Sign In
ЕЭК Кеңеши газдын коопсуздугу жөнүндө Бирликтин техрегламентин кабыл алды жана тамак-аш азыктарын маркалоого карата талаптарды тактады

ЕЭК Кеңеши газдын коопсуздугу жөнүндө Бирликтин техрегламентин кабыл алды жана тамак-аш азыктарын маркалоого карата талаптарды тактады

17.09.18
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин 14-сентябрындагы отурумунда соода, экономиканы санариптештирүү, өнөр жай, каржы саясаты жана техникалык жөнгө салуу жааттарында чечимдер кабыл ылынды.
ЕЭК Кеңеши, атап айтканда, Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) менен Ирандын ортосундагы эркин соода зонасын (ЭСЗ) түзүүгө алып келе турган Убактылуу макулдашууну жана ЕАЭБ менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча «жол карталарын» бекитти; Үчүнчү тараптар менен соода жүргүзүүдөгү чектөө чараларын четтетүү маселелери боюнча Бирлик өлкөлөрү менен Комиссиянын ортосундагы өз ара аракеттенүү тартибин жактырып, «Белаздарды» чогултуу үчүн ичинен күймө кыймылдаткычтарга алып келүү бажы алымынын нөлдүк коюмун колдонуу мөөнөтүн узартты, ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашыруу боюнча маалыматты карап чыкты.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин «Транспорттоого жана (же) пайдаланууга даярдалган күйүүчү жаратылыш газынын коопсуздугу жөнүндө» техрегламентин кабыл алды. Техрегламент күйүүчү жаратылыш газына карата коопсуздук талаптарын белгилейт: магистралдык газ куурлары боюнча ташууга даярдалган; өнөр жай жана коммуналдык-тиричилик багытындагы; кысылган, ичинен күймө кыймылдаткычтар үчүн отун катары колдонуу үчүн даярдалган; атайын даярдыктан кийин суюлтулган жана отун катары колдонулуучу; Документте анын ичинде газдагы күкүрттүү суутектин, кычкылтектин, көмүртектин диоксидинин, меркаптандык жана жалпы күкүрттүн, механикалык кошундулардын кармалып туруу параметрлери аныкталды.

ЕАЭБ рынокторунда көгүлтүр отту жүгүртүү эрежелери жазылды. Атап айтканда, газдын ар бир партиясы даярдоочу тууралуу маалыматтарды, газдын ченемдик жана иш жүзүндөгү маанилерин, лабораториялык сыноолордун жыйынтыктарын, ЕАЭБ рыногундагы продукцияны жүгүртүүнүн бирдиктүү белгисин кошо алганда, так аныкталган маалыматтардын тизмеги бар сапат паспорту менен коштолууга тийиш. Ошондой эле Бирлик өлкөлөрүндө газга карата ченемдер жана стандарттар бир түргө келтирилип жатат, бул ЕАЭБдин жалпы газ рыногунун катышуучуларынын мүчө мамлекеттердин товардык рынокторундагы биржа тооруктарына жана бирлик өлкөлөрү ортосунда газды тоскоолдуктарсыз ташуу үчүн улуттук газ- транспорттук тутумуна эркин кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
«Ташууга жана (же) пайдаланууга даярдалган күйүүчү жаратылыш газынын коопсуздугу жөнүндө» техрегламентинин кабыл алынышы Бирликте газдын жалпы рыногун түзүүнүн маанилүү баскычы болуп саналат. Документ 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Бирликтин «Тамак-аш продукциясы аны маркалоо бөлүгүндө » техрегламентине өзгөртүүлөр киргизилди. ЕЭК Кеңеши азыктарды маркалоого карата коюлуучу талаптарды тактады, бул керектөөчүлүк таңгактардагы маалыматтын даана окулушун жана түшүнүлүшүн камсыз кылат.
Атап айтканда, «оңой окулуучулук», «түшүнүктүүлүк» түшүнүктөрүнүн критерийлери такталды, тамак-аш продукциясын маркалоодо айрым маалыматтар көрсөтүлүүчү шрифттин өлчөмүнө карата талаптар аныкталды, тамак-аш азыгынын ойлоп табылган аталышы тууралуу маалыматтарды таңгакка жайгаштырууга карата талаптар киргизилди. Мисалы, даярдалган күнү жана жарамдуулук мөөнөтү тууралуу маалыматтар кичине тамганын 2 мм’ден кем эмес өлчөмүндөгү шрифт менен көрсөтүлөт.
Оңой окулуучулуктун критерийлеринен болуп маркалоодо колдонулган шрифттин ачыктыгы жана дааналыгы, ошондой эле аны атайын оптикалык шаймандарды (көз айнектер менен контакттык линзалардан башка) колдонбой туруп окуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу, фондун түсү менен ага түшүрүлгөн маалыматтын түсүнүн ортосундагы кескин айырмалануу саналат. «Түшүнүктүүлүк» критерийи – азык тууралуу маалыматтын маанисин текст же болбосо текст жана сүрөт формасында берүүнүн бир маанилүүлүгү.
Керектөөчүлүк таңгакта камтылбаган же тамак-аш продукциясын же керектөөчүлүк таңгакта турган тамак-аш продукциясынын компоненттерин өндүрүүдө колдонулбаган, же анын даамы, жыты мындай азыктын курамына кирген компоненттер менен окшоштурулбаган тамак-аш азыгы жөнүндө маалыматтардын керектөөчүлүк таңгакка жайгаштырылышына карата талаптар да такталууда.
ЕЭК Кеңешинин чечими Бирлик өлкөлөрүнүн жарандарына өнүмдөрдү кыйла туура тандоого мүмкүндүк берет.
Техрегламентке киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн колдонууга кирүү мөөнөтү алардын расмий жарыяланган күнүнөн тартып 180 календардык күн өткөндөн кийин деп каралган. Ошондой эле жаңы таңгакка акырындык менен өтүү үчүн өткөөл мезгил – ЕАЭБдин техрегламентинин өзгөртүүлөрү күчүнө кирген күндөн тартып 24 айдан кем эмес мөөнөт болжолдонот.
ЕЭК Кеңеши «Евразия жарык чыгаруу техникалык платформасы» жарык чыгаруу техникалык жабдууларын иштеп чыгуу жана өндүрүү жаатындагы жаңы техплатформаны бекитти. Бул максатта ЕЭК Кеңешинин 2016-жылдын 18-октябрындагы № 32 «Евразиялык технологиялар платформаларын (ЕТП) түзүү жана анын иштеши жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» тескемесиндеги өзгөртүүлөр жактырылды. Бекитилген платформа ЕАЭБдеги он төртүнчү платформа болуп калды.
Жаңы платформанын ишинин негизги багыттары – жарык чыгаруучу продукцияларды өндүрүү үчүн заманбап жабдууларды жана инновациялык технологияларды, ошондой эле Бирликтин агроөнөр жай комплексинин тамак-аш жана кайра иштетүүчү өндүрүштөрү үчүн энергия үнөмдөөчү жарык чыгаруучу жабдууларды иштеп чыгуу. Андан тышкары, бирикме ЕТПнын катышуучуларынын Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарындагы жана эл аралык уюмдардагы кызыкчылыктарын көздөйт, иштелип чыккан технологиялардын патент менен корголушунун деңгээлин баалоо менен, профилдик билим берүүчү жана иштиктүү иш-чараларды уюштуруу менен алектенет.
Евразия жарык чыгаруу техникалык платформасы тар профилдүү жарык диодуна кошумча катары, ЕАЭБде биргелешкен долбоорлорду жана жарык булактарынын бардык түрлөрүнүн (натрийлүү, галогендүү, люминесценттүү жана башка шамчырактардын) негизинде жарыктандыруу тутумун комплекстүү өндүрүүгө өбөлгө түзөт.

Платформанын түзүүчүлөрү болуп С.И. Вавилов атындагы Россия илимий-изилдөө жарык чыгаруу техникалык институту жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарык чыгаруу техникалык продукцияларынын бир катар өндүрүүчүлөрү чыгышты.
 
Бирликтин өлкөлөрүнүн вице-премьерлери ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин каржы рыногу жаатындагы мыйзамдарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Макулдашуу банк, камсыздандыруу секторлорундагы жана баалуу кагаздар рыногундагы кызматтарды көрсөтүү секторундагы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыйзамдарын эл аралык принциптердин жана стандарттардын негизинде шайкеш келтирүүнүн багыттарын жана тартибин аныктайт. Документ Бирлик өлкөлөрүндө жалпы каржы рыногун түзүү жана лицензияларды өз ара таануу үчүн зарыл. Улуттук ченемдерди жакындаштыруу процесси 2025-жылга карата аягына чыгууга тийиш.
Жакынкы убактарда ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин борбордук жана улуттук банктарынын жетекчилери да макулдашууга кол коюшаары болжолдонуп жатат.
Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып тогуз айдын ичинде тараптар ЕЭК менен биргеликте каржы жаатындагы улуттук мыйзамдарда каралган ченемдерди жакындатуу боюнча «жол картасын» иштеп чыгышат.
ЕЭК Кеңеши Коллегияга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бийлик органдары жана рыноктун катышуучулары менен бирдикте экспортко багытталган евразиянын зергерчилик брендин түзүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.
Бул үчүн ЕЭК аянтчасында долбоордук команда иштеп, ал мүчө мамлекеттердин адистешүүсү, товардык белгинин аталышы жана үчүнчү өлкөлөрдө брендди алга жылдыруунун стратегиялары, Евразия маркасынын алдында иштелип чыккан продукцияларга карата колдонула турган стандарттар жана эрежелер боюнча, жана долбоордун катышуучуларына карата, зарыл инфраструктура, санариптик жана маалыматтык чечимдер, ошондой эле рыноктун катышуучуларынын кызыкчылыктарын коргоо жана алардын чыгымдарын азайтуу үчүн Бирлик өлкөлөрүнүн мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарын беришет.
Комиссия кызыкдар болгон рынок катышуучуларын долбоордук команданын ишине кошулууга чакырат.