу Цзыин өз колдорун коюшту.

«Евразиянын бирдиктүү экономикалык мейкиндигин кантип түзүү керек?» панелдик дискуссиясында катышуучулар макулдашууга кол коюудан натыйжаларды, атап айтканда, ЕАЭБ менен “Бир алкак – бир жол” Кытай демилгесинин жандашуусунун алкагында андан ары өз ара аракеттенүүлөрүнүн варианттарын, ошондой эле Бирликтин бардык өлкөлөрүнүн жана Кытайдын технологияларын, сырьелорун жана капиталдарын бириктирүүчү жаңы кооперациялык долбоорлорду талкуулашты.
 
Тигран Саркисян өз сөзүндө ЕАЭБ жетекчиликке алган бардык эсептөөлөр, аргументтер акталганын баса белгиледи. «Сүйлөшүү процесси биз козгогон бардык темалардын актуалдуулугун жана өлкөлөрүбүздүн КЭР менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө, кеңейтүүгө кызыкдарлыгын далилдеди», деп билдирди ал.

ЕАЭБ өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү 2017-жылы 100 млрд АКШ долларынан ашуунду түздү. Мында ЕАЭБнен КЭРна экспорт өткөн жылы 40% га өстү. Бирликтин өлкөлөрү үчүн экспортту диверсификациялоо абдан маанилүү. Бүгүн бул сырье товарлары эле эмес, анын ичинде машина куруунун продукциясы дагы.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы бүгүн дүйнөлүк экономикада кыймылдаткыч күч болуп Азия саналарын жана ЕАЭБнин бардык өлкөлөрү бул рынокко кызыкдар экенин белгиледи. «КЭРда ички керектөөгө багытталгын экономикалык өсүүнүн жаңы концепциясынын алкагында керектөөнүн көбөйүшү биздин чарба жүргүзүүчү  субъектилерибиз Кытай Эл Республикасына жана жалпысынан Азия регионуна экспортту арттырууга даяр болууга тийиштигин билдирет, – деп эсептейт ал. – Биз күчтүү атаандаштык реалдуулугунда жашоону үйрөнүүгө тийишпиз».

Макулдашуу Бирликтин өлкөлөрүнүн чарба жүргүзүүчү субъектилери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. «Бул атаандаштык шарттарда салыштырмалуу артыкчылыктарыбызды көрсөтүү менен биз бул преференциалдуу эмес макулдашуу болсо да, аларга өз ара аракеттенүүнүн так алкагын беребиз. Бул макулдашууга киргизилген жаңы алкактар, биздин оюбузча, өлкөлөрүбүздүн экономикалык өсүшүнө жана стратегиялык артыкчылыктарыбызды жүзөгө ашырууга түрткү берет», – деп белгиледи Тигран Саркисян. Анын пикири боюнча, бул алкактар алар боюнча келишим ушул жылдын майында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда жетишилген конкреттүү мегадолбоорлорду жүзөгө ашырууга кубаттуу түрткү бермекчи.

Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Аскар Мамин Кытай менен транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташууга өзгөчө басым жасады. «Акыркы жылдарда Казакстан өзүнүн  транспорт инфраструктурасын активдүү инвестициялады жана масштабдуу модернизация жүргүздү. Бул автомобиль жолдорун курууга да тиешелүү. Батыш Европа – Батыш Кытай коридорунун участогу эки жыл мурун аяктаган. Азыр россиялык участок бүтүшүн күтүп жатабыз жана бул дагы Батыш Кытай менен Батыш Европаны биздин өлкөлөр аркылуу транзит менен байланыштырган дагы бир коридор болот», деди Аскар Мамин.
 
Дагы бир багыт – темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү. 2020-жылы Казакстан өз аймагы аркылуу транзиттен 5 млрд АКШ долларын алууну пландоодо. Ал бул долбоор боюнча Казакстан ЕАЭБ алкагында Россия Федерациясы жана Беларусь Республикасы менен иштешип жатканын белгиледи жана Кыргызстан менен Армения да кошулаарына үмүттөнөөрүн билдирди.

«ЕАЭБнин контекстинде биздин өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн жөнгө салынгандыгы жана Бирликтин үчүнчү өлкөлөр менен эл аралык жана көп форматтуу кызматташуусун кеңейтүү – биз умтулчу келечек экени түшүнүлүүдө», деп айтты Армения Республикасынын Вице-премьер-министри Тигран Авинян. Ошондой эле,  региондо интеграция улам глобалдуу болуп баратат деген оюн билдирди. Бул процесске Европа да кошулушу мүмкүн.

Ал Армения көптөгөн кылымдар аралыгында Жибек жолунун тизмеги болуп саналганына да көңүл бурду. «Учурда биз да Жибек жолунун Экономикалык алкагы долбооруна катышуудабыз, анын ичинде Түндүк-Түштүк долбоорунун алкагында жолдор курулууда, ачык асман саясаты жана бир катар башка долбоорлор жүзөгө ашырылууда», – деп билдирди Тигран Авинян.

