Sign In
ЕЭК жана БДСУ Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшмакчы

ЕЭК жана БДСУ Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшмакчы

17.10.19

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БДСУ) Европа регионалдык бюросунун Москвада ЕЭКтин штаб-квартирасында өткөрүлгөн биргелешкен эксперттик кеңешмесинде саламаттыкты сактоо маселелери каралды.


«ЕЭК БДСУ менен жарандардын саламаттыгын камсыз кылуу максатында кызматташат, ал толугу менен Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү рыногуна келип түшүп жаткан товарлардын коопсуздугунан көз каранды», – деп кеңешмеде төрагалык кылган, ЕЭКтин Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директору Игорь Гаевский билдирди.


ЕЭКтин Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директорунун орун басары Салия Карымбаева «Кодекс Алиментариус» Комиссиясынын ФАО/БДСУнун Европа боюнча Координациялык комитетинин 31-отурумунун натыйжаларына серепти көрсөттү жана «Кодекс Алиментариус» Комиссиясынын ФАО/БДСУнун комитеттеринин отурумдарында көрсөтүү үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында мүчө мамлекеттердин жалпы позициясын иштеп чыгууну сунуш кылды.


Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа регионалдык бюросунун өкүлү Бахтыгуль Каррыева Евразия экономикалык комиссиясынын жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа регионалдык бюросунун ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттарын белгилеп өттү. Ал ЕЭКтин жана БДСУнун Европа регионалдык бюросунун ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу боюнча даярдыктардын аякташы тууралуу билдирди, анын максаты – саламаттык жана саламаттыкты сактоо маселелеринде көп секторлуу мамилени эске алуу менен, саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүү.


Бирликтин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү инфекциялык эмес оорулардын жайылышын кантип алдын алуу керектиги жөнүндө айтып беришти. Ыкмалардын бири – калктын трансмайларды камтыган тамак-аш азыктарын, тузду, кантты керектөөсүн төмөндөтүү жана алкоголь ичүүсүн жана тамеки тартуусун чектөө. 


Кеңешменин алкагында экономикалык интеграциянын жана саламаттыкты сактоо тутумдарынын ортосундагы өз ара байланыштын контекстинде өзгөчө кызыкчылыкка ээ болгон тармактарда кызматташуу маселелери, ошондой эле коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы милдеттүү талаптарды бузгандык үчүн жоопкерчиликти аныктоонун принциптери жана мамилелери талкууланды.