Sign In
Армения ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесинин мамлекеттик сатып алууларда катышуусу боюнча тоскоолдукту жойду

Армения ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесинин мамлекеттик сатып алууларда катышуусу боюнча тоскоолдукту жойду

17.07.20
 

Евразия экономикалык комиссиясынын чечимин аткаруунун алкагында Армения Республикасы Армениянын Каржы министрлигинин электрондук порталында мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө орус тилиндеги маалыматтын жоктугуна байланыштуу тоскоолдукту жойду. Евразия экономикалык бирлигинин бардык өлкөлөрү аталган тоскоолдук чынында эле жоюлгандыгын тастыкташты.

Буга чейин Беларусь Республикасы жогоруда айтылган порталда тийиштүү маалыматтын орус тилинде жоктугуна байланыштуу Комиссияга кайрылган эле. Бул Бирликтин башка өлкөлөрүнүн ишкерлери үчүн айрым кыйынчылыктарды жараткан. ЕЭКтин Ички рыноктордун иши боюнча департаменти жагдайды изилдеп чыккан, андан кийин ЕЭК Коллегиясы тоскоолдуктун болушу тууралуу Армения Республикасына билдирүү жөнүндө чечим кабыл алган.

ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Гегам Варданян белгилеп өткөндөй, Армения Республикасы, тоскоолдуктардын саны эң аз болуп саналган өлкө катары, аталган тоскоолдукту ыкчам жоюу менен, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесинин мамлекеттик сатып алууларга бирдей жетүүсүн камсыз кылды.

"2020-жылдын башынан тарта Бирликтин өлкөлөрү тарабынан ички рынокто 9 тоскоолдук жоюлду. Бул мүчө мамлекттердин, төрт эркиндик принцибин – товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн кыймылынын эркиндигин негизге алуу менен, ЕАЭБдин ички рыногунун тоскоолдуктарсыз, алып коюуларсыз жана чектөөлөрсүз иштөөсүн камсыз кылууга умтулуусун көрсөтүп турат", – деди Гегам Варданян.