Беларусь Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Василий Матюшевский Беларусь салттуу түрдө ар кандай деңгээлдеги жана ар кандай ылдамдыктагы интеграциялардын, экономикалык өз ара аракеттенүүлөрдүн, ошондой эле ЕБ, ЕАЭБ жана КЭР ортосундагы интеграциялардын интеграциясынын тарапкери болуп саналарын, бул глобалдык чакырыктарга жооп боло ала турганын баса белгиледи. Мындай интеграция үчүн негиз болуп глобалдуу инфраструктуралык долбоор саналат. «Биздин милдет – натыйжалуу транспорттук-логистикалык коридорду түзүү», – деп түшүндүрдү ал. « Биздин көз карашыбыз боюнча, эгерде биз санариптик траснпорттук-логистикалык коридорлорду жана, биринчи кезекте, Батыш – Чыгыш коридорун түзүү жөнүндө сөз кылсак, максималдуу натыйжа болушу мүмкүн», – деп билдирди Василий Матюшевский.

Беларусь Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Беларусь “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында КЭР менен бирге беларус-кытай индустриялык паркын түзүү боюнча долбоорду ишке ашыргандыгын айтты, ал санариптештирүү элементтери менен глобалдык хаб болмокчу. Мына ошентип, интеграциялардын интеграциясы үчүн негиз түзүлүүдө деп эсептейт Василий Матюшевский.

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Кытай көп жылдар аралыгында өлкөдө долбоорлорду ийгиликтүү жүзөгө ашырып жаткан Кыргызстандын олуттуу инвестициялык өнөктөшү болуп саналарын белгиледи. Өлкөдө Кытайдын катышуусу менен 400дөн ашуун ишкана иштеп жатат, тейлөө чөйрөсүн, кайра иштетүү, тоо-кен өнөр жайын, айыл чарбасын кошо алганда, өнөр жайынын ар кайсы тармактарында кызматташуу активдүү ишке ашырылууда. «Бүгүнкү жетишилген макулдашуу биздин өлкөлөр ортосундагы бардык секторлордо кызматташууга өбөлгө түзөт деп ойлойм», – деп жыйынтыктады Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Дмитрий Козак Бирлик менен КЭРнын ортосунда кол коюлган макулдашууну тарыхый деп атады, себеби ал мамлекеттик жөнгө салуунун ар кайсы багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнүн Бирликтин кызыкчылыктарын жалпысынан жана ар бир өлкөнүкүн өзүнчө да, ошондой эле бизнестин да кызыкчылыктарын, улуттук жана улуттан жогорку деңгээлде жөнгө салуунун ачыктыгын жана алдын ала айтууга боло тургандыгын максималдуу эске алууга мүмкүндүк берүүчү механизмдерди камсыздайт, анда техникалык, санитардык жана фитосанитардык жөнгө салуунун, бажылык өз ара аракеттенүүнүн маселелери чагылдырылган. «Бул макулдашуу аны КЭРсыз курууга болбогон Чоң евразиялык өнөктөштүктү мындан ары куруу үчүн ишенимдүү пайдубал болуп каларына толук ишенемин», – деп жыйынтыктады Дмитрий Козак.

РФнын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Россия үчүн Кытай алдыңкы соода-экономикалык өнөктөш экенин баса белгиледи. «КЭР менен болгон ар тараптуу координация механизми сыяктуу механизм дүйнөнүн бир да мамлекетинде жок», – деп билдирди Дмитрий Козак.

Кытайдын эл аралык соода өкүлү Фу Цзыин беш жыл мурда Си Цзиньпин «Бир алкак – бир жол» демилгесин көтөргөнүн, а бүгүн болсо глобалсыздашуу жана протекционизм жүрүп жаткан учурда көп тараптуу макулдашууга кол коюлганын белгиледи.  «Бир алкак бир жол» долбоорлорунун жана ЕАЭБ алкактарында кызматташуу биздин өз ара аракеттенүүбүздүн олуттуу багыты болуп саналат. Бул биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода  жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн гана өтө маанилүү эмес. Мен мындай кол коюу өлкөлөрүбүздүн экономикаларынын өсүшүнө көмөктөшүү жана элдерибиздин жашоо деңгээлинин стандартын жогорулатуу үчүн чоң роль ойнойт деп ойлойм», деп белгиледи Фу Цзыин.

Кытай өкүлү тараптардын электрондук соода чөйрөсүндө кызматташуу приоритетине басым жасады. Анын пикири боюнча санариптик экономика доорунда Кытай менен ЕАЭБ мүчөлөрүнүн ортосунда келечектеги  соода үчүн жакшы шарттар түзүлмөкчү.

«Кол коюлган макулдашууда келечекте ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн да, КЭР үчүн да маанилүү болуп саналган секторлордун бүтүндөй топтому белгиленген. Кызматташуу ЕАЭБ менен Кытайдын узак перспективага өз ара аракеттенүү багыты кандай деген суроого жооп берүүгө тийиш, себеби инфраструктура – бул дээрлик түбөлүк», деп дискуссияны анын модератору, ЕАЭБнин Ишкерлер кеңешинин президенти Виктор Христенко жыйынтыктады.