Sign In
Евразия экономикалык комиссиясы менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду

Евразия экономикалык комиссиясы менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду

17.06.15

17-июнда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын баш кеңсесинде ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Виктор Христенко жана Монголиянын Премьер-министри Чимэдийн Сайханбилэг Евразия экономикалык комиссиясы менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.

Документке Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттери менен Монголиянын ортосунда ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, өз ара сооданын натыйжалуулугун жогорулатуу жана сооданы өнүктүрүүгө кедергиси тийип жаткан тоскоолдуктарды четтетүүгө багытталган чараларды ишке ашыруу максатында кол коюлду. «Тараптар соода-экономикалык кызматташуунун жаңы перспективаларын ачууга умтулуп Меморандум түзүштү», - деп документтин текстинде айтылат.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы мындай деди: «Тараптар ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун жаңы перспективаларын ачууга умтулуп Меморандум түзүштү».

Тараптар бир катар багыттар боюнча соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүшмөкчү. Атап айтканда, унаа чөйрөсүндө натыйжалуу, ишенимдүү жана туруктуу унаа каттамдарын түзүү жана унаа кызматтарын көрсөтүү максатында. Агроөнөр жай чөйрөсүндө – азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, ошондой эле ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен Монголиянын агроөнөр жай комплексинин субъектилеринин атаандаштыкка жөндөмүн жогорулатууга шарт түзүү максатында. Атаандаштык саясаты маселелери боюнча – ишкерлик активдүүлүктүн өсүшүн, тең салмактуу сооданы жана сапаттуу өндүрүм өндүрүүнү камсыз кылуу үчүн адептүү атаандаштыкты өнүктүрүү максатында. Иштешүү ошондой эле соода саясаты, техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чаралар маселелери боюнча да өнүктүрүлмөкчү.

Меморандум Евразия экономикалык комиссиясы менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосунда диалогду өнүктүрүү жана Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен Монголиянын ортосундагы кызматташуу маселелерин ЕЭК ишбилгилигине кирген чөйрөлөрдө ийине жеткирүү боюнча жумушчу топ түзүлөрүн билдирет.

Маалымат:

Евразия экономикалык бирлиги тууралуу келишим күчүнө киргенден кийин Монголия Тарап ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну жандандыруу мүмкүнчүлүктөрүн биргелешип изилдөө максатында Евразия экономикалык комиссиясы менен кызматташууну жөнгө салууга кызыкдар экенин билдирген.

2015-жылдын 25-28-марттарында Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Монголиядагы элчиликтеринин колдоосу менен ЕЭКтин Интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча коллегиясынын Мүчөсү (Министр) Татьяна Валоваянын Улан-Баторго жумушчу сапары болду, анын жүрүшүндө Монголия Тарап Евразия экономикалык комиссиясы менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык кызматташуу тууралуу меморандум түзүү тууралуу сунуш киргизген.

Монголия Тараптын меморандумга кол койууга кызыкдар экенин Монголиянын Президентинин Россия Федерациясы менен экономикалык, инфраструктуралык жана инвестициялык мамилелер боюнча жеке өкүлү Лувсандандар Хангай Татьяна Валовая менен 2015-жылдын 15-апрелинде жолугушууда билдирди.

2015-жылдын 7-майында Москвада ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Виктор Христенконун Монголиянын Президенти Цахиагийн Элбэгдорж менен жолугушуусу болуп өтүп, анын жыйынтыгында жакынкы убакытта меморандумга кол койгонго эки жактын тең ниети белгиленген.