Sign In
ЕЭК Кеңеши ЕАЭБда тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын идентификациялоонун бирдиктүү тутумун иштеп чыгууну колдоду

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБда тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын идентификациялоонун бирдиктүү тутумун иштеп чыгууну колдоду

17.07.15

15-июлда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.  Иш-чарага ЕЭК Кеңешинин Мүчөлөрү катышышты: Армения Республикасынын Вице-Премьер-Министри, Эл аралык экономикалык интеграциялар жана реформалар министри Ваче Габриелян,  Беларусь Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары  Василий Матюшевский, Казахстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары  Бакытжан Сагинтаев, Кыргыз Республикасынын Вице-Премьер-Министри  Валерий Диль, Россия Федерациясынын Өкмөт Башчысынын  биринчи орун басары Игорь Шувалов, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегия Мүчөлөрү (Министрлер).

Отурумдун жүрүшүндө ЕЭК Кеңеши бажылык жөнгө салуу, өнөр жай жана соода тармагындагы бир катар маселелерди карап чыкты.  Атап айтканда,  ЕЭК Кеңеши ЕЭК Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ)  бажы чек арасында көзөмөлдөөчү органдар менен өз ара иштешүү боюнча консультативдик комитеттин алкагында консультацияларды өткөрө турган маселелердин тизмесин бекитти. 

Алар ЕАЭБ бажы чек аралары аркылуу өткөрүү пункттарын өнүктүрүү жана колдонуу үчүн олуттуу мааниге ээ, Бирликтин бажы чек арасында  мамлекеттик көзөмөлдөөгө карата азыркы мамилелерди өзгөртүүчү, ошондой эле өткөрүү пункттарындагы көзөмөлдөөчү органдардын өз ара иштешүүсүн өнүктүрүү жана мыктылоо боюнча стратегиялык максаттарды аныктаган маселелер.

Мындан тышкары, ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын идентификациялоонун бирдиктүү тутумун (ЕСИТС) иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүүнү максатка ылайык деп тапты.  ЕСИТС - Бирликтин бажылык чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык көзөмөлдөө максаттары үчүн ведомстволор аралык жана мамлекеттер аралык өз ара иштешүүнү жүзөгө ашырууда жеткирип берүүлөр тизмегиндеги бизнес-процесстерди камсыздаган электрондук документ айлантуу инфраструктурасын калыптандыруунун милдеттүү шарттарынын бири.

Бирликтин бажылык аймагында ЕСИТС түзүү төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү түзөт:

- бир мамлекеттин алкагында гана эмес, бүтүндөй Бирликтин алкагында кызыкдар жактарды (анын ичинде Бирликтин курамына кирбеген мамлекеттерден) уникалдуу идентификациялоону камсыз кылууга;  

-жеткирип берүүлөрдүн бүтүндөй тизмегин талдоо мүмкүнчүлүгүн түзүүнүн эсебинен тобокелдиктерди тескөө тутумунун алгоритмин оптималдаштырууга жана натыйжалуулугун жогорулатууга

- бажылык максатта колдонулган документтердин формасын, алардын электрондук көчүрмөлөрүнүн түзүмүн жана форматын жөнөкөйлөтүүгө, ошондой эле аларда камтылган маалыматтардын аныктыгын жогорулатууга

- бажылык максатта колдонулган документтерди электрондук түрдө чогултуу, сактоо жана иштеп чыгуу үчүн зарыл маалыматтардын көлөмүн азайтууга

Бирликтин мүчө мамлекеттеринин бажы жана башка кызматтарынын ортосунда электрондук өз ара иштешүүнү бир кыйла жөнөкөйлөтүүгө

Мындан тышкары, ЕЭК кеңеши тарабынан бир мамлекет бир жактуу тартипте атайын экономикалык чараларды колдонгон учурларда  ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин өз ара иштешүүсүнүн механизмин иштеп чыгаруу боюнча консультацияларды өткөрүү жактырылды.