Sign In
Сергей Глазьев: "ЕАЭБди жана "Бир алкак, бир жол" кытай демилгесин байланыштыруунун алкагында улуттук валюталардагы эсеп-кысаптардын үлүшү олуттуу түрдө көбөйүүгө тийиш"

Сергей Глазьев: "ЕАЭБди жана "Бир алкак, бир жол" кытай демилгесин байланыштыруунун алкагында улуттук валюталардагы эсеп-кысаптардын үлүшү олуттуу түрдө көбөйүүгө тийиш"

17.09.20

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү акырындык менен Бирликтин ичинде улуттук валюталарда эсептешүүгө өтүшүүдө. Кытай менен соода жүргүзүүдө да ушуга умтулуу зарыл деп Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев 16-сентябрда болуп өткөн "ЕАЭБ жана Кытай кайсы жолду тандашмакчы?" деп аталган онлайн-конференцияда билдирди.

Дүйнөлүк чарба жүргүзүү тартиптери өзгөрүп жана АКШнын жана КЭРдин ортосундагы мамилелер начарлап жаткан шарттарда ЕАЭБди жана "Бир алкак, бир жол" кытай демилгесин байланыштыруунун перспективаларын талкуулоо конференциянын негизги темасы болду. Конференцияда КЭРдин бийлик органдарынын, ЕАЭБ мамлекеттеринин, Евразия экономикалык комиссиясынын алдыңкы эксперттери жана өкүлдөрү катышышты.

"ЕАЭБди жана "Бир алкак, бир жол" кытай демилгесин байланыштыруу идеясын эл аралык экономикалык кызматташтыктагы жаңы баскычты белгилөө мүмкүнчүлүгүн бериши мүмкүн болгон, алга озуучу демилгелер менен толтурууга убакыт келип жетти", – деп Сергей Глазьев баса белгиледи.

Ал транспорт-логистика тутумдарын модернизациялоо, Евразия регионунун энергетикалык коопсуздугун бекемдөө кызыкчылыгында куурларды куруу жагында бир кыйла чоң иш жасалгандыгын белгилеп өттү. "Бүгүнкү күндө биздин аймак аркылуу Кытайдын жана Европа бирлигинин ортосунда күнүнө 50 чамасындай контейнердик поезддер өтөт, башкача айтканда, транспорт агымдары оптималдаштырылууда. Биз борбордук Кытайдын жана борбордук Россиянын ортосундагы контейнердик поезддердин жүрүү ылдамдыгы бир жуманы түзүшүнө жетиштик", – деп ЕЭК министри мисал келтирди.

Сергей Глазьев улуттук валюталардагы эсеп-кысапка өтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу билдирди: "Евразия экономикалык бирлигинде өлкөлөр Бирликтин ичинде да, Кытай менен соодада да улуттук валюталардагы эсеп-кысаптардын үлүшүн акырындык менен көбөйтүүдө. Бизге каржылык жөнгө салуучулардын жана эң ири соода түзүмдөрүнүн кызматташтыгы керек – биринчи кезекте, өз ара соода жүргүзүүнүн негизин түзгөн чийки зат товарлары менен соода жүргүзүүнү айтып жатам".

Алсак, 2019-жылда ЕАЭБ мамлекеттеринин өз ара соодасында орус рублинде эсептешүүлөрдүн үлүшү 72,4% түзүү менен, 2015-жылга салыштырмалуу 4,4 пайыздык пунктка жогорулаган.

Мындан сырткары, ЕЭК министри экономикалык кызматташтыктын инфраструктурасын, ошондой эле мамлекеттерге узак мөөнөттүү каржылык стабилдүүлүктү камсыз кылуучу товарлар менен соода жүргүзүүнү жана баа түзүүнү жөнгө салуунун жеке тутумун түзүү зарылчылыгын белгиледи. Конференциянын катышуучулары киберкоопсуздук, технологияларды өнүктүрүү, электрондук соода чөйрөлөрүндө жана башка чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгү тууралуу билдиришти.

"Синергетикалык натыйжаны алуу максатында атаандаштык артыкчылыктарыбызды жана экономикаларыбыздын ар түрдүүлүгүн айкалыштыруу үчүн биз эл аралык кызматташтыкты тереңдетишибиз зарыл", – деп Сергей Глазьев корутундулады.

Кытай-Россия гуманитардык алмашуулар изилдөө борборунун жетекчиси, Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин эл аралык бөлүмүнүн жетекчисинин мурдагы орун басары Чжоу Ли Кытайдын жана АКШнын ортосундагы мамилелердин начарлашына байланыштуу дүйнөдөгү жагдайга токтолуп өттү жана эл аралык мамилелерди демократизациялаштыруу жана өлкөлөрдүн ички иштерине киришпөө зарылчылыгы жөнүндө билдирди.

"Чоң Евразия өнөктөштүгүнүн" жана "Бир алкак, бир жол" кытай демилгесинин максаттары көп жагынан бирдей. Биз ЕАЭБ мамлекеттери жана анын байкоочулары менен стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөйбүз",  – деди Чжоу Ли.

Иш-чаранын уюштуруучусу Кытай эл университетинин "Чуньян" Каржылык изилдөөлөр институтуна караштуу Кытай-Россия гуманитардык алмашуулар изилдөө борбору болду. Онлайн-конференциянын көрүүчүлөрүнүн жалпы саны 177 миң адамдан ашты